«Мектептер 2030»: климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда мектептин ролу

  • 12.06.2024
  • 0

Учурда Билим берүү жана илим министрлиги Ага Хан фонду менен биргеликте 35 өлкөдөн келген билим берүү тармагында 250дөн ашуун делегаттын башын бириктирген глобалдык форум өткөрүүдө. Форум “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту камсыздоодогу мугалимдердин лидерлиги: планетабыздын туруктуу келечегин куруу үчүн системалык ыкмаларды жана билим берүүнү трансформациялоо” темасына арналган.

Форумдун экинчи күнүндө «Мектептер 2030» программасынын мугалимдери мектепте жана коомдо климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту камсыздоону күчөтүү жаатында окутуу усулдарын кантип жакшыртат, сапаттуу окуу чөйрөлөрү климаттын туруктуулугун жогорулатуудагы салымы, билим берүүдө теңдикти камсыз кылуу маселелердин тегерегинде ой бөлүшүүдө.

"Мектептер 2030": климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда мектептин ролу

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева Кыргызстандын мектептеринде туруктуу өнүгүү маселелерине, анын ичинде жашыл көндүмдөрдү жана климаттын өзгөрүшүнө чоң көңүл бурулат деди.

Ал баяндамасында үч матрёшканы мисал келтирип, биринчи куурчак — бул окуучуларда жана студенттерде өнүктүрүүгө тийиш болгон компетенцияларды жана билим берүүнүн натыйжаларын сүрөттөгөн билим берүү стандарттары. Экинчиси – ар бир предметтин сааттары жөнгө салынган окуу планы. Үчүнчү матрёшка – бул окуу китептери, окуучулар, студенттер колдонгон жалгыз алдыңкы дидактикалык курал. Бул куурчактардын ар бири климаттын өзгөрүшүнө жана туруктуулугуна байланыштуу контекстке ээ экенине токтолду.

"Мектептер 2030": климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда мектептин ролу

“Мугалим сабак өтүп жаткан 45 мүнөттүн ичинде предметтик компетенцияларды түзүүдөн тышкары, климаттык өзгөрүүлөрдү, окуучулардын көндүмдөрүн, анын ичинде илим сабаттуулугун кантип түзүүнү түшүнүшү жана пландаштырышы керек. Балдарга тиш жууп жатканда сууну үнөмдөп, кранды жаап койсо эмне болорун көрсөтүү жетишсиз, балдарга таштандыны терүүдөн кандай пайда алып келерин айтуу да жетишсиз, предмет аралык байланыштарга негизделген системалуу, комплекстүү мамиле куруу кажет. Бул климаттын туруктуулугун камсыз кылууда үй тапшырмасынан баштап ар бир окуу китебинде климатты сактоого басым жасалган чакырыктар болуусу маанилүү”, — деди Назира Дюшеева.

"Мектептер 2030": климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда мектептин ролу

Климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүдө мугалимдердин кесиптик чеберчилигин, ролун, лидерлигин жогорулатуу аркылуу жалпы климатка кам көрүүдө болочок кесиптердин да ролун ойлонууга убакыт келди деп кошумчалады.

Мектепте жана коомдо климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту камсыздоону күчөтүү жаатында окутуу усулдарынын, сапаттуу окуу чөйрөлөрү климаттын туруктуулугун жогорулатуудагы салымын Танзаниядагы Тоангома орто мектебинин мугалими Элли Саид Шамби айтып берди. Ал Ага Хан фондунун билим берүү мекемесинде мугалим болуп көп жылдан бери эмгектенет.

"Мектептер 2030": климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда мектептин ролу

“Алгач мындай глобалдык форум Танзанияда өткөн. Биз негизи климаттын өзгөрүшү боюнча аспап, билим, көндүмдөр менен мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга аракет кылдык. Азыр болсо окуучулардан кадимкидей өзгөрүүлөрдү байкап жатабыз.

Биздин окуу борбордо белгилүү бир тилкеге чакан экотокой жаратып, ичине жыйырма бештен отуз бешке чейинки дарактардын түрүн тиктик. Алардын өсүү процессине балдар менен бирге байкоо жүргүзүп, лабораторияларда изилдеп, алган көндүмдөрдү коомго жайылттык. Ошентип, биз окуучуларга экологияны коргоону чакан токой түзүү аркылуу үйрөттүк. Алар  абдан кызыгып, билимин тереңдетти, көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Мугалимдер окутуу ыкмаларын өз алдынча ойлонуп, жакшыртуунун негизинде мыкты жыйынтыктарга ээ болуп отурабыз. Бул ишти Ага хан сыяктуу жеке уюмдар менен гана эмес, мамлекеттик мектептер менен бирге кылдык”, — деди мугалим.

"Мектептер 2030": климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда мектептин ролу

Климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүдө мугалимдердин кесиптик чеберчилигин, ролун, лидерлигин жогорулатуу аркылуу жалпы климатка кам көрүү бул форумдун негизги темасы.

"Мектептер 2030": климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда мектептин ролу

“Бул тема аймактык, глобалдык чакырыктардын контекстинде абдан маанилүү тема. Биринчи күндүн жыйынтыгы менен мыкты  идеялар пайда болсо, бүгүн тажрыйба алмашуулар болуп жатат. “Мектептер 2030” программасына катышкан мугалимдер климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулук мамиле үчүн комплекстүү окутуу тууралуу ойлору менен бөлүшүүдө”, ­-  деди Назира Жолдошбекова, Ага Хан фондунун Кыргызстандагы өкүлү.

Ал “Мектептер 2030” III глобалдык форуму Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналганын белгилеп, форумга билим берүүнү трансформациялоо жолдорун биргелешип талкуулоо жана табуу үчүн ар түрдүү тармактардагы эксперттер, педагогдор, саясатчылар жана лидерлер чогулганын айтты.

Мугалимдерден эмнени үйрөнө алабыз, мугалимдердин лидерлик сапаты аркылуу климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту кантип камсыздайбыз деген суроого Ага Хан фондунун башкы директору Майкл Кокер жооп берди.

"Мектептер 2030": климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда мектептин ролу

Ал климаттын өзгөрүшү боюнча балдардын эрте курактан тарта биле баштаганы маанилүү. Эң башкы этабы 5 жаш. Жайлоодогу бала бакчаларды уюштуруу аркылуу балдарга климаттын өзгөрүшү тууралуу маалыматтарды жөнөкөйлөштүрүп, алардын кабыл алуусуна ылайык ыкмалар менен түшүндүрүп берүүдө мугалимдин ролу чоң деди.

“Биздин программада үч курак камтылган, ар бир куракка ылайык усул, ыкмаларды иштеп чыгып, климаттын өзгөрүшү боюнча маалымат менен камсыздап берүүбүз зарыл. Биз, эң негизгиси, методикага басым жасайбыз. Ал аркылуу үйрөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатабыз. 10 жылдан кийин биз азыр колдонгон инновациялар өз жемишин берет деп ишенем”, — деген директор мугалимдерге ресурстук жагынан дагы, маалыматтык жагынан дагы жардам берилип жатканын айтты.

"Мектептер 2030": климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда мектептин ролу

Панелдик талкуулардын биринде билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева ар бир балага жеткиликтүү, сапаттуу жана татыктуу билим берүүдө 12 жылдык моделине көчүү тууралуу “Алтын Казык” программасын чет элдик өнөктөштөргө презентация жасады.

Министр программанын багыттары, анын ичинде сапаттуу окуу чөйрөсүн түзүү, өлкөнүн туруктуу келечеги үчүн билим берүү системасын реформалоо, “жашыл көндүмдөргө” окутуу жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, бул үчүн өкмөт мектепке чейинки билим берүүнү камтууну көбөйтүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырып жатканын кошумчалады.

«Мектептер 2030» долбооруна катышкан мугалимдер окутуу процессинде колдонгон усулдардын жана окуучулардын климаттын өзгөрүүсүнөн келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү аракетинде жасаган макеттердин көрсөтмөсү өттү.

"Мектептер 2030": климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда мектептин ролу "Мектептер 2030": климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда мектептин ролу "Мектептер 2030": климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда мектептин ролу

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер