МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕРГЕ ИШЕНИМ ЗОР

  • 05.04.2022
  • 0

Билим берүү системасынын башкаруусунда бир канча оптимизация жүргүзүлүп жатат. Анын ичинде азыркы методикалык кабинеттер университеттердин алкагында иштейт. Ар бир шаар, райондун методикалык кабинетинде 20-22 предметтин өкүлүнөн турган жетекчиси болот, университеттин завкафедрасы сыяктуу. Ошол райондун же шаардын деңгээлинде мугалимдердин квалификациясынын көтөрүлүшү, билим берүү мазмуну, китеп саясатынын жүрүшү, мугалимдердин методикасын өстүрүү, олимпиадалардын жүрүшү, ачык сабактар, мамлекетте коюлуп жаткан талаптарды аткаруу жагын методикалык кабинет башчысы жетектейт. Методикалык кабинеттин жетекчиси мектепте жана РайОНОдо бир штат менен бекитилет, б.а. мектепте да, методикалык  кабинетте да иштейт.

Стандартты, БУПту, программаны, мектептеги билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо боюнча Билим берүү академиясы  аныктайт, ал эми Республикалык педагогикалык кадрларды кайра даярдоо институту жалпы мугалимдердин квалификациясын көтөрүү боюнча иш алып барат. Бул ишке региондогу вуздар да катышат жана менчик провайдерлер менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт, б.а. менчик мекемелер өз сунушу менен окутуп берем десе, алардын сертификаттары дагы жарактуу болуп эсептелет.

Алмазбек Бейшеналиев: “Беш жылда бир жолу ваучер катары мугалимдин өнүгүүсү үчүн акча белгилеп бөлөбүз, мугалим өз тандоосуна карап, өзүнө муктаж деп эсептеген окуусун окуйт. Андан тышкары бир жылда Эстония мамлекетине 500 мугалимдин квалификациясын жогорулатууга жөнөтөлү деп жатабыз”.

Методикалык борбордун жетекчиси ар бир предмет боюнча райондун мугалимдерин чогултуп алып, жыл ичинде кайсы китеп менен окуй турганын жалпы кеңешип тандоосу керек.

Билим берүү тармагындагы көбөйтүлгөн эмгек акы мугалимдер, техникалык  жана кенже техникалык кызматкерлер менен бирге методикалык кабинет жетекчилерине дагы тиешелүү.

А.Асаналиева «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер