“МЕН МУГАЛИМ БОЛГУМ КЕЛЕТ!”

  • 04.11.2020
  • 0

“МЕН МУГАЛИМ БОЛГУМ КЕЛЕТ!”

Кыргызстандын бардык мектептеринин 9-10-11-класстардагы окуучулары үчүн сынак.

Сынактын максаты – окуучулардын көркөм ой жүгүртүү жөндөмүн арттырып, мугалимдик кесипке дилгирлентүү, ошондой эле бул кесиптин коомдогу аброюн жогорулатууга салым кошуу.

Окуучулар дилбаянда мугалимдин ролу жана коомдогу орду тууралуу ой толгоолорун жазышы керек. Бул конкурска ушул кесипти тандабаган окуучулар да катышып, агай, эжейлеринин өзгөчө эмгеги, ар бир адамдын тагдырына тийгизген таасири жөнүндө жазса болот.

 

Сынактын шарттары:

 

Кыргыз, орус же англис тилиндеги дилбаяндын көлөмү 12-өлчөмдөгү Times New Roman ариби менен 2 беттен ашпоого тийиш.

Ар бир дилбаяндын автору өзүнүн аты-жөнүн жана өзү окуган мектеби, жашаган аймагы тууралуу так маалыматты жөнөтүүгө тийиш.

Сынактын калыстары окуучулардын көркөм ой-жүгүртүү жөндөмүнө жана мугалимдик кесиптин коом үчүн өзгөчө маанисин ачып бергенине көңүл бурат.

Сыйлыктар:

Жеңүүчүлөргө диплом жана байгелер ыйгарылат.

Дилбаяндын текстин жана жеке маалыматтарды 2020-жыл, 15-декабрь, саат 23:00гө чейин ушул шилтеме аркылуу киргизүү керек: https://forms.gle/T5tDfP3sjkhgjr2q6

Эгер кандайдыр бир суроолор болсо, бул дарекке жазып, сураш керек: Synak2019@gmail.com

 

Бөлүшүү

Комментарийлер