мектепте окубагандарды класстан класска көчүрүшкөн
- 18.12.2024
- 0
Жалал-Абад шаарындагы №3-Ж.Бакиев атындагы