МЕЗГИЛ ЗАКЫМДАРЫ

  • 10.04.2023
  • 0

МЕЗГИЛ ЗАКЫМДАРЫ

Редакция: Бишкек шаарындагы №77 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Сабира Өжөрбаева учурунда “Мугалимдер газетасында” кабарчы болуп иштеген. “Кут Билим” гезитинин 70 жылдыгына карата эжей өзүнүн ошол кездеги кызыктуу учурларын жазып берди.

Студенттик жылдарымдын аяккы жылдары. Өндүрүштүк практикага “Мугалимдер газетасына ” бөлүндүк. Адеп барганда эле газетанын кызматкери Нурбүбү Ашымбаева  эжеке күлүп-жайнап, алдыбыздан тосуп алган. Ал учур союз мезгили болсо да, окууну жакшы бүткөнүм менен  жумуш  жагынан кыйналып калдым. Ары уруп, бери уруп, акыры “Мугалимдер газетасында” иштедим. Анын  үстүнө, мурда практикада болгондуктан, мага газетанын кызматкерлери, газетанын өзү жүрөгүмө  жакын болчу.

Айрыкча, газетанын ошол  кездеги  редактору,  жазуучу  Жунай  Мавлянов  агайдын улуу адамгерчилиги, редакциянын кызматкерлерин да бир үй-бүлөнүн  балдарындай тарбиялап, өзүнүн мектебинен өткөргөнү, тактыгы, адамга акырын  сүйлөп, жеткире түшүндүргөн  маданияттуулугу, кыраакылыгы өзүнө төп жарашып турчу. Ооба, кыргыз элине белгилүү, өз  мезгилиндеги замандаштарынын  арасында кадыр-барктуу Жунай агайдын мектебинен  өткөн журналисттердин  көбү азыр да элге чоң кызмат этишүүдө. Алар: акын Калбүбү  Сариева эжеке, Тынчтыкбек Нурмамбетов, Тойчубай Субанбеков, Бектуруш Табалдиев жана башкалар.

Адамдын  өткөн күнү кайрылып келбээрин баарыбыз эле билебиз. Бул жашоо ошонусу менен кызык тура. Кээде түшкү тыныгуу мезгилинде Калбүбү Сариева, Замира Келдибаева  үчөөбүз  редакция жайгашкан Дзержинский бульварын бойлоп басчу  элек. Жүрөгүндө чымыны бар, таланттуу адамдарга  ал жердеги бири-бирине жанаша баскан жаштар, ыр токуп, ыр дүйнөсүнө балкып, ары-бери каалгып басышкан акындар  өзгөчө  таасир берип, ой толготуп, мына ушулардын баары газетанын кызматкерлерине чоң шык жаратчу тура, көрсө.

Баятан бери сөз кылайын дегеним, газетанын ошол учурдагы партиялык турмуш бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Чороев агайыбыз жөнүндө. Агай менин  жолдошумдун айылынан болгондуктан, айбыгып, ишимдин бир жеринде кемчилик болуп калса уялып жазганчу элем. Бир жолу газетанын каттар бөлүмүнүн башчысы Кенжеш Көбөнова  эже эмгек өргүүсүнө чыккандыктан редакцияга  келген каттарды ачып, иреттеп, редакторго кийиргем. Кайра чакырганынан барсам, кайчыны кошо салып коюптурмун. Аябай уялып, кызарып көтөрүп баратсам, Кубан байке: “Эмне болду?” деп сурап калды. Ачыгын айттым. “Жакшы карап алып барбайт белең?” — деп айтканы мен үчүн оор болду.

Кийинчерээк жазгандарымды текшертип жүрдүм. Кубан байкенин журналисттик чеберчилиги жеткиликтүү, ошол кезде эле жогору болчу. Бир да жолу жазгандарынан кайра оңдогонго редактор тарабынан  кайтарылганын көргөн жокмун. Жан дүйнөсү таза, адамга чын жүрөгүнөн мамиле жасаганы менен редакциянын кызматкерлеринин арасында да барктуу болчу. Ак кагаздан көзүн албай, үңүлүп тиктеп, Кыргызстандын туш тарабынан келген каттарды оңдоп-түзөп, газета жанрына ылайыктап, эң сонун макала жаратаар эле.

Ооба, Жунай агайдан кийин редактордун милдетин аткаруучу болуп Эркинбек Үсөнов агай иштеди. Ошол мезгилде жүз берген бир окуя эсиме кылт дей түшкөндө Кубан агайдын адамгерчилигине азырга чейин таң берем. Андан бери бир далай убакыт өткөндүгүнө карабастан, ошол көз ирмемдерим эсимден чыккыс болуп сакталып калды. … Газетанын кезектеги жаңы саны чыгып келген эле. Бул санга жооптуу дежур тажрыйбалуу журналист Кемел Жумаканов болчу. Редакцияда салтка айланган летучка өтүп, анда ошол жаңы саныбыздагы жакшы, дурус делген материалдар белгиленип, газетанын жасалгаланышы, кандай кемчиликтер кетирилген өңдүү ишке байланышкан маселелер козголчу. Бул жолку летучканы Кубан байке алып барды. Башка  күндөргө  караганда ошол күнү  ал мага демейдегиден ойлуудай көрүнгөнсүдү. Кубан байке өзүнө таандык түз, бетке айтаар мүнөзү менен газетанын ар бир бетиндеги материалдардын, сүрөттөрдүн берилишин талдап айтып келип, жакшы материалдарды, авторлорду белгиледи. Кесиптештеринин алгылыктуу иштерине жылуу сөздөрүн  арнады. “Мугалимдер газетасы” дайыма катасыз чыгаарын, бу жагынан башка бардык басылмалардан  жогору тураарын көрсөтүп, үлгү болгонун айтып кетти.

Анткен менен сөзүнүн аягында: “Тилекке каршы, бу жолку санда айрым мүчүлүштүктөргө, кемчиликтерге жол берилген, мен аларды кайталап айтып майдаланбайын. Бу  жолу дежур болуп тажрыйбалуу кесиптештерибиз иштеди эле, ката кетиришкендиктери өтө өкүнүчтүү. Менин оюмча, бул жаңылыштык алар үчүн сабак болууга тийиш”, — деп чукул эле кыскача   бүтүрүп салды. Колуна кармаган кызыл-тазыл болуп оңдолгон газетаны Эркинбек Үсөнов агайга карматып, өзү ордуна отурду. Кубан байке ал кезде жаш экенине карабастан, партиянын мүчөсү. Бу кишинин пикири менен улуу-кичүү дебей бардык кесиптештери эсептешчү. Кемел агай жер карап эле отуруп калды.

“Кап, катуу айтып салды. Анча-мынча каталар газеталарда кетип эле жүрбөйбү” деп агайымды аяп калдым. Көп убакыт өтпөй  редактордун кабинетинен кайсы бир керектүү  кагазды издеп жатып, Кубан байке талдаган баягы летучкадагы газета кокусунан колума урунду. Карасам, чын эле одоно ката  кеткен экен. Кубан  агайдын улуу адамгерчилигинен кесиптештеринин кетирген катасын жымсалдап жашырып, оркойгон катанын маанисин азайтып, бирок кийин кайра ката кетирбөөгө өзүнүн жумшак сын сөзү менен таасир эткен. Кийин Кемел Жумаканов агайдын да көзү өтүп кетти, бирок Кубан байкени  кичүү  экендигине карабастан сыйлап келгени эсимде.

Кийин кабарчы болуп иштеп турганымда, үй шартыма байланыштуу Бишкек шаарындагы Ленин райондук билим берүү борборуна которулдум. Кубан байке ошол учурда жооптуу катчы болчу. Эмгек китепчемди толтуруп жатып, зор ишеним менен “Эми жакшы мугалим бол!” – деп узаткан.

Ооба, азыр андан бери 30 жылдан ашык убакыт өтүп, мезгил алдыга закымдады. Газетанын күчтүү журналисттери, макаламдын башында сөз кылган Ашымбаева Нурбүбү эжекенин, Эркинбек Үсөновдун, Кемел Жумакановдун, эки жыл мурда көзү өткөн Кубан Чороевдин газетанын барк-баасын көтөрүп, маанилүү материалдарды иштеп, жазышканын кесиптештери унутушпайт.

Азыр жыйынтык чыгарсам, ошол кездеги “Мугалимдер газетасына” жарыяланган алдыңкы иш тажрыйбалар кандайдыр бир  деңгээлде менин педагогдук ишиме да зор таасир берди  деп ойлойм.

Сабира ӨЖӨРБАЕВА,        КРнын эмгек сиңирген мугалими. Эшенаалы Арабаев атындагы  КМУнун Ардактуу профессору. Бишкек шаарындагы №77 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер