МЕТОДИКАЛЫК СУНУШТАР: МАТЕМАТИКА, ФИЗИКА, АСТРОНОМИЯ, ХИМИЯ, БИОЛОГИЯ, ГЕОГРАФИЯ

  • 19.08.2019
  • 0

МАТЕМАТИКА

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекиген жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде 10-11-класстар үчүн математика боюнча предметтик стандарт (2017-ж.) жана окуу программасы түзүлгөнАзыркы күндө алардын окуу китептери жазылыппилоттук мектептерде сынактан өткөрүлүүдө.

2019-2010-окуу жылында математика предметтерин окутуу өткөн жылында эле колдонулган окуу программаларынын жана окуу китептеринин негизинде жүргүзүлөт. Тактап айтканда, математика жумасына 4 сааттан окутулат. 7-класста математиканын бир сааты геометрияга берилген.

Учурда окуучулардын жалпы жана предметтик компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу маселеси катуу коюлууда. Компетенттүү окуучуну компетенттүү окутуучу гана окута алат. Ошондуктан мугалимдин кесиптик-технологиялык компетенциясы менен окуучунун өз алдынча билим ала билүү, аны турмуштук көйгөйлөрдү чечүүгө колдоно билүү компетенциясын бирдикте кароо милдети коюлат. Буларды жалпылап айтсак таалим-тарбияга компетенттүү мамиле жасоо деп аталат.

Математика мугалиминин жалпы адистик компетенттүүлүктөрү:

  1. Социалдык-экономикалык, маданий компетенттүүлүк (улуттук тил, адабият (коммуникация), философиялык, социологиялык, маданият таануучулук, саясат таануучулук, дин таануучулук, экономикалык, дене тарбиялык, этикалык, эстетикалык).
  2. Илимий теориялык компетенттүүлүк (математикалык, физикалык, химиялык, биологиялык, астрономиялык, дүйнөнүн илимий сүрөттөлушү, табигый билимдердин философиясы жана тарыхы).
  3. Психологиялык -педагогикалык компетенттүүлүк (жалпы педагогикалык, жалпы психологиялык, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү билим берүү системасы, мектеп, үй-бүлө, коомчулуктун биримдиги, психопедагогикалык илим изилдөө иштери, педагогикалык чеберчилик, мектеп таануу, билим берүүнүн философиясы жана тарыхы),
  4. Кесиптик-технологиялык компетенттүүлүк (предметти терең билүүсү, окутуунун максатын жана милдетин аныктоо, окутуунун мазмунун жана көлөмүн аныктоо, окутуу принциптерин ишке ашыруу, окутуу методдорун тандоо жана колдонуу, каражаттарды тандоо жана колдонуу, окутууга шарт түзө билүү, окуучулардын окуу иштерин уюштуруу, класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруу, окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин, компетенттүүлүктөрүн текшерүү, өз ишин жыйынтыктоо жана баалоо).

Мамлекеттик стандартта окуучулар ээ боло турган негизги компетенттүүлүктөр көрсөтүлгөн, ал эми предметтик стандартта конкреттүү предметтик, башкача айтканда, окуучулардын математика боюнча ала турган компетенттүүлүктөрү иштелип чыккан.

Окуучунун компетенттүүлүгү – алган билимин, окуудан жана жашоодон алган тажрыйбасын, билгичтиктерин реалдуу турмушта пайда болгон көйгөйлүү маселелерди чече билүү жөндөмү.

Окуучулар ээ боло турган жалпы компетенттүүлүктөр:

  • маалыматтык компетенттүүлүк (маалыматты түзүү, сактоо, берүү, мурда түзүлгөн жана керек болгон маалыматты издөө, табуу, кабыл алуу, иштетүү, жыйынтыктоо, сактоо, пайдалануу);
  • социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк (кайсы бир маселелер боюнча билимге ээ болуу, аны колдонуу боюнча өз оюн, көз карашын башкалардын ойлору, көз карашы менен айкалыштыра билүү даярдыгы);
  • өз ишин уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү (окуу жана башка иштердин максатын түшүнүү, ага жараша жасалуучу аракеттерди тандоо, аракеттин удаалаштыгын аныктоо, аракетти аткаруу, максатка жараша милдеттерди коё билүү, аны чечүүнүн оптималдуу жолдорун табуу, маселени чечүү, жыйынтык чыгара билүү).

Математиканы окутуу процессинде калыптандырылуучу предметтик компетенттүүлүктөр:

▶ ээ болгон билимдерин жана билгичтиктерин практикада жана күнүмдүк турмушта пайдалануу;

▶ жөнөкөй математикалык моделдерди куруу жана изилдөө;

▶ статистикалык мүнөздөгү маалыматтардын талдоосу, график, диаграмма түрүндөгү реалдуу сандык көрсөткүчтүктөрдү талдоо.

Математика боюнча бул предметтик компетенттүүлүктөрдүн ар бири өз кезегинде тиешелүү түрдө жогорудагы үч негизги компетенттүүлүктүн калыптанышына салым кошот.

Өзөктүү жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы

Билим берүүдөгү заманбап маселелерин чечүүнүн бирден-бир шарты окуучулардын билим берүүчү өзөктүү компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу болуп эсептелет. Мында негизги ролду математика ойнойт.

Математика окуу предмети катары өзөктүү компетенттүүлүктөрдү калыптандырууда белгилүү каражаттар жана мүмкүнчүлүктөргө ээ. Математика же анын усулдары бар болбогон бир дагы предметти жолуктурууга мүмкүн эмес. Математиканын объектилеринин образдары окуучуларды күнүмдүк турмушта курчап турат. Математика формулаларды жөн гана эстеп калып, аны кайра айтып берүүгө гана эмес, талдоо, колдонгон формулалардын маңызын түшүнүү, маселелерди, теңдемелерди, теңдемелер системаларын чыгаруунун ыкмаларын рационалдаштыруу жөндөмдүүлүгүн калыптандырат.

Өзөктүү компетенттүүлүктөр:

  • Маалыматтык компетенттүүлүк;
  • Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк;
  • Өзүн-өзү уюштуруучулук жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү.

Математика курсун окутуу белгиленген окуу программасынын негизинде жүргүзүлөт. Базистик окуу планында математика сабагын окутууга төмөнкүдөй сааттар бөлүштүрүлөт.

 

классыалгебрагеометрия
1-жарымжылдык2-жарымжылдык1-жарымжылдык2-жарымжылдык
1544
2644
373212
483212
592321
6103212
7112321

Математика сабагын окутууда өзгөчө көнүл бөлүүчү маселе катары жаңы ойломдук идеялардын пайда болуусуна шарт түзүү – бул эң негизги көйгөйлүү маселе деп кароого болот.

Окуучунун өз алдынча ойлоно билүүсү, математикалык маселени жарата алууга шыктануусу чоң суроо талап катары каралат.

Ошол эле мезгилде окуучунун чыгармачылык менен ой жүгүртүүсүн калыптандыруу жана өнүктүрүү негизги максат катары кароо максаттык шарт болуп саналат.

Окуучунун ар түрдүү жаңы математикалык маселелерди алып чыгуусуна өбөлгө болушубуз керек. Андыктан окуучу менен тыгыз байланышта болушубуз зарыл.

Ал эми өз кезегинде окуучу да чыгармачыл кенен ойлоно алган инсан болууга умтулуусу керек. Демек, жаңыны жаратуу үчүн жаңыча ой жүгүртүү керек экендиги талашсыз.

Ар бир окуучунун жеке инсандык сапатына баа берүү, анын илимий жана ошол эле мезгилде турмуштук максатына жараша иш алып барганыбыз да туура болоор эле.

Илимде ар бир окуучуну же адамды жеке уникалдуу деп баалайт эмеспи. Бир окуучу бала үчүн алдыга коюлган тапшырманы өздөштүрүү үчүн жайкы каникулду кошо колдонууга туура келсе, дагы башкасы үчүн бир ай жетиштүү, үчүнчүсү үчүн жарым жыл керек болот. А төртүнчүсү такыр эч бир маалыматты сиңире албайт. Ар бир окуучуну өзүнүн шык-жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүгүнө жараша кандай сабак өтүп, туура тарбиялоо керек?

Быйылкы окуу жылында математика сабагы боюнча 5-6-класстарга жаңы окуу китебинин кириши жана ал окуу китептеринин жетишсиздиги көйгөйлөрдү жаратпай койгон жок.

Былтыркы окуу жылынан бери бул класстарда математиканы окутуу компетенттик мамилеге негизделген стандарттын жаңы предметтери, жаңы окуу программалары жана окуу-методикалык комплекстери боюнча ишке ашырылууда.

Бул учурда окуучулардын билим берүүнүн күтүлгөн жыйынтыгына, о.э. аларды объективдүү жана ыкчам баалоосуна өзгөчө көүл буруу зарыл. Ошентип, 5-11-класстардын «Математика» предмети боюнча билим берүүчү айрым сунуштары катары төмөндөгүлөрдү карасак болот:

  1. Окуучулардын рефлексиялык билгичтиктерин өнүктүрүү – өзүнө “сырттан”, “башка бирөөнүн көзү менен” карай билгичтиги; өзүн-өзү контролдоо жана өзүн-өзү баалоо көндүмдөрүн жакшыртуусу, акырындап объективдүү жана туура өзүн-өзү баалоосуна жакындоосу. Окуучунун жеке жетишкендиктерин биргелешип (мугалим-окуучу, окуучу-башка окуучулар) баалоо методун, анын мүмкүнчүлүктөрүн келечекте колдонуусу.
  2. Математикалык маселелерди чыгарууда атайын ыкмаларды колдонуусу;
  3. Геометриялык объектилерди таанып билүүсү жана баяндоосу, о.э. геометриялык чоңдуктар менен жөнөкөй операцияларды жүргүзүүсү.

Окуучулар жаңы билимдерди өздөштүрүү максатында мугалимдин негизги милдети окуу процессин окуу материалын чыгармачылык менен кабыл алуусун калыптандырылгандай кылып уюштуруу болуп саналат.

Заманбап сабак – бул мугалим окуучунун инсандык касиетин өнүктүрүү үчүн, акылынын активдүү өсүшү үчүн окуучунун өз алдынчалуулугун, ар кандай чыгармачыл иштерди изилдөөсүнө бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп өткөн сабак.

Биздин өлкөдө “өмүр бою билим алуу” милдети коюлган. Ошондуктан, окуучулар билимди өз алдынча изденип алуусу, ар кандай билим тарамдары боюнча алган маалымат менен иштей билүүсү, жаңы көндүмдөргө ээ болуусу, алынган билимдеринен да маанилүү. Анткени алар билим алуу жана алган билимдерин жакшыртуу менен өмүр бою алек болушат.

Математика мугалимдери үчүн талкууга сунушталган маселелер:

  • Сабактын максатын кантип формулировка кылуу керек жана ал максатка жетүүнү камсыздоо;
  • Окуу материалын тандап алуу жана аны дидактикалык багытта иштеп чыгуу;
  • Окутуунун методдорун жана каражаттарын тандап алуу;
  • Өзүңдүн ишмердүүлүгүңдү жана окуучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруу;
  • Бул компоненттердин бардыгынын өз ара байланыштарын уюштуруп белгилүү илимий системасына жана баалуулук ориентациясына кантип жеткирүү керек.

Баетов А.К., ф-м.и.к. т; 0772 72-51-22

 

ФИЗИКА ЖАНА АСТРОНОМИЯ

 

2019-жылдагы мугалимдердин август кеңешмелеринин темасы “Кыргызстандын билим берүү мейкиндигин аймактардын талаптарына жана санариптештирүүнүн милдеттерине жараша өнүктүрүү” деп аталат. Бул маселени талкуулоого карата өзүнчө жалпы сунуштар берилет. Анда кайсы гана аймакта болбосун билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана бирдейлиги; билим берүүнүн мазмунунун колдонмолук маселелерин аныктоодо аймактардын өзгөчөлүгүн эске алуу; мугалимдердин контингентин түзүүдө алардын өз предметин жана аны окутуунун методикасын билгенине гана эмес берилген аймактын өзгөчөлүгүн билгендигине көнүл буруу; окуучулардын практикалык компетенцияларын калыптандыруу максатында жергиликүү материалдарды колдонуу (мисалы, шамалдын, суунун, күндүн энергияларын пайдалануу); окуучуларды патриоттук жана интернационалдык духта тарбиялоо үчүн ошол аймакта жашаган элдердин материалдык жана моралдык баалуулуктарын эске алуу; өлкөнү жана аталган аймакты санариптештирүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик программанын негизинде компьютердик жана маалыматтык технологияларды жемиштүү пайдалануу ж.б.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекиген жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик стандартынын (21-июль, 2014-ж., Токтом №403) негизинде 7-9-класстар үчүн физика боюнча предметтик стандарт жана окуу программасы түзүлгөн. Азыркы күндө алардын окуу-методикалык комплекстери иштелип чыгууда.

2019-2020-окуу жылында физика жана астрономия предметтери базалык окуу планынын негизинде, азыр колдонулуп жүргөн окуу китептери менен окутулат.

Учурда окуучулардын жалпы жана предметтик компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу маселеси курч коюлууда. Компетенттүү окуучуну компотенттүү мугалим гана даярдай алат. Ошондуктан мугалимдин кесиптик-технологиялык компетенциясы менен окуучунун өз алдынча билим ала билүү, аны турмуштук көйгөйлөрдү чечүүгө колдоно билүү компетенциясын бирдикте кароо милдети коюлат. Буларды жалпылап айтсак таалим-тарбияга компетенттүү мамиле жасоо деп аталат. Бул мамилени ишке ашыруу үчүн методикалык секцияларда физика мугалиминин жалпы жана кесиптик компетенцияларын окуучулардын жалпы жана предметтик компетенциялары менен байланышта кароо, аларды талкуулоо милдети коюлат. Мугалимге жана окуучуга коюлуучу компетентүүлүктөр бири бири менен тыгыз байланышта жана алар маалыматтык компетентүүлүк, социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк жана өз ишин уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү деп аталат.

Мугалимдердин жана окуучулардын жалпы компетентүүлүктөрүн кандай байланыштыырабыз деген суроо туулат. Аны “Маалыматтык компетенттүүлүктүн” мисалында карап көрөлү. Маалыматтык компетенттүүлүк маалыматтык технологиялар менен байланышта болуп, өзүнө төмөнкү компонеттерди камтыйт: 1) маалыматты түзүү; 2) маалыматты сактоо; 3) маалыматты берүү; 4) маалыматты издөө жана кабыл алуу; 5) маалыматты өздөштүрүү жана кайра иштетүү; 6) иштетилген маалыматтарды билим жана билгечтик түрүндө сактоо; 7) жаңы билимдерди жана билгичтиктерди ар кандай жагдайда кездешүүчү билим алуучулук жана турмуштук маселелерди чечүүгө колдонуу; 8) кабылданган компетенциялардын сапатын текшерүү жана баалоо (өзүн-өзү текшерүү жана өзүн-өзү баалоо); 9) рефлексия, типтүү катааларды табуу; 10) өз аракеттерин коррекциялоо. Маалыматтык компетенттүүлүктүн бул компоненттери мугалимге да окуучуга да таандык болуп эсептелет, бирок алардын максаты жана мазмуну ар башка. Мугалим буларды өз билимин жогорулатуу жана физиканы окутуу үчүн колдонсо, окуучу жаңы физикалык билимдерди, билгичтиктерди алуу үчүн жана аларды практикада пайдалануу үчүн колдонот.

Методикалык секцияларда физика мугалимдеринин кесиптик компетенциялары менен окуучулардын физика боюнча предметтик копметенцияларын айкалыштырып талдоо максатка ылайык келет. Ал үчүн мугалимдердин кесиптик компетентүүлүгүн жана окуучулардын физика боюнча предметтик компетенттүүлүктөрүн келтирели.

Физика мугалимдеринин кесиптик компетенттүүлүктөрү

  1. Социалдык-экономикалык, маданий компетенттүүлүк (улуттук тил, адабият (коммуникация), философиялык, социологиялык, маданият таануучулук, саясат таануучулук, дин таануучулук, экономикалык, дене тарбиялык, этикалык, эстетикалык).
  2. Илимий теориялык компетенттүүлүк (жалпы физикалык, теориялык физика, математикалык, химиялык, биологиялык, астрономиялык, дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшү, табигый билимдердин философиясы жана тарыхы).
  3. Психолого-педагогикалык компетенттүүлүк (жалпы педагогикалык, жалпы психологиялык, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү билим берүү системасы, мектеп, үй-бүлө, коомчулуктун биримдиги, психопедагогикалык илим изилдөө иштери, педагогикалык чеберчилик, мектеп таануу, билим берүүнүн философиясы жана тарыхы).
  4. Кесиптик-технологиялык компетенттүүлүк (окутуунун максатын жана милдетин аныктоо, окутуунун мазмунун жана көлөмүн аныктоо, окутуу принциптерин ишке ашыруу, окутуу методдорун тандоо жана колдонуу, каражаттарды тандоо жана колдонуу, окутууга шарт түзө билүү, окуучулардын окуу иштерин уюштуруу, класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруу, окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин, компетенттүүлүктөрүн текшерүү, өз ишин жыйынтыктоо жана баалоо).

Мугалимдердин мындай компетенттүү-лүктөрү жогорку окуу жайлардан окуган учурда калыптандырылат. Эмгек процессинде өнүгөт. Квалификациясын жогорулатуучу ар кандай курстарга, семинарларга, тренингдерге, конференцияларга катышууда, ошондой эле өз билимин көтөрүүдө өркүндөтүлөт.

Физиканы окутуу процессинде калыптандырылуучу окуучунун предметтик компетенттүүлүктөрү:

  1. физикалык кубулуштарды жана алар менен байланышкан фактыларды таанып-билүү жана илимий суроолорду кое билүү;
  2. физикалык кубулуштарды илимий негизде түшүндүрүү (чечмелөө);
  3. өздөштүрүлгөн жана илимий жактан далилденген физикалык билимдерди пайдалана билүү.

Физика боюнча бул предметтик компетенттүүлүктөрдүн ар бири өз кезегинде тиешелүү түрдө жогорудагы үч жалпы компетенттүүлүктүн калыптанышына салым кошот.

Методикалык секциаларда физика боюнча предметтик стандартта көрсөтүлгөн төмөнкү компонеттерди талкуулоо да өзгөчө мааниге ээ.

Физика предметин окутуунун фундаменталдык ядросу:

  1. Физикалык билимдердин системасы жана анын элементтери (илимий фактылар, түшүнүктөр, закондор, теориялар, изилдөө жана үйрөнүү методдору, билимдерди пайдалануу).
  2. Окуучулардын физикалык компе-тенттүүлүктөргө ээ болуусуна багытталган универсалдуу аракеттер (мугалимдин окутуу технологиялары, окуучулардын билим алуу, колдонуу технологиялары).
  3. Физика боюнча билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн жыйынтыктарын текшерүү жана баалоо.

Физика предметинин мазмундук өзөгү – бул физика предметинин бардык окуу материалдарын жана окуучулар ээ болуучу компетенцияларды айланасына топтоштурууга мүмкүн болгон негизги идеялар жана түшүнүктөр. Стандартта анын 5 түрү белгиленген.

  1. Физика илимин изилдөө методдору жана физиканы окуп-үйрөнүү методдору (байкоо, тажрыйба, эксперимент, теориялык жалпылоо; логикалык методдор – анализ, салыштыруу, синтез, класстарга бөлүү, системалаштыруу).
  2. Материя, анын түрлөрү, түзүлүшү жана касиеттери (нерсе, зат жана талаа, алардын касиеттери. Мисалы, механикада – зат, гравитациялык талаа; молекулалык физикада – молекула, атом; электродинамикада – заряддалган бөлүкчөлөр, электрдик жана магниттик талаа; кванттык физикада – атом, ядро, электрон, протон, нейтрон, фотон жана башка элементардык бөлүкчөлөр окулат).
  3. Кыймыл жана өз ара аракеттешүү (механикада нерселердин кыймылы, нерселердин өз ара аракеттешүүсү; молекулалык физикада молекулалардын кыймылы, молекулалардын өз ара аракеттешүүсү; электродинамикада заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыймылы, ошолордун өз ара аракеттешүүсү; кванттык физикада фотондун кыймылы, элементардык бөлүкчөлөрдүн өз ара жана башка заттар менен өз ара аракеттешүүсү).
  4. Энергия, анын түрлөрү, энергияны алуу жана колдонуу (нерселердин, молекулалардын, заряддалган бөлүкчөлөрдүн, ядролук айлануулардын энергиялары; энергиянын жумуш, жылуулук саны менен байланыштары. Энергиянын бир түрдөн экинчи түргө өтүшү, сакталуусу).
  5. Физикалык билимдерди практикада пайдалануу (физикалык кубулуштардын табияттагы байкалыштары; кыймылдын, күчтүн, кубаттуулуктун, басымдын, энергиянын жашоодогу жана техникадагы, технологиялардагы колдонуштары; билимдердин адамзаттын жашоосун жакшыртуудагы мааниси).

Астрономия предметинин мазмундук өзөгү

  1. Астрономияны окуп-үйрөнүүнүн методдору.
  2. Асман телолорунун табияты, түзүлүшү жана касиеттери.
  3. Асман телолорунун кыймылы жана өз ара аракеттешүүсү.
  4. Жарык булактары, анын түрлөрү жана энергиялары.
  5. Астрономиялык билимдерди колдонуу технологиялары.

Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен 2018-2019-окуу жылы үчүн бекитилген базистик окуу планда 11-класстын Физика жана Астрономия предметтери интеграцияланды жана аларды окутууга жумасына 3 саттан убакыт каралган. Быйылкы жаңы окуу жылында да ушундай болоору күтүлүүдө. Биздин оюбузча физика менен астрономия өз алдынча предмет катары окутулуш керек эле. Бирок окуу планын түзгөндөр эмнеге негиздегени белгисиз. Ошондуктан календардык план түзүүдө мугалимдер айрым темаларды ирилештирип бириктирсе же физика+астрономия интегралдашкан сабактарын өтсө болот, ошондой эле резервдик убакыттарды пайдалана алышат.

Компетенттик негизде физикалык жана астрономиялык билим берүү төмөнкүдөй үч деңгээлден турган билим натыйжаларына жетишүүнү талап кылат:

Биринчи (репродуктивдик) деңгээл окуучулардын берилген үлгүлөр же алгоритм боюнча аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн мүнөздөйт.

Экинчи (продуктивдик) деңгээл окуучулардын жөнөкөй иш-аракеттерди өз алдынча аткара билүүсү, өздөштүрүлгөн алгоритмдерди тааныш эмес кырдаалдарда колдонуу жөндөмү менен мүнөздөлөт.

Үчүнчү (креативдик) деңгээл иш аракетти өз алдынча конструкциялоо жана негиздөө менен татал курамдагы ишмердикти жүзөгө ашырууну түшүндүрөт.

Булардын ичинен окуучулардын креативдик деңгээлге жетишүүсү өзгөчө мааниге ээ. Анткени, окуучулардын чыгармачылык менен креативдик деңгээлде ой жүгүртө билүүсү 3-деңгээлдеги күтүлүүчү натыйжаларга жетишүүсү болуп эсептелет.

Физика менен астрономияны окутууда предметтер аралык байланышты ишке ашыруу өзгөчө мааниге ээ. Предметтер аралык байланыш – бул бирдиктүү окуу процессин жана анын бардык функцияларын ишке ашырууну өркүндөтүүнүн дидактикалык шарты. Предметтерди байланыштырып окутуу үчүн мугалим эмнени, качан байланыштыруу керек экендигин, анын негизинде окуучулардын кандай ишмердүүлүк сапаты калыптанаарын билүүсү зарыл. Окуу процессинде: илимий, фактылар, түшүнүктөр, закондор, теориялар, изилдөө методдору, билимдердин практикадагы колдонулушу байланыштырылат. Убактысы боюнча предметтер: мурда окулгандар менен, бир убакта окулуп жаткандар менен, кийинки окула тургандар менен байланыштырылат. Ал эми окуу аракеттеринин түрлөрү боюнча: репродуктивдүү, изденүүчү, эвристикалык, продуктивдүү, креативдүү байланыштар болуп бөлүнөт. Предмет аралык байланыш программаларда, окуу китебинде, методикалык колдонмодо, мугалимдин тематикалык планында, сабак өткөрүү планында чагылдырылат. Билимдерди байланыштырып, интеграциялап алуу сабак учурунда мугалимдин жетекчилиги менен окуучулар тарабынан ишке ашырылат.

Окуучулардын билим-билгичтиктерин, жалпы жана предметтик компетенцияларынын сапатын текшерүү жана баалоо диагноздоочу, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу формада ишке ашырылууга тийиш.

