«Менин насаатчым» – мугалимдердин жардамчысы

  • 21.11.2024
  • 0

Бишкек шаарындагы №68 мектеп-гимназиясынын базасында «Менин насаатчым» программасынын алкагында пилоттук мектептердин мугалимдерине байкоо жана кайтарым байланыш жараяндары боюнча окутуу өткөрүлдү.

«Менин насаатчым»  – мугалимдердин жардамчысы

Тренингдин максаты – окутуунун сапатын жогорулатуу, мугалимдер менен насаатчыларды «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» (ББПБЖ) улуттук инструментин мындан ары пилоттоого даярдоо.

“Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” (ББПБЖ) каражаты — сабактын жүрүшүндө мугалимдин да, окуучулардын да окуу чөйрөсүнө жана иш-аракеттерине байкоо салуунун негизинде түзүлгөн окутуу процессин комплекстүү баалоо куралы.

«Менин насаатчым»  – мугалимдердин жардамчысы

Белгилей кетсек, 2024-жылдын май айында 60 пилоттук мектептен тандалып алынган (Бишкек – 20, Сокулук району — 40 мектеп) 180 педагогго байкоо жүргүзүүнү баалоонун объективдүүлүгү үчүн видеокамераларды колдонуу боюнча окутуу жүргүзүлгөн. Ар бир мектептин STEM багытындагы бирден мугалими видеокамераны колдонууну үйрөнгөн. Ошондой эле 60 насаатчы-мугалим ББПБЖ байкоо баракчасын колдонуу менен сабакты баалоо жана рейтингдөө боюнча эки күндүк тренингден өтүшкөн.

Тренинг мугалимдин окутуу сапатын жакшыртуусуна жардам берет.

  • окутууну объективдүү баалоо: сабактарды видеого тартуу эс тутумга же таасирлерге таянбастан, окутуу процессин объективдүү талдоого мүмкүндүк берет. Бул мугалимдин күчтүү жана алсыз жактарын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
  • асаатчылык аркылуу кесиптик өнүгүү: видеону көрүп, кайтарым байланышты жана сунуштарды берген насаатчынын болушу бул мугалимдин кесиптик жактан эффективдүү өсүшүнө өбөлгө түзөт. Тажрыйбалуу насаатчы көнүл буруу керек болгон жагдайларды көрүүгө жардам берет жана аны жакшыртуу боюнча конкреттүү кеңештерди айтат.

 

  • өзүн-өзү анализдөө жана рефлексия: тартылган сабактын видеосун көрүү жана насаатчынын комментарийлерин карап чыгуу мүмкүнчүлүгү. Бул мугалимге өзүнө терең анализ кылууга жана сабактын кайсы элементтерин жакшыртууга болорун түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Рефлексия — окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуудагы үчүн маанилүү элемент.

 

  • жамаат менен талкулоо жана колдоо: насаатчы менен биргелешкен талкуу жүргүзүү этабы мугалимге пикир алмашууга, суроолорду берүүгө жана окутуу практикасын кантип жакшыртуу керектигин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай диалог мугалимге өзгөрүү процессинде колдоо жана ишенимди сезүүгө жардам берет.

 

  • практиканы дайыма жакшыртып туруу: байкоо жана кайтарым байланыш процесси бир нече этаптан турат, бул мугалимге өзгөрүүлөрдү ырааттуу ишке ашырууга жана жыйынтыктарды байкоого мүмкүндүк берет. Практиканын тынымсыз өркүндөтүлүшү окутуунун сапатынын жогорулашына, бул өз кезегинде окуучулардын жакшы натыйжаларына алып келет.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер