МЕКТЕПТЕРГЕ 285 630 НУСКАДА ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕБИ БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ
- 27.11.2024
- 0
Республикалык бюджеттин эсебинен 5 түрдүү окуу китептери жарык көрдү. Китептер “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 285 630 нускада басылып чыкты.
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:
— Русский язык, 7-кл. (авторлору: Н.П. Задорожная, Ч.М. Мусаева);
— Русский язык, 8-кл. (авторлору: Н.П. Задорожная, Г.С. Чепекова).
Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:
— Кыргыз тили, 7-кл. (авторлору: А.А. Оморова, П.С. Осмонова, Т.Н. Абылкасымова, А.А. Узекеева);
— Кыргыз тили, 8-кл. (авторлору: А.А. Оморова, Т.И. Ботбаева, Г.К. Эшпаева);
— Русский язык, 7-кл. (авторлору: Л.М. Бреусенко, Т.А. Матохина).
Эске сала кетсек, 2024-жылы республикалык бюджетте билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого 152 млн сом каралган. Бул каражаттын эсебинен 2024-2025-окуу жылына карата 428 960 нускада жаңы окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып чыккан. Мектептерди жаңы окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылы республикалык бюджеттен 90 млн сом кошумча бөлүнгөн.
Комментарийлер