МЕКТЕПТЕРДЕ БАА КОЮУ СИСТЕМАСЫ ӨЗГӨРБӨЙТ

  • 21.08.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында окуучулардын билимин баалоо системасы өзгөрүп,  беш баллдын ордуна 10 баллдык система кирет деп бир катар ЖМКлар тараткан маалымат туура эмес деп расмий билдирди. 

МЕКТЕПТЕРДЕ БАА КОЮУ СИСТЕМАСЫ ӨЗГӨРБӨЙТ

Быйылкы окуу жылында окуучулардын билимин баалоо боюнча колдонулуп жаткан 5 баллдык система сакталат. Ошондой эле бул 5 баллдык системаны жакын арада өзгөртүү планы жок.

“10 баллдык баалоо системасы жөнүндөгү маалымат жалган. БИМ 5 баллдык баалоо системасын өзгөртпөйт”, — деп министр Догдургүл Кендирбаева Фейсбуктан расмий билдирди.

Ошондуктан, окуучуларга жана мугалимдерге тынчсызданууга негиз жок.

Жаңылыш маалымат тараткан ЖМКлар аны Кыргыз билим берүү академиясынын расмий сайтындагы 12 жылдык мектепке көчүүнүн концепциясынын долбоорунан алышкан экен.

Кыргыз билим берүү академиясы өз кезегинде шилтеме берилген документ – коомдук талкуу үчүн, б.а. коомчулуктан сын-пикирлерди, сунуштамаларды жана сунуштарды киргизүү үчүн, акыркы иштеп чыгуу процессинде коомчулукка жайгаштырылган Концепциянын ДОЛБООРУ болгон деп түшүндүрмө берди.

«Жайгаштырылган материалдын ар бир барагында “долбоор”деген колонтитул бар. Баалоонун 10 баллдык шкаласы жөнүндө тезис Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдери жана директорлору тарабынан сунушталган жана андан аркы талкуулар үчүн кошумча киргизилген.

Бүгүнкү күндө мектептик билим берүү системасында баалоонун 5 баллдык системасы иштейт. Жакынкы келечекте баалоо масштабы боюнча  башка чечимдерди киргизүү жөнүндө кабыл алынган эмес. Келечекте  канча баллдык система киргизилет деген суроо, илимий-изилдөө талдоолорунун жана дүйнөлүк билим берүү системаларынын ийгиликтүү практикаларынын тажрыйбаларынын негизинде каралат», — деп айтылат КББАнын билдирүүсүндө.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер