АГАЙЛАР, КАЙТКЫЛА МЕКТЕПКЕ, КАЙДЫГЕР БОЛБОГУЛА

  • 25.01.2023
  • 0
АГАЙЛАР, КАЙТКЫЛА МЕКТЕПКЕ, КАЙДЫГЕР БОЛБОГУЛА

Айтматов Адилет, Ноокат районундагы М.Гапаров атындагы жөндөмдүү балдардын жатак гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими 

 

Мектепте иштегениме эки жылдын гана жүзү болду. Аз эле убакыттын ичинде көптөгөн кыйынчылыктарды, сонун күндөрдү башымдан өткөрдүм .Жаңы гана мектепке кадам таштап, жумушумду баштаган күндөрү мектептин түйшүктөрүнө чыдабай, кетким да келди. Бирок, мен да башкаларга окшоп «маянасы аз, кагаз иштери көп, түйшүгү көп»-деп кете берсем туура эместигин түшүндүм. Мектепте агайлардын саны аздыгы мени көп түйшөлттү. Айрым окуучуларым, «Бизге агайлардын айткан сөздөрү таасирдүү»,-десе, кээ бирлери «Агайлардын үнүнө зарбыз»,-деген сөздөрүнө көңүл кош карап коё албасмын.
АГАЙЛАР, КАЙТКЫЛА МЕКТЕПКЕ, КАЙДЫГЕР БОЛБОГУЛА
     «Болоттой тарбия-темирдей тартип»,-деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтпаса керек. Балким мектептерде агайлардын болгондугу тартиптин болуусун камсыздайт. Бүгүнкү коомдо кылмыштардын көптүгү да балким агайлардын мектепте аз болгондугунун кесепетидир. Анткени, бала жаштыгында туура эмес каармандарды кумир тутуп, алардын жашоосу менен жашап, азыркы учурду туура эмес кадамдарга барып жатышат. «Бала көргөнүн жасайт»- деген сөз бар, менин окуучуларым ,»агай сиздей коомго пайдасы тийген, келечекке салымын кошкон инсан болгубуз келет»,-деп жүрөк жылытышат. Мен да окуучуларыма үлгү экенимди сезип күндөн-күнгө өзүмдү түздөйм жана окуучуларымдын жанында ар дайым бактылуу болуп жүрүүгө аракет кылам. Себеби, мугалим болсоң «чарчайсың, кыйналасың»,- деген түшүнүк калтыргым келбейт.
АГАЙЛАР, КАЙТКЫЛА МЕКТЕПКЕ, КАЙДЫГЕР БОЛБОГУЛА
 Учурдан пайдаланып окуу жайды бүтүп, мектептин түйшүгүнө чыдабай, “маянасы аз”-деп башка өлкөгө кеткен, агаларыма, досторума, инилериме суроо жана кайрылуу менен жыйынтыктагым келди. Кантип? Кантип? Кыргыздын келечегин таштап кетесиңер? Кантип көздөрүнөн үмүттүн оту жанган келечек муунду таштап кетесиңер? Кайткыла! Мектептер силерге муктаж!
Келечек силерге муктаж!
Оо, асылдар, ардактуу мугалимдер,
Мекен үчүн салым кошчу бул — берендер.
Атадай камкор болуп сабак өтсө,
Терең билим, акыл менен көңүл бөлсө.
Салабаттуу кадам таштап кирип келген,
Айткылачы агайларды сүйбөйт кимдер?
Бөлүшүү

Комментарийлер