Адамдардын керектөөлөрүн канааттандыруу жаратылышты пайдалануусуз мүмкүн эмес. Ал эми жаратылышты рационалдуу пайдалануунун жолдору табигый илимдер тарабынан гана изилденет. Мисалы, энергиянын ар кандай түрлөрүн, альтернативдүү энергия булактарын колдонуунун, атмосферадагы парник газдарын азайтуу үчүн аларды сарамжалдуу пайдалануунун жолдорун табигый илимдер, анын ичинде физика илими изилдейт. Ошондуктан физика жана астраномия боюнча билим берүүдө табиятка аяр мамиле жасоого, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну үйрөтүүгө, окуучулардын экологиялык (табиятка борборлошкон) көз караштарын калыптандырууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Анткени, 2018-2040-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жазылгандай, туруктуу өнүгүү дегендин өзү – гармониялуу (туура, бир калыпта, тең салмакта), табиятка зыян келтирбестен, жаратылыш ресурстарынын лимитин эске алуу менен өнүгүү дегенди түшүндүрөт. Ага ылайык, жаратылыш ресурстарын колдонуу, инвестицияларды пайдалануу, илимий-техникалык өнүгүнүү көздөө, инсандын өнүгүшү жана институттук өзгөрүүлөр – баары бири-бирине ыңгайланышып, адамдардын керектөөлөрүн жана умтулууларын канааттандыруу үчүн азыркы жана келечектеги потенциалды бекемдөөгө багытталышы керек.

Демек, физиканы жана астрономияны окутууда атмосферадагы парник газдарын азайтуу, энергиянын калыбына келүүчү түрлөрүн, альтернативдүү энергия булактарын пайдалануу, адамдардын ден соолугун жана коопсуздугун сактоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу менен илимий-техникалык өнүгүүнү камсыздоого байланышкан темаларды жеткиликтүү окуп-үйрөтүүгө өзгөчө басым жасалат. Булар Президент тарабынан белгиленген “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында да өзгөчө мааниге ээ болот. Аны атайын талкуулоо, аймактын өзгөчөлүгүнө жараша педагогикалык, технологиялык, методикалык чечимдерди кабыл алуу зарыл деп эсептейбиз.

Кеңешменин секциясында талкуулоого сунушталган суроолор.

  1. Аймактардын талаптарын жана санариптеш-тирүүнүн милдеттерине жараша билим берүү мейкиндигин түзүү.
  2. Табигый билим берүү областындагы физика жана астрономия предметтеринин орду жана мааниси.
  3. Физика жана астрономия боюнча предметтик стандарт менен окуу программасынын түзүлүшүн, мазмунун талкуулоо. Алар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу.
  4. Педагогикалык теория, педагогикалык технология, практика үчилтигинин биримдигине, өз ара байланышына жана ишке ашыруунун удаалаштыгын үйрөнүү, тажрыйбаларды талдоо.
  5. Окуучулардын өз алдынча изилдөө иштерине, долбоордук иштерге тартуу, илимий конференцияларга, тегерек үстөлдөргө, кружокторго, олимпиадаларга катышууга кызыктыруу. Бул иш-чаралар үчүн окуу планынын мектептик компонентин сааттарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн эске алуу.
  6. Планетанын экологиялык коопсуздугун жана адамзаттын ден соолугун эске алуу менен илимий-техникалык өнүгүүнү камсыздоого байланышкан темаларды сапаттуу окуп-үйрөтүүнүн жолдорун издөө, табуу, пайдалануу.
  7. Физиканы жана астрономияны окутуу процессинде мультимедиялык каражаттарды, жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири колдонуу.
  8. Класстан жана мектептен тышкаркы таалим-тарбия иштерин уюштуруу;

Натыйжада билимдүү, сыр билги, сөз билги, жөн билги, иш билги, кол билги инсандарды калыптандыруу маселелерин талкуулоо.

Даярдаган профессор Мамбетакунов Э.

ХИМИЯ 

Мектептин алдында сабаттуу жана ар тараптан өнүккөн, тарбиялуу адистерди даярдоо боюнча маанилүү маселе турат. Заманбап шартта Кыргызстандын билим берүү мейкиндигиндигинин өнүгүшү аймактардын кардарлыгы жана санариптештирүү милдеттери менен бир контекстте каралып жатканда бул маселени билимди чыгармачыл жана системалуу өздөштүрүү, ошондой эле окуучулардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн калыптандыруучу иш-аракет методдору аркылуу чечүү мүмкүн.

Чыгармачыл ой жүгүртүү типтеринин ичинен маанилүүлөрү – илимий жана абстракттуу ой жүгүртүү – химия предметин илимий билимдердин негизинде окутууда калыптандырылат. Мектептин химия курсу – химия илиминин дидактикалык эквиваленти. Башкача айтканда, окутууну түзүү жана уюштуруу жалпысынан окулуп үйрөнүлүүчү илимдин системасын кайталайт. Окутуунун системасы катары бири- бирине байланыштуу элементтерден турган бирдиктүү дидактикалык билим берүүнү түшүнүүгө болот: Максаттар, предметтик мазмун, окутуунун методдору, окутуунун каражаттары жана окутууну уюштуруунун формалары, өтүлгөн материалды өздөштүрүүнү текшерүү методдору, ошондой эле окутуунун алдына коюлган максаттарга жетүүнү алдын ала аныктоо ыкмалары.

Тарбия берүү менен окутууда жетектөөчү роль, окуучулардын дүйнөгө болгон диалектикалык-материалистик көз караштарын калыптандырууга берилет. Химия курсунун негизинде химиялык фактылардын өз ара диалектикалык байланышын жана бирин бири шарттоосун далилдөөгө, себеп-натыйжалык байланыштарды ачып көрсөтүүгө болот. Мисал катары атомдун түзүлүшү менен элементтердин касиеттеринин, органикалык эмес жана органикалык заттардын, алардын касиеттеринин ортосундагы байланыштарды кароого болот. Эки учурда тең себеп катары түзүлүш, ал эми касиет – натыйжа катары каралат. Булардын бардыгы окуучулардын билимдеринин чындыгы боюнча ишенимдерин бекемдейт.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде 2019-2020-окуу жылында химия предметин базистик план боюнча окутууга 8-11-класстарынын ар бирине жумасына 2 саат бөлүнгөн, жылына ар бир класста 68 саат сабак өтүлүшү керек. Анын ичинен 2-3 саат резервге эсептелиши мүмкүн.

Мектептин химия курсунда – беш негизги теориялык концепция камтылган:

– атом-молекулалык окуу ;

– Д.И. Менделеевдин химиялык элементтердин мезгилдик закону жана мезгилдик системасы, заттардын түзүлүш теориясы;

– электролиттик диссоциация теориясы;

– химиялык реакциялардын башталыш жана жүрүү мыйзам ченемдүүлугү;

– органикалык заттардын учурдагы түзүлүш теориясы.

Биринчи төрт концепция индуктивдик ыкма менен, жекеден жалпыга карай, ал эми органикалык заттардын учурдагы түзүлүш теориясы дедуктивдик ыкма менен жалпыдан жекени карай окутулат. Бул концепциялардын ар бири өз алдынча белгилүү бир чекти көрсөтөт, андан өтүү менен, маанилүү түшүнүктөр сапаттуу өзгөрүүгө дуушар болот, өнүгөт жана өркүндөйт. Ал 1- схемада көрсөтүлгөндөй, теориялар түшүнүктөр аркылуу байланышат.

1- схема. Мектептин химия курсунун түзүлүшү.

МЕТОДИКАЛЫК СУНУШТАР: МАТЕМАТИКА, ФИЗИКА, АСТРОНОМИЯ, ХИМИЯ, БИОЛОГИЯ, ГЕОГРАФИЯ

Негизги химиялык түшүнүктөр: «зат», «химиялык элемент», «химиялык реакция», «химиялык өндүрүш», өз ара байланыштуу. Схемада көрсөтүлгөндөй, «зат» жана “химиялык реакция” жетектөөчү түшүнүктөр болуп саналат. Химиянын ар түрдүү курстарын түзүүдө ушул эки түшүнүк чечүүчү ролду ойнойт.

2-схема. Орто мектептин химия курсундагы маанилүү химиялык түшүнүктөрдүн системасынын өз ара байланышы.

МЕТОДИКАЛЫК СУНУШТАР: МАТЕМАТИКА, ФИЗИКА, АСТРОНОМИЯ, ХИМИЯ, БИОЛОГИЯ, ГЕОГРАФИЯ

Бул түшүнүктөр предметтик стандарттын система түзүүчү блокторуна киргизилген. Предметтик стандарт боюнча окутуу белгилүү убакыттан кийин башталат. Предметтик стандарттын мазмундук тилкелери төмөнкүлөр: «таанып билүү методдору», «заттар», «химиялык реакция», «заттарды жана химиялык реакцияларды колдонуу».

Мугалимдин компетенттүүлүгү – окуучулардын компетенцияларын өнүктүрүүнүн негизи. Компетенттүүлүк – бул жашоо проблемаларын чечүүдөгү инсандын бир бүтүндүккө ээ болгон тажрыйбасы, көптөгөн социалдык чөйрөгө жана социалдык ролдорго таандык түйүндүү кызматтарды аткаруунун өздөштүрүлгөн жолдору. Компетенттүүлүктү адамдын иш-аракетке киришүү өлчөмү катары аныктоого болот. Айрым компетенцияларды бөлүп алууга болот, аларды шарттуу түрдө “иш аракетке жалпы жөндөмдүүлүк” деп аташат.

Анын негизги аспекттери төмөнкүлөр:

– максаттуу болжолдоого даярдыгы;

– баалоого даярдыгы;

– аракеттенүүгө даярдыгы;

– рефлекцияга даярдыгы.

Кесиптик компетенттүлүк адамдын кесиптик талаптарына жооп берген жекече мүнөздөмөсү. Компетенттүүлүк компетенциялардан турат. Түйүндүү, предметтик жана атайын компетенциялар мугалимдин кесипкөйлүгүн түзөт. Компетенциялар – коюлган маселелерди чечүүнү, тоскоолдуктарды жеңүүнү, максатка жетүүнү камсыз кылган конкреттүү стратегиялардан турат. Педагогдун компетенциялары – бул: чектөөлөрдү жана көрсөтмөлөрдү эске алуу менен аракет жасоо жөндөмдүүлүгү; билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр, жөндөмдөр жана ыкмалар; билимди жана билгичтиктерди натыйжалуу колдонуу; баалуулук багыттоолор, мотивдер, мамилелер; тигил же бул областтар боюнча билимдер жана тажрыйбалар; көптөгөн суроолордон кабардар болуу; кесипкөйлүк деңгээл, креативдүүлүк; маселелерди чече билүү сапаттары. Педагогдун кесиптик компетенттүүлүгү анын педагогикалык маселелерди өз алдынча ийгиликтүү чечүүдөгү жеке мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт.

Кесиптик-педагогикалык компетенттүүлүк төмөнкү элементтерди же компетенттүүлүктөрдүн түрлөрүн өз ичине камтыйт:

– окуткан билим тарамы боюнча, атайын жана кесиптик компетенттүүлүгү;

– окуучулардын билимин, билгичтик көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча методикалык компетенттүүлүгү;

– мамилелешүү жаатында социалдык-психологиялык компетенттүүлүгү;

– окуучулардын жөндөмдүүлүгүн мотив-дештирүү жаатындагы дифференцирлик-психологиялык компетенттүүлүгү;

– жеке иш-аракетиндеги жана инсандык татыктуулугу жана кемчиликтер жаатындагы аутопсихологиялык компетенттүүлүгү.

Окуучулардын жети түйүндүү компе-тенттүүлүктөрү аныкталган: окуу билгичтиги, жалпы маданияттуулугу, атуулдугу, ишкердүүлүгү, социалдуулугу, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды окууда жана күндөлүк турмушта колдоно билүүсү, өзүнүн физикалык, социалдык, психикалык, руханий ден соолугун жана башкалалардын ден соолуктарын сактай билүүсү. Өз алдынча окуй билген бала келечекте өз алдынча жана чыгармачылык менен иштейт жана жашайт. Окуучу:

– окуу-таанып билүү иш-аракет максаттарын өзү аныктайт;

– өз иш-аракетин пландаштырат, программалайт;

– максатка жетүү үчүн өз эмгектенүүсүн уюштура алат;

– керектүү билимди, маселелерди чечүү жолдорун табат;

– сенсордук, акылдык же практикалык иш-аракеттерди, ыкмаларды, операцияларды белгилүү иретте аткарат;

– өз иш-аракеттерин аң-сезимдүү кабыл алат жана практикада өркүндөтөт;

– өзүн өзү контролдоо, баалоо билгичтик көндүмдөрүнө ээ.

Предметтик стандарт боюнча окуу китептери даярдалып бүтө элек. Ага бай-ланыштуу Кыргыз Республикасынын мектептеринде химия предмети боюнча предметтик стандартка өткөнгө чейин химия предметин окутуу мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык улантылат.

Окутуунун традициялык методдору менен катар окутуунун технологиялары колдонулат. Химияны окутуу технологиясы – окутуунун өзгөчө түрү болуу менен төмөнкүлөр каралган: так аныктама берилген методикалык ойлор жана пландаштырылган акыркы жыйынтык чагылдырылган; методикалык жактан кайрадан иштелип чыккан химиялык мазмун; окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында мазмунду ишке ашырууга багытталган, алардын кызыгуусу, кардарлыгы эске алынган, инварианттык касиетке ээ болгон, б.а. мугалимдин жеке мүмкүнчүлүгүнөн өтө аз көз каранды болгон, мектептин шартында ийгиликтүү колдонулуучу химияны окутуунун методдорунун жана каражаттарынын системасы. Бул учурда окутууну уюштуруу ийгиликти алып келүү кырдаалын түзүүсү маанилүү; жеткиликтүү так убакыттык режим; аралык жана акыркы натыйжага жетишүүнүн диагностикасы. Мисалы, окутуунун табигый технологиясы (ОТТ) – бул окуу иш-аракетин уюштуруунун жолу. Аны колдонуу окуучулардын мамилелешүүсүн окутуунун табигый каражаты катары колдонууга негизделген, бул учурда мамилелешүү, билим берүү аймагында субьекттердин өз ара байланышуусу жана аракеттери процесси катары каралат, маалыматтар, тажрыйбалар, жөндөмдүүлүк, билгичтик, ошондой эле иш-аракет натыйжалары менен алмашуу жүрөт. Бул технологияда табигый мамилелешүү менен катар жуптук, ортомчулук жана топтук мамилелешүү орун алат. Окутуунун табигый технологиясы окулуп үйрөнүлүүчү материалдарды бир канча ирет кайрадан иштеп чыгууга, ар бир окуучунун жөндөмүүлүгүнө жана мүмкүнчүлүгүнө жараша мүмкүндүк берет, б.а инсанга багытталган окутуунун концепциясын ишке ашыруунун жолдорунун бири болуп саналат.

“Билимди системалуу өздөштүрүү технологиясын” колдонуу жакшы натыйжаларга алып келет. Бул технология эки максатты көздөйт, алардын мугалимдин жана окуучулардын иш-аракеттерине тиешеси бар. Билимди системалуу өздөштүрүү технологиясы окутууга жана билимди өздөштүрүүгө системалуу-структуралык мамилеге негизделген.

Химия предметин окутуунун практикалык багыттуулугун күчөтүү максатында SEA (старттык эксперимент), микроилимий эксперимент методдорун, мультимедиялык китепканада, виртуалдык лабораторияда өз алдынча иштөөнү кенен колдонуу зарыл.

Окутуунун натыйжасын текшерүү – окуу процессинин маанилүү бөлүгү. Анын негизги маселеси окутуунун максаттарынын канчалык деңгээлде ишке ашкандыгын аныктоо. Натыйжаларды текшерүү бардык үч кызматты аткаруу менен билим берүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк мааниге ээ. Билим берүүчүлүк мааниси, окуучунун алган билимдерин жана билгичтиктерин корректировкалоого мүмкүндүк бергендигинде. Окуучуларды үзгүлтүксүз текшерүү, окуучуларды системалуу иштөөгө, алган билимдеринин жана билгичтиктеринин сапаттуулугу боюнча класстын алдында отчет берүүгө, эң жакшы натыйжаларга жетишүүгө умтулууга үйрөтөт. Текшерүүгө коюлган талаптардын эң башкысы – анын системалуулугу. Окутуунун натыйжасын текшерүүнүн мугалим үчүн да мааниси чоң, анткени ал өз окуучуларынын ар бирин билүүгө, окутуу процессин туура жүргүзүүгө жана ата-энелерге өз балдарынын жетишкендиктерин билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Текшерүү мугалимге окуу процессин башкарууга жардам берет. Химия илиминин негиздерин окуп үйрөнүүдө түшүнүктөрдү, закондорду, теорияларды, фактыларды, алардын ортосундагы байланыштарды, ошондой эле теориянын практика менен байланыштарын өздөштүрүүнү текшерүү зарыл. Химиялык символдорду, терминдерди, химиялык экспериментти байкоо, химиялык маселелерди чыгаруу, эксперименттик билгичтиктер да текшерилет.

Жалпы интеллекттик билгичтиктерди – ой жүгүртүү ыкмаларын: анализдөөнү, синтездөөнү, салыштырууну, жалпылоону, конкреттештирүүнү өрчүтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Адабияттарды окуу, оозеки жана жазуу кеби, негизгисин бөлүп алуу билгичтиктери текшерүүгө алынат. Бардык учурда окутууну текшерүүнүн натыйжасы маанилүү критерий – өздөштүрүү деңгээли менен аныкталышы керек.

  1. Окулуп үйрөнүлүп жаткан объектини таануу жана ал жөнүндө айтып берүү (репродуктивдик деңгээл).
  2. Таанып билүү милдеттерин аткаруу жолдорун табуу билгичтиктери мүнөздөлүүчү деңгээл (продуктивдүү денгээл).
  3. Эң жогорку деңгээл – өз алдына милдет коюу билгичтиги жана аны ой жүгүртүү ыкмалары аркылуу чечүү (креативдик деңгээл).

Мугалим текшерүү процессинде өздөштүрүү деңгээли кандай болушу керек экендигин жакшы билиши керек, ага байланыштуу тапшырмаларды кайта айтып берүүгө, же окшош кырдаалда колдонууга, же жаңы кырдаалда колдонууга карата бериши зарыл.

Химия мугалимдеринин август кеңешмесинде талкуулоого сунушталуучу проблемалар:

– жалпы билим берүүчү мектептерде окутуудагы жаңы тенденциялар;

– КР жалпы билим беүүчү мектептеринде “Табигый-илимий билим берүү концепциясы”, “Эл агартуу” журналынын (№3-4, 2014) санында жана Ж.Баласагын атындагы КУУ Жарчысы (2014) жарык көргөн;

– Мектептин окуу-тарбия иштеринде санариптештирүүнү колдонуу;

– химия мугалиминин компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана өнүктүрүү;

– мугалимдин компетенциялары – окуучулардын компетенцияларын калыптандыруунун негизи;

– химия боюнча сабактардын системасын тематикалык пландаштыруу;

– окуучулардын билим жетишкендиктерин текшерип баалоого жаңы мамилелер.

Кособаева Б.М.,
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим

Министрлигинин алдындагы Республикалык

педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын

жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун

Табигый-илимий жана математикалык

билим берүү кафедрасынын башчысы п.и.д., профессор

 

 

БИОЛОГИЯ

2019-2020-окуу жылында Биология предмети КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген, КРнын мектептеринде жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык иштелип чыккан “Биология” боюнча предметтик стандарттын жана окуу программасынын негизинде окутулат. 7-9-класстар үчүн биология боюнча окуу китептери жазылып, пилоттук мектептерде апробацияланууда.

2019-2020-окуу жылында жалпы билим берүүчү мектептерде биоло-гия предметин окутуу иштери 7-11-класстарда өткөн окуу жылындагы колдонулган окуу программасы боюнча жүргүзүлөт.

Ал эми 6-класстын биология предмети боюнча окуу-методикалык комплекси – окуу программасы, окуу китеби, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо, окуучулардын жумушчу дептери түзүлүп, 2018-2019-окуу жылында мектептерге сунушталган (автор.: Субанова М., Ботбаева М., Жамангулова Г.Ү.) боюнча жүргүзүлөт.

«Биология» боюнча предметтик стандарт – бул окуучулардын билим берүү натыйжаларын жана аларга «Биология» предметинин алкагында жетишүү жана өлчөө  ыкмасын жөнгө  салуучу документ.

Биологиялык билим берүүдө , компетенттик мамиленин негизинде (өңүтүндө)  күтүлүүчү натыйжага багыттап, окуучунун өз алдынчалуулугун өнүктүрүү менен предметтик компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу көңүл борборунда турат.

Биологиялык билим ар бир адамдын жаратылышка, коомго, өзүнө-өзү мамиле кылуу маданиятынын өзөгүн түзө т. Ошондой эле табияттын биологиялык мыйзам ченемдүүлүктөрүн өздөштүрүп, аны өзүнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө  пайдаланууда негизги баалуулук катары кызмат кылат. Элдин жашоосун жакшыртууда биология илими зор мааниге ээ, ал жашоону, анын закондорун жана ошол закондорду башкаруунун ыктарын үйрөтөт. Бул илимден окуучулар жашоо процесстеринин материалдык маанисин жана алардын мыйзам ченемдүүлүктөрүн үйрөнөт. Окуучулар жаратылыш закондорунун маңызын талдай билгенде гана, алардын экологиялык сабаттуулугун жана жашоого болгон көз карашын туура калыптандырууга болот. Окуу-тарбиялоо процессин турмуш менен байланыштыруу ишин жүзөгө  ашырууда, мектеп окуучуларга коомдук практикада кеңири пайдалануучу прикладдык мазмундагы (айыл чарбада, медицинада, биотехнологияда, биоэкологияда биологиянын ролу) билимдерди берүүгө  тийиш.

Биологияны окутуунун максаты: Окуучулар жандуу организмдердин жана коомдун, жаратылыштын туруктуу өнүгүшү жана табигый экосистемаларды сактоо жана алардын өз ара аракеттенүүсүнүн ыкмаларынын ар түрдүү системалардын касиеттери жана иштөө принциптери жөнүндө  билимдерин колдонушат. (“Биология” предмети боюнча предметтик стандарты 2-бөлүм, 7-10-бб. 2018-ж.):

Милдеттери: Когнитивдик – окуучу молекулалык, клеткалык, ткандык, организмдик, экосистемалык деңгээлдеги жандуу системалардын түзүлүшүн жана иштөө  принциптерин түшүнөт жана жандуу организмдердин чөйрө  түзүү ролун түшүнөт.

Жүрүм-турумдук – окуучу биологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү ыкмаларын билет жана практикалык ишмердүүлүгүндө  экосистемалардын жана организмдердин иштөө  принциптери, түзүлүшү жөнүндө  билимдерди колдонот.

Баалуулук – окуучу жаратылышты рационалдуу эмес пайдаланууну жагымсыз натыйжаларын алдын алат жана тобокелди түшүнө т, туруктуу өнүгүү, негизги жашоонун образы принциптерин карманат.

Бул максаттарга жетишүү төмөнкү милдеттерди чечүү менен камсыз кылынат:

1) Жаратылыштын жандуу жана жансыз элементтеринин өз ара байланышын түшүнүүгө  негизделген дүйнөнүн бирдиктүү илимий сүрөттөлүшү, адамдын жандуу жаратылыштын эволюциясынын продуктусу, жандуу организмдердин көп түрдүүлүгү, жандуу материянын өнүгүшүнүн жалпы закон ченемдүүлүктөрү жөнүндө  түшүнүктөрдү окуучуларда калыптандыруу;

2) Турмуш-тиричилик, өндүрүштүк жана маданий керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн, ошондой эле адамдын функционалдуу сабаттуулугу үчүн биологиялык билимдердин маанисин, дүйнөнүн азыркы илимий сүрөттөлүшүндө  биологиянын ордун жана ролун окуучулардын түшүнүүсү;

3) Окуучулардын жалпы биологиялык закон ченемдүүлүктөр, мыйзамдар жана теориялар жөнүндө , органикалык дүйнөнүн эволюциясы жана деңгээлдүү уюштурулушу сыяктуу негизги түшүнүктөрдү өздөштүрүүсү;

4) Окуучуларда практикалык турмушта кенири колдонулган ченөөчү приборлорду пайдалануу менен эксперименталдык изилдөөлөр жана лабораториялык иштер, тажрыйбаларды аткаруу, табигый кубулуштарга байкоо жүргүзүү билгичтиктерин калыптандыруу;

5) Окуучуларды гигиеналык тарбиялоо, ден-соолугун сактоо жана акыл-эс, психологиясын өнүктүрүү максатында сергек жашоонун образын калыптандыруу;

6) Ар кандай булактардан алынган биологиялык маалыматка карата жеке көз караштарын калыптандыруу;

7) Позитивдүү, экологиялык ишмердүүлүктү жаратуучу окуучулардын жарандык жоопкерчилигин жана укуктук аңдап-түшүнүүсүн, өз алдынчалуулугун жана демилгелүүлүгүн тарбиялоо;

8) Өлкөнүн муктаждыктарына жана баланын жекече кызыкчылыктарына ылайык кийинки кесиптик ө зүн-өзү аныктоого түрткү берген жекече билим берүү траекториясын түшүнүп тандоо мүмкүнчүлүгү үчүн шарттарды түзүү, өз алдынча билим алуу же билимин улантуу үчүн керектүү билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу;

Окуучунун  компетенттүүлүгү – алган билимин, окуудан жана жашоодон алган тажрыйбасын, билгичтиктерин реалдуу турмушта пайда болгон көйгөйлүү маселелерди чече билүү боюнча интегралдуу жөндөмү.

Биологиядагы предметтик компетенттүүлүк – жеке компетенттүүлүк негизги компетенттүүлүккө  карата, биологиядан алган билимдердин топтомунун жыйынтыгы катары аныкталат.

Предметтик компетенттүүлүк – билим берүүнүн натыйжасы менен тыгыз байланышта: биологияны окутууда «Жандуу объектилерди таануу жана баяндоо» предметтик компетенттүүлүгүн калыптандырууда, 7-класстын окуучусу жаныбарлар боюнча алган билимдерин колдонуп, белгилүү территорияда жашаган жаныбарларды мүнөздөп жазууда, ар кандай типтеги жаныбарлардын сырткы белгилери боюнча айырмалап бөлүп, салыштырат, системалаштырат, мүнөздөп бере алат.

Предметтик компетенттүүлүктө рНегизги компетенттүүлүктө р
1.Жандуу объектилерди таануу жана баяндооМаалыматтык компетенттүүлүк
2.Биологиялык процесстер жана кубулуштарды илимий жактан түшүндүрүүСоциалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк
3.Жаратылыштагы ар түрдүү кө рүнүштө рдү, ө згө рүүлө рдү илимий далилдерди пайдалануу менен чечмелө өӨ з алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү.

Биологияны окутууда сабактарды календардык-тематикалык пландаштырууда окуу материалын окуу программасында көрсөтүлгө н сааттарга ылайыктуу мазмундук тилкелер боюнча бөлүштүрүү зарыл.

Предметтин мазмундук тилкеси – бул предметтин система түзүүчү фундаменталдык өзөгү, анын айланасында бардык окуу материалдар, биологиялык компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга технологиялык багыттар топтоштурулат.

Предметтин фундаменталдык өзөгү өз ара байланышкан жана өз ара толуктоочу элементтерден турат, анда төмөнкүлөр белгиленет:

1. Методологиялык система түзүүчү мүнөзгө  ээ негизги илимий билимдер. 2. Универсалдык окуу аракеттери – бул ар түрдүү предметтик тармактарда окуучулардын кенен багытын ачкан аракеттердин жалпыланган ыкмалары. 3. Биология боюнча окуу программаларынын негизин өздөштүрүү жыйынтыгына баа берүү системасы.  Жогоруда көрсөтүлгөн биологиялык билимдердин системасынын негизинде стандартта 4 мазмундук тилке топтоштурулган:

  1. Организм – биологиялык система катары.
  2. Организмден жогорку системалар.
  3. Органикалык дүйнөнүн көп түрдүүлүгү жана эволюциясы.
  4. Адам жана айлана-чөйрө .
Класстар боюнча сааттардын бө лүнүшү:Жума ичиндеги сааттардын саны:
Биология (Ботаника) – 6-класс2 с.
Биология (Зоология) – 7-класс1 с.
Биология (Адам жана анын ден соо-лугу) – 8-класс2 с.
Тиричиликтин мыйзам ченемдүүлүктө рү – 9-класс 2 с.
Жалпы биология – 10-11-класс 1 с.

Биологияны окутуу процессинде предмет аралык байланыштарды пландаштыруу жана ишке ашырууда алардын көп түрдүүлүгүн эске алуу зарыл. Түшүнүктүк предмет аралык байланышты системалуу ишке ашыруу өзгөчө  маанилүү, анткени дал ошол түшүнүктөрдүн системалары биология сабактарынын мазмунунун түзүлүшүн аныктайт.

Биология сабагында окутуунун натыйжаларын баалоо, окутуунун максаттары (күтүлүүчү натыйжалар), методдору жана формалары менен тыгыз байланыштуу. Баалоонун максаты – окутуунун фактылык натыйжалары күтүлүүчү натыйжалар менен дал келүүсүн аныктоо. Окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн баалоодо мугалим тандалган окутуу усулдары жана формаларына ылайык баалоонун ар түрдүү усулдарын пайдаланат.

Алдын алуу (диагностикалык баалоо– бул окуучунун билимдеринин, билгичтиктеринин, көндүмдөрүнүн жана компетенттүүлүгүнүн алгачкы калыптануу деңгээлин аныктоо. Алдын алуу (диагностикалык) баалоо адатта окуу жылынын башында же теманы алгач үйрө түүдө , бө лүмдүн башында биринчи сабакта жүргүзүлөт жана жылдын аягында окуучулардын күтүлүүчү натыйжага жетишүү прогрессин аныктоого мүмкүндүк берет.

Калыптандыруучу (формативдик) баалоо – бул окуучулардын материалды жеке өздөштүрүү өзгөчөлүгүн жана ийгиликтүүлүгүн аныктоо, ошондой эле күтүлүүчү натыйжага жетиши үчүн окуучуларга сунуштарды иштеп чыгуу. Ө зүнүн формасы боюнча ал киришүү (өтүлүүчү теманын башында) жана күндөлүк (окутуу процессинде) болушу мүмкүн.

Жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо – окуу-чулардын жыйынтыктоочу баасы окутуунун ар бир баскычы үчүн пландаштырылган натыйжаларга окуучунун жетишүү даражасын аныктоо үчүн колдонулуп, күндөлүк, аралык жана жыйынтык баалоодон келип чыгат. Күндөлүк (утурумдук) баалоо теманы сабакта өздөштүрүүдө  жүргүзүлөт.

Жыйынтыктоочу баалоо мектеп календарына (чейрек, жарым жылдык, окуу жылы), окуу-тематикалык планына (темалар боюнча баалоо) ылайык өткөрүлүп, төмөнкү формаларда болот: зачет, текшерүү иш, тандалган тема боюнча реферат, долбоордук иш презентация, слайддарды даярдоо; баа коюу. (“Биология” предмети боюнча предметтик стандарты 3-бө лүм, 33-34-бб. 2018-ж.):

Биологиялык билим берүүдө , компетенттик негизде баалоонун критерийлери төмөнкүдөй үч деңгээлден турган билим натыйжаларына жетишүүнү талап кылат:

Биринчи (репродуктивдик) деңгээл окуучулардын берилген үлгүлө р же алгоритм боюнча аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн мүнөздөйт.

Экинчи (продуктивдик) деңгээл окуучулардын жөнөкөй иш-аракеттерди өз алдынча аткара билүүсү, өздөштүрүлгөн алгоритмдерди тааныш эмес кырдаалдарда колдонуу жөндөмү менен мүнөздөлөт.

Үчүнчү (креативдик) деңгээл иш аракетти өз алдынча конструкциялоо жана негиздөө  менен татаал курамдагы ишмердикти жүзөгө  ашырууну түшүндүрөт.

Булардын ичинен окуучулардын креативдик деңгээлге жетишүүсү өзгөчө  мааниге ээ. Анткени, окуучулардын чыгармачылык менен креативдик деңгээлде ой жүгүртө  билүүсү 3-деңгээлдеги күтүлүүчү натыйжаларга жетишүүсү болуп эсептелет.

Август кеңешмесинин секциясында талкуулоого сунушталган актуалдуу маселелер:

  1. Табигый-илимий билим берүү жаатындагы биология предметинин орду жана мааниси.
  2. Биология боюнча “предметтик стандарт” менен окуу программасынын түзүлүшүн, мазмунун талкуулоо. Компетенттүүлүктүн негизинде сабакты пландаштыруунун өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу.
  3. Окуучулардын өз алдынча изилдөө иштерине, долбоордук иштерге тартуу, илимий конференцияларга, тегерек үстөлдөргө , ийримдерге, демилге көтөрө билүүгө  жана олимпиадаларга катышууга кызыктыруу.
  4. Биология предметин окутуу процессинде мультимедиялык каражаттарды, жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун ролу.
  5. Мектептин биология кабинетинин жана лабораториясынын жабдуу маселелери.
  6. Окуучулардын биологиялык сабаттуулугун жогорулатуу менен экологиялык маданиятын калыптандыруу маселелери.

Кекеева Ч.О.,
КР ББИМнин алдындагы РПККЖ жана КДИнин 
 ТИМББ кафедрасынын ага окутуучусу
т.: 0709146722

 

ГЕОГРАФИЯ

Географиялык билим жалпы орто билим берүү системасында дүйнөнү илимий таанып билүүнүн, жаратылышты, жана географиялык процесстерди, объектилерди, түрдүү аймактардагы, ошондой эле бүткүл дүйнө мамлекеттериндеги коомдун жаратылыш менен өз-ара аракеттенишүүсүн окуп үйрөнүү жана түшүнүү билимдерине таянуунун негизи болуп саналат.

Географиялык билим адамдарды Жердин негизги жаратылыш жана социалдык-экономикалык системаларында жүргөн процесстерди жана кубулуштарды түшүндүрүүгө, конкреттүү территориялардын социалдык-экономикалык, технологиялык жана саясий өнүгүүсүнүн мүнөзүн, алардын материалдык, руханий өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө үйрөтөт. Ал экономиканын натыйжалуулугун жогорулатуу, калктын жашоо сапатын жакшыртуу, айланадагы жаратылыш чөйрөсүн колдоо үчүн зарыл. Географиялык маданият – жалпы адамзаттык маданияттын курамдык бөлүгү.

Географиялык билим тармагы биологиялык, геологиялык, экономикалык, социалдык, саясий жана башка илимдерди өз ичине камтыйт. Ага байланыштуу географияны окутууда комплекстүү-географиялык, тарыхый-маданияттык, экологиялык-экономикалык жана практикалык акценттерин күчөтүү максатка ылайык.

Мектептин география предметинин окуу материалдарынын мазмунун тепчип өтүүчү багыттар төмөнкүлөр:

Биринчиден, гумандаштыруу, ал географияда, башка илимдердегидей эле, адамга жана анын жашоо тиричилигиндеги бардык жактарына жана циклдерине бурулуу менен байланыштуу. Бул учурда “адам-жаратылыш”, “адам-чарба”, “адам-территория”, “адам-айлана-чөйрө” байланыштары биринчи планга чыгат.

Экинчиден, бул социологиялаштыруу, ал өз кезегинде өнүгүүнүн социалдык аспекттерине көңүл бурууну жогорулатууга багытталган гумандаштыруу менен тыгыз байланыштуу.

Үчүнчүдөн, бул экологиялаштыруу, адамды, анын жашаган чөйрөсү, жашоону кайра жаратуу шарттары менен үзгүлтүксүз байланышта карайт.

Төртүнчүдөн, бул окутуунун практикалык багыттуулугу.

Географияны окуп үйрөнүүдөгү эң негизги милдет болуп, окуучулардын өз алдынча карта, статистикалык материалдар менен иштөөнү, өзү жашаган жерге байкоо жүргүзүү, адамды курчаган чөйрөнүн сапатын баалоо билгичтигине ээ болуу.

2019-2020-окуу жылында 7-11-класстарда география предметин окутуу азыркы убакытка чейин колдонулуп келе жаткан окуу программасынын жана окуу китептеринин негизинде улантылат, ал эми 6-класста жаңы предметтик стандарт жана окуу программасы боюнча окутулат.

Окуу процессинде географиялык компетент-түүлүктү калыптандыруу үчүн башкысы, акыркы күтүлүүчү натыйжага багытталган сабактарды пландаштыруу саналат. Сабак акыркы күтүлүүчү натыйжага багытталышы үчүн, мугалим максатты окуучунун позициясында коюушу зарыл. Сабактын максаты – бул окутууда, тарбия берүүдө, өнүктүрүүдө мугалимдин жетекчилигинде алдын ала пландаштырылган күтүлүүчү натыйжа. Максаттар белгилүү темаларды окуп үйрөнүүнүн негизинде аныкталат жана ал өз убагында мазмунду, окутуу методдорун жана сабактын бүт бойдон жүрүшүн иштеп чыгууга чоң таасирин тийгизет. Сабактын максатын тариздөөгө бир нече негизги талаптарды бөлүп көрсөтүүгө болот: 1) сабактын максаты төмөнкүдөй суроолорго жооп бериши керек: “Окуучулар кандай билимдерди өздөштүрүшөт?” – билим берүүчүлүк максат, «Алардын кандай компетенттүүлүктөрү калыптанат?» — практикалык максат жана өнүктүрүү максаты, «Сабактын окуучуларды тарбиялоого жана алардын практикалык иш аракеттерине кошкон салымы кандай?» — тарбия берүүчүлүк максат; 2) максаттар конкреттүү, реалдуу, жетишүүгө боло тургандай, өлчөнө, сабакта толук ишке ашырыла тургандай, башкача айтканда сабакта кайсы компетенциялар калыптаныш керек экендигин көрсөткүдөй таризделиши керек.

Окуу материалын окуп үйрөнүүнү пландаштырууда башка илимдер менен байланыштыруу аныкталат. Предмет аралык байланыш – бул окутуунун принциби, ал көптөгөн окуу предметтеринин окуу материалдарын, алардын түзүлүштөрүн тандоого таасир берүү менен окуучулардын билимдеринин системалуулугун күчөтөт, окутуу методдорун активдештирет, окутуу процессинде компетенттүүлук мамилени ишке ашырууну камсыз кылуу менен окутууну уюштуруунун түрдүү формаларын колдонууга багыт берет.

Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун өзүнүн жогоруда көрсөтүлгөн предметтик стандартка ылайык (3-бөлүм) максаттары, типтери, критериялары жана көрсөткүчтөрү (индикаторлору), методдору жана каражаттары болуусу зарыл. Ал окуучулардын калыптанган географиялык компетенттүүлүктөрүн баалоону пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо учурунда, китептеги текстти окуп, аны жаттап алуу окуучунун географиялык компетенттүүлүгүнүн калыптанышынын көрсөткүчү боло албай тургандыгын белгилеп кетүү керек. Ал үчүн мугалим ар бир сабактын натыйжасын аныктоосу жана аларды иштелип чыккан критериялар боюнча баалоону билиши керек. Баалоонун критерияларын колдонууда, окуу процессинин бардык катышуучулары үчүн ал ачык айкын жана түшүнүктүү болуу менен объективдүү баалоону камсыз кылуусу зарыл.

Окуучулардын географиялык компетент-түүлүктөрүн үч түрдүү: диагностикалык, формативдик жана суммативдик баалону колдонуу сунушталат. Булардын ичинен негизги көңүлдү формативдик баалоого буруу керек. Окуучулардын алгачкы географиялык компетенттүүлүктөрүн аныктоо максатында формативдик баалоо сабактын ар бир этабында өткөрүлөт, ал кырдаалга байланыштуу окутуунун максатын, стратегиясын өзгөртүүгө, окуучулардын кругозору, кызыгуулары, алар жашаган чөйрө жөнүндө элестөөлөрдү калыптандырууга көмөк берет.

Формативдик баалоонун натыйжаларын окутуунун күнүмдүк натыйжаларын жакшыртуу үчүн колдонушат. Диагностикалык баалоо теманы окуп үйрөнүүнүн баштапкы этабында өткөрүлөт. Суммативдик баалоо – окутуунун белгилүү бир этабында (бөлүмдү окуп үйрөнүүнүн аягында, жарым жылдыкта, окуу жылынын аягында) өткөрүлөт жана географиялык компетенттүүлүктөрдүн калыптанышынын көрсөткүчү болуп саналат.

Тигил же бул географиялык компетент-түүлүктөрдүн калыптанышын баалоодо мугалим баалоонун үч деңгээлин: репродуктивдүү (I деңгээл), продуктивдүү (II деңгээл), чыгармачыл (III деңгээл) билүүсү зарыл.

“Аймактардын кардарлыгы жана санариптештирүү контекстинде Кыргызстандын билим берүү мейкиндигин өркүндөтүү” темасындагы мугалимдердин август кеңешмесинде талкуулоо үчүн актуалдуу суроолор:

  1. 2019-2020 окуу жылына карата географияны календардык-тематикалык жана сабактарды пландаштыруу.
  2. Географияны окутуунун заманбап технологиялары.
  3. Предметтик компетентүүлүктү калыптандырууда колдонулуучу окутуунун интерактивдик методдору (география сабагындагы окуучулардын долбоордук жана изилдөөчүлүк иш аракеттери).
  4. Географияны жана Кыргызстандын экологиясын окутуудагы Интернет-ресурстар (статистикалык материалдарды колдонуу менен).
  5. География сабагында мультимедиялык ресурстарды колдонуу.
  6. География сабагында географиялык окуу маалыматтарын түзүү, иштеп чыгуу, колдонуу. (Окуу-методикалык комплекс).
  7. Алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу. Кыргыз Республикасынын региондорунда окутуу тажрыйбалары.

География боюнча сунушталган интернет-ресурстар:

  1. Stat.kg;

— Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы 2017-ж.

— Кыргыз Республикасынын өнөр жайлары. 2013-2017-жж.

— Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы. 2013-2017-жж.

— Кыргыз Республикасынын демографиялык ар жылдыгы. 2013-2017-жж.

— Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөсү. 2013-2017-жж.

Бөлүшүү

Комментарийлер