МЕКТЕПТЕР ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТ

  • 26.08.2025
  • 0

2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүнгөн. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаңы окуу-методикалык комплекстер (ОУК): окуучу үчүн – окуу китеби жана жумушчу дептер, мугалим үчүн – методикалык колдонмо басылып чыгууда.

МЕКТЕПТЕР ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТБул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Аматов билдирди.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Учкун” Ачык Акционердик коому менен жалпысынан 571,9 млн сомго 3 198 650 нускада окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга контракттарды түздү . 2023-2024-жылдары 1 490 786 нускада окуу китептери даярдалган. Бул сумманын ичинен бүгүнкү күндө “Англис тили” предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 917 570 нускада басылып чыкты. Анын ичинде:3-класстар үчүн – 148 830 нуска, 4-класстар үчүн – 322 350 нуска (анын ичинен 158 700 нускасы Улуу Британиянын элчилигинин финансылык колдоосу менен жарык көрдү), 5-класстар үчүн – 305 010 нуска, 6-класстар үчүн – 299 850 нуска, 7-класстар үчүн – 288 750 нуска, 8-класстар үчүн – 282 050 нуска жана 9-класстар үчүн – 270 730 нуска китеп басмадан жарык көрдү.

МЕКТЕПТЕР ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТОшондой эле 1- 2-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу” предметтери боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 281 080 нускада басылып чыгууда. Анын ичинде:1-класстар үчүн Математика – 295 880 нуска, 2-класстар үчүн Математика – 344 660 нуска, 1-класстар үчүн Табият таануу – 295 880 нуска, 2-класстар үчүн Табият таануу – 344 660 нуска, 5, 7-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу” предметтери боюнча адаптацияланган окуу-методикалык комплекстер, ошондой эле 1-класстар үчүн “Наристе. Алиппе” окуу китеби басууга даярдалууда.

МЕКТЕПТЕР ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТКыргызстан менен Россиянын жумушчу тобу адаптациялаган орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери Россия Федерациясында басылып чыгып, 2025-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын мектептерине жеткирилет.

Ошондой эле өлкөбүздүн агартуу министрлиги “Окуу китеби” онлайн-платформасын да ишке киргизди. Бул платформа окуу китептерин жеткирүү мөөнөттөрүнө карабастан окуу процессин камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана аларга жетүү үчүн бирдиктүү санариптик ресурс болуп саналат. Окуучулардын, ата-энелердин жана мугалимдердин ыңгайлуулугу үчүн “Окуу китеби” платформасы  “Күндөлүк” жана “Санарип Кампа” системалары менен интеграцияланат.

МЕКТЕПТЕР ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТОкуучулар окуу китептерин электрондук түрдө акысыз колдоно алышат, ал эми авторизациядан кийин – офлайн режимде иштөө үчүн аларды жүктөп алышат.

МЕКТЕПТЕР ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТТөлөгөн Аматов белгилегендей, мектеп китепканаларын өнүктүрүү жана окуучуларды заманбап окуу ресурстары менен өз убагында камсыздоо «Окуу китеби» басма үйүнүн ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары жана Кыргызстандын билим берүү системасынын келечегине кошкон салымы болуп саналат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер