“Мектептер 2030” III глобалдык форум өз ишин жыйынтыктады

  • 13.06.2024
  • 0

“Мектептер 2030” III глобалдык форум өз ишин жыйынтыктады. Министр Догдуркүл Кендирбаева форумду өткөрүү эстафетасын Кенияга тапшырды.

Министр форумдун катышуучуларына жана уюштуруучуларына КР Министрлер Кабинетинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана мугалимдердин атынан терең ыраазычылык айтып, ар бир баланын сапаттуу билим алышы үчүн биргеликте күрөшүүбүз керек деп белгиледи. Ошондой эле министр бул күндөрү жаңы досторду, тилектештерди жана замандаштарды тапкандыгын кошумчалады.

Бүгүнкү панелдик талкууларда дүйнөнүн ар тарабынан келген делегаттар адамзаттын жана планетанын келечеги жаштардын көзү менен, далилдерди практикалык иш-аракеттер менен бекемдөө, жергиликтүү, улуттук жана дүйнөлүк деңгээлде лидерлер менен биргелешип билим берүү системасын кантип өзгөртсө болот деген көйгөйлөрдүн тегерегинде баяндама жасашты.

“Мектептер 2030” III глобалдык форум өз ишин жыйынтыктады

Панелдик талкуулардан сырткары катышуучулар балдар менен биргеликте «Чий куурчак» салттуу оюнчугун жасаганды үйрөнүп, кыргыздын маданияты, салттуу кол өнөрчүлүгү менен таанышты. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын музыкасын, драматургиясын, искусствосун жана маданиятын даңазалаган маданий иш-чарага катышты. Ошондой эле «Мектептер 2030» долбооруна катышкан мугалимдер окутуу процессинде колдонгон усулдардын жана окуучулардын климаттын өзгөрүүсүнөн келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү аракетинде жасаган макеттердин көрсөтмөсүнө күбө болушту.

“Мектептер 2030” III глобалдык форум өз ишин жыйынтыктады

“Мектептер 2030” III глобалдык форум өз ишин жыйынтыктады

Көргөзмөгө келген Нарын шаарындагы №17 “Ынтымак” балдар бакчасынын методисти Тамара Жусубалиева бала бакчадагы балдар үчүн табигый материалдардан жасалган көрсөтмө куралдар менен тааныштырды.

“Мектептер 2030” III глобалдык форум өз ишин жыйынтыктады

«Бул буюмдарды кармап көрүп баланын дүйнө таанымы кеңеет, бардык коммуникациялык, коллобарациялык көндүмдөрү калыптанып, сөз байлыгы, бири-бирине болгон эмпатиясы өрчүйт. Бул көрсөтмө куралдарды 2 жаштан баштап балдарга колдонуп үйрөтөбүз. Мисалы, бул тактайчада кыргыздын улуттук баалуулуктары, касиети сакталган чүкө оюндары көрсөтүлгөн. Чүкөнүн сыртына тартылган кара точкалар, жип, шурулар кошумча математикалык көндүмдөрүн көрсөткөн оюнга кирет. Мында балдардын майда манжаларынын кыймылдары өнүгөт, бул мээнин миллиондогон нейрондору ойготот», — деди Тамара Жусубалиева.

Методист министрлик менен Ага Хан фонду программанын жардамы менен билимин жогорулатып гана тим болбостон, ошол алган билимди балдарга үйрөтүүдө керектүү материалдар менен камсыз кылып жардам көрсөтүшкөнүн кошумчалады.

“Мектептер 2030” III глобалдык форум өз ишин жыйынтыктады “Мектептер 2030” III глобалдык форум өз ишин жыйынтыктады

Биринчи глобалдык форум 2022-жылы Танзанияда өтсө, экинчи глобалдык форум Португалияда болгон. Анын башкы темасы инклюзивдүү билим берүүгө арналган. Ал форумда кийинки кезек Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан эстафетаны Кенияга өткөрүп берди.

“Мектептер 2030” III глобалдык форум өз ишин жыйынтыктады “Мектептер 2030” III глобалдык форум өз ишин жыйынтыктады

2025-жылы “Мектептер 2030” IV глобалдык форум ушул өлкөдө өтөт. Ага бизден Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинде математика жана информатика мугалими Гүлзат Исакова жана Ош облусунун Кара Кулжа районундагы А.Осмонов атындагы орто мектебинин математика мугалими Нурия Абдыракманова Кыргызстандын атынан катышат.

«Мектептер 2030» – бул он өлкөдөгү 1000 билим берүү уюму менен иштеген глобалдык программа. Программа коомдун өнүгүүсүн колдогон балдардын билимин жана көндүмдөрүн калыптандыруудагы мыкты практикаларды жана чечимдерди аныктоого жана жайылтууга көмөктөшөт. Кыргызстанда долбоор Ош, Нарын, Чүй, Баткен облустарындагы жана Бишкек шаарындагы 30 мектепке чейинки жана 70 жалпы билим берүү уюмдары менен иш алып барат.

Эльвира Какиева, Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер