МЕКТЕПТЕРДИН ГИМНАЗИЯ МАКАМЫ ЖОЮЛАТ

  • 14.08.2024
  • 0

Өлкөдө бардык мектептердин гимназия макамы жоюлат жана эң күчтүүлөрүнө бала көп барбаган мектептер филиал катары кошулат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева басма сөз жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, бул, биринчиден, балдарга бирдей шарт түзсө, экинчиден, бирдей билим алуу укугун берет.

Азыркы Билим берүү мыйзамында да гимназия статусу каралаган эмес. Буга чейин Кембридж системасындагы китептерди жеке менчик мектептер гана окуп келсе, мындан ары жалпы мектептердин баары ушул китептер менен окуйт.

— Бишкек шаарынын мэриясынын өтүнүчү боюнча бала кайсы жерде жашаса ошол райондун мектебине гана барсын деген талапты киргизип жатабыз. Бул, биринчиден, балдардын психологиялык, физиологиялык жана коопсуздук маселесин чечет. Мисалы, Дордойдон чыккан бир бала эки саат жол жүрүп №61 мектепке келип окуса, бир күндө төрт сааты жолдо калат экен. Ошондуктан биз ушундай кадамдарга барып жатабыз, — деди министр өз сөзүндө.

Бөлүшүү

Комментарийлер