МИХАИЛ ШВЫДКОЙ БМУДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
- 13.09.2023
- 0
Россиянын белгилүү коомдук, саясий кызматкери Михаил Швыдко 13-сентябрда Бишкек мамлекеттик университетинде болуп, эл аралык кызматташтык, маданият, искусство темасында конок лекция окуду. Бул тууралуу окуу жайдын эл аралык мамилелер факультетинин башчысы Токтобек Рыскулов билдирди.
Михаил Швыдко кыргызстандык, ал 1948-жылы 5-сентябрда Кантта төрөлгөн. Убактысынын тардыгына карабай Бишкек мамлекеттик университетине келип, лекция окуп берүүгө макул болду. Ал 2021-жылы 31-августта эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Данакер” ордени менен сыйланган. Андан сырткары Россиянын “Александр Невский”, “Дружба”, “Мекен алдында кызмат кылгандыгы үчүн” ордендери менен сыйланган. Ал Франция, Австрия, Германия, Армения, Украина, Белорусия сыяктуу бир катар мамлекеттердин жогорку сыйлыктарына татыган. Бул анын эң жогорку мамлекеттик ишмер экендигин далилдеп турат.
Ал искусство таануу илиминин доктору, академик, профессор. Окуган лекциясы да эң жогорку деңгээлде болду. Анткени ал М.Горбачевду жакындан тааныган, аны менен иштешкен, Эдуард Шиванадзе, Гейдар Алиев сыяктуу СССРдин бир катар мамлекеттик кызматкерлери менен иштешкен.
Ал Россиянын Борбордук Азиядагы мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан менен болгон эл аралык гуманитардык кызматташтыгы тууралуу айтып берди. Саясатчы Сүйүнбаев Кыргызстанда Американын да, Түркиянын да, Россиянын да жогорку окуу жайлары бар, булар кызматташууга кандай таасирин тийгизет деген суроо бергенде, ал бул жаатта эч кандай тирешүүлөр жок экендигин, кайсы мамлекет билим берүүгө канчалык салымын кошсо, б.а. канчалык имараттарды куруп, шарттарды түзүп бере алса, эл ошого жараша кабыл аларын баса белгиледи.
Андан кийин ал СССРдин кулашы, советтик башчылардын батыштын саясатчылары менен болгон кызматташтыгы, Россиянын атайын кызматынын аткарган иши, жетекчиликтин кетирген кемчиликтери тууралуу айтып, бир катар фактылар менен кызыктуу баян куруп берди.
Комментарийлер