Министр Австриядагы мекендештерди Кыргызстандагы билим берүү тармагына иштөөгө чакырды

  • 12.04.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Австрия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында 11-апрелде ал жакта эмгектенип жүргөн кыргызстандык мекендештер менен жолугушту.

Министр Австриядагы мекендештерди Кыргызстандагы билим берүү тармагына иштөөгө чакырды

Жолугушууда министр чет өлкөдө жашаган мекендештердин балдарын кыргыз тилине окутуу маселесине өзгөчө көңүл буруп, алардын сунуш-пикирлерин укту. Тараптар бул багыттагы кызматташууну күчөтүү боюнча пикир алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр мекендештердин балдарына кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири болгон чүкөнү белек кылды.

Андан соң Мээржан Канатбекова менен жолугушуу өттү. Ал 2024-жылы «Эл үмүтү» президенттик стипендиясынын ээси болуп, учурда Вена техникалык университетинде докторантурада билим алып, кванттык информатика тармагында илимий изилдөө жүргүзүп келет.

Ошондой эле министр Австриядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси, HDI камсыздандыруу компаниясында программист болуп эмгектенген Мээрим Аттокур менен да жолугушту.

Жолугушуунун негизги максаты — чет өлкөдө жүргөн мекендештердин интеллектуалдык дараметин Кыргызстандагы билим берүү системасына тартуу болду.

Министр аларга Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда жана онлайн мектептерде офлайн жана онлайн форматта сабак өтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

Өз кезегинде мекендештер Кыргызстандагы окуучулар үчүн онлайн сабактарды өткөрүүгө жана билим берүү тармагына өз салымын кошууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйынтыгында тараптар бир катар долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти.

Бөлүшүү

Комментарийлер