МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ БОЮНЧА КӨЧҮРҮҮ ЭКЗАМЕНДЕРИ КИРГИЗИЛЕТ
- 17.01.2025
- 0
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна ылайык республиканын жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө кыргыз тили предмети боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү (класстан класска) көчүрүү экзамендери киргизилет.
2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 5-6-класстарынын окуучулары, ал эми 2025-2026-окуу жылынан тартып 7, 8 жана 10-класстарынын окуучулары кыргыз тили предмети боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү (класстан класска) экзамендерин тапшырышат.
Экзамендерди министрликке караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштуруп, өткөрөт.
Комментарийлер