МИЛЯНФАНДАГЫ ЭНЕ ТИЛ МАЙРАМЫ

  • 20.02.2025
  • 0

МИЛЯНФАНДАГЫ ЭНЕ ТИЛ МАЙРАМЫ

Ысык-Ата районундагы Милянфан айылындагы Мансуз Ванахун атындагы мектепте 21-февралда белгиленүүчү эл аралык эне тил күнүнө карата окуучулар даярдаган маданий иш чара болду.

Таланттуу окуучулар кыргыз, дунган, орус, англис тилдеринде ырларды аткарышып, боордош элдердин бийин бийлешти. Дунган элинин салтындагы кыз узатуу каадасын көрсөткөн чакан сценка коюшту.

МИЛЯНФАНДАГЫ ЭНЕ ТИЛ МАЙРАМЫ

Улуттук жана универсалдык баалуулуктарга тарбиялаган мындай иш чаралар бул мектепте байма-бай өткөрүлүп турат. Бул фактынын өзү дунгандар компакттуу жашаган мектепте окуучуларга берилген эстетикалык жана патриоттук тарбиянын жогору экендигин көрсөтүп турат.

МИЛЯНФАНДАГЫ ЭНЕ ТИЛ МАЙРАМЫ

Мектеп мурда жалаң гана орус тилинде окутуп келген болсо, соңку эки жылдан бери кыргыз класстар ачылууда. Бул өз кезегинде мектеп директорунун жана мугалимдердин мекенди сүйгөн, улуттук баалуулуктарга ширелген кыргыз жаранын калыптандыруу багытында туура жана натыйжалуу иш алып барып жаткандыгынын айкын белгиси.

Эки жыл мурда директор болуп келген Римма Тиллебаева мектептин окуу-материалдык базасын өнүктүрүүгө да абдан көп аракет көрүп жатканын айтты. Мектептин имаратына көп жылдан бери капиталдык ремонт болгон эмес. Ошого карабай, жаңы жетекчи ата-энелердин, башка демөөрчүлөрдүн жардамы менен мектептин ички жасалгасын, кабинеттерди бир сыйра жаңылап чыгыптыр. Бул маанилүү иште Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековдун, жергиликтүү ишкер, Милянфан айылындагы маданий борбордун төрагасы Гадир Вулянчиндин салымы чоң.

МИЛЯНФАНДАГЫ ЭНЕ ТИЛ МАЙРАМЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер