«ИНСТИТУТ ДЕТСТВА» КООМДУК ФОНДУ ТАЛАС ОБЛУСУНДА

  • 28.03.2025
  • 0

Талас облусунда тышкы миграциянын айынан ташталган жана ата-энелеринен ажыраган балдар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу комплекстүү жардам алышууда

«Институт детства» коомдук фонду «Талас облусунда ташталган жана ата-энелеринен ажыраган балдардын кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу» аттуу сегиз айлык долбоорун ийгиликтүү аяктады. Бул долбоор Европалык Союз тарабынан БОМКА 10 программасынын алкагында каржыланып, ата-энесинин миграциясынан жабыркаган балдарды колдоо механизмин жакшыртууга багытталган.

«ИНСТИТУТ ДЕТСТВА» КООМДУК ФОНДУ ТАЛАС ОБЛУСУНДА

Долбоордун алкагында:

  • Манас районунун 23 социалдык педагогдору Талас облустук билим берүү борбору менен биргеликте «Ташталган жана миграциядан жабыркаган балдарды психологиялык-педагогикалык колдоо» курсунан өтүштү. Бул аларга ата-энесинен ажыраган балдарга квалификациялуу жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
  • Талас облусунун социалдык чөйрөдөгү 90 адиси жана Балдар иштери боюнча комиссиянын (Комиссия по делам детей — КДД) мүчөлөрү Автоматташтырылган маалымат системасы (Автоматизированная информационная система для детей в трудной жизненной ситуации — АИС ТЖС) менен иштөө боюнча окутуудан өтүштү. Натыйжада, аялуу балдарды аныктоо жана аларга жардам көрсөтүү эффективдүүлүгү жогорулады.
  • 27 ташталган жана ата-энелеринен ажыраган бала ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу алардын муктаждыктарына жараша кызматтарды алышууда.
  • АИС ТЖС Талас облусунда апробациядан өткөрүлүп, аны улуттук деңгээлде өркүндөтүү жана жайылтуу үчүн негизги жакшыртуулар аныкталды.

«Бул долбоордун жардамы менен биз муктаж болгон балдарды тез арада аныктап, аларга керектүү жардам көрсөтүүгө жетише алабыз. Бул жөн гана технология эмес – бул балдардын турмушундагы реалдуу өзгөрүүлөр. Алар өздөрүн жалгыз сезбей, зарыл болгон колдоого ээ болушат», — деп белгилейт Талас облусунун социалдык педагогдорунун бири.

Долбоор билим берүү системасы менен социалдык коргоо тармагынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү. Мунун натыйжасында балдарга зарыл кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү жогорулады. АИС ТЖСти жакшыртуу боюнча иштелип чыккан сунуштар мамлекеттик органдарга балдарды кыйын кырдаалда колдоо системасын мындан ары өнүктүрүү үчүн өткөрүлүп берилет.

Кошумча маалымат алуу үчүн «Институт детства» коомдук фонду childhood.institute@gmail.com

Фейсбук баракчасы: https://www.facebook.com/share/v/12Kqg4hQs28/?mibextid=wwXIfr

 БОМКА программасы тууралуу   

 Чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасы (БОМКА) Европалык Союз (ЕС) тарабынан каржыланып, Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту, туруктуулукту жана узак мөөнөттүү өнүгүүнү камсыздоого багытталган. Ошондой эле, чек ара кызматташтыгын чыңдоо жана чек ара аймактарында жашаган адамдардын жашоо шарттарын жакшыртуу максатын көздөйт. 2003-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан БОМКА программасы комплекстүү чек ара башкаруу концепциясын колдонуу менен чек ара мекемелеринин кызматташтыгын бекемдөөдө негизги ролду ойнойт. Мындан тышкары, ал чек ара көзөмөлүн эл аралык жана ЕС стандарттарына шайкеш келтирүүгө көмөктөшөт.

Программанын онунчу фазасы Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек ара аймактарында жашаган калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган трансчек аралык кызматташтыкты күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бул жарандык коомдун жана өкмөттүк эмес уюмдардын потенциалын жогорулатуу аркылуу ишке ашырылат. Программа, ошондой эле, адам укуктарын, гендердик теңдикти жана аялуу топторду колдоого басым жасайт. Аталган иш-чаралар Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борбору (ICMPD/МЦРМП) тарабынан ишке ашырылуучу 4-компоненттин алкагында жүзөгө ашырылууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер