МЕТОДИКАЛЫК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК —  БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТАТ

  • 17.12.2024
  • 0

Манас районунун Май айылында жайгашкан Кочкорбаев Шабданбек атындагы орто мектебинде “Педагогикалык кызматкерлердин методикалык компетенттүүлүгүн жогорулатуу — бул мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” темасында окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары үчүн облустук семинар өткөрүлдү.

МЕТОДИКАЛЫК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК -  БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТАТ

Маалыматка таянсак, билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун ресурсу катары эффективдүү технологияларды, формаларды жана методдорду колдонуу максатында өткөрүлгөн облустук семинарга Талас билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова, Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы Алина Осмоналиева жана облустун шаар, райондорунан келген окуу бөлүм башчылары, ММКнын өкүлдөрү  катышты.

МЕТОДИКАЛЫК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК -  БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТАТ

— Семинардын жүрүшүндө 2025-жылы өткөрүлүүчү PISA — окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы боюнча окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандырууда мектептин башталгыч классы пайдубал болуп эсептелгендиктен башталгыч класстын мугалимдери ачык сабактарды көрсөтүштү. Жалпылап айтсак, мектептин мугалимдери облустук семинардын катышуучуларына тогуз темада мастер-класс, тогуз темада ачык сабактарды жогорку деңгээлде өтүп беришти жана окуучулар дагы өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Облустук семинардын талкуу бөлүгүндө келген коноктор семинарда ачык сабак өтүп берген мугалимдерге жана жалпы катышуучуларына, мектеп директоруна эң жакшы каалоо-тилектерин, ыраазычылыктарын айтуу менен өздөрүнө эң пайдалуу маалыматтарды ала алышканын бир чекеден айтып өтүштү жана семинар өз максатына жетип “эң жакшы” деп бааланды, — дейт Талас билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова.

МЕТОДИКАЛЫК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК -  БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТАТ

Салтанат Бейшенова өз сөзүндө Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектебинде өткөрүлгөн облустук окуу бөлүм башчыларынын семинары эң жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи, ошондой эле мектептин директору Самара Муратдиновнага жана мектептин жалпы жамаатына облустук семинарды эң жогорку деңгээлде  даярдап өткөрүүдө кошкон салымдары үчүн Талас билим берүү усулдук борборунун «Ыраазычылык каты» менен сыйлады.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер