“МЕКТЕПТЕР 2030” УЛУТТУК ФОРУМУ

  • 01.12.2023
  • 0

Бишкекте  “Мектептер 2030” улуттук форуму өтүп жатат.

MSDSP KG Коомдук Фонду “Мектептер 2030” глобалдык программасын ишке ашырууда. “Мектептер 2030” программасы — 2020-жылдан 2030-жылга чейин дүйнөнүн 10 өлкөсүнүн 1000 билим берүү уюмдарынын катышуусу менен ишке ашырылуучу глобалдык он жылдык программа болуп эсептелет. Кыргызстанда бул программага 100 билим берүү мекемеси катышууда.

Программанын максаты — коомдун өнүгүшүнө салым кошуу үчүн балдардын жана жаштардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын калыптандыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жана чечимдерди аныктоого жана жайылтууга көмөктөшүү.

Улуттук форумга программага катышып жаткан 100 билим берүү мекемесинин ичинен 2022-2023 окуу жылында эң мыкты деп табылган 15 мектептин жетекчилери катышууда.

Алардын дизайн-командалары окуучулардын билим жетишкендиктерин жакшыртуу боюнча өздөрүнүн долбоорлорун билим берүү адистерине жана эксперттерге презентациялап көрсөтүп беришти. Презентацияда 2022-2023-окуу жылында “Мектептер 2030” программасынын алкагында пилоттук мектептер тарабынан иштелип чыккан мыкты чечимдер менен бөлүштү.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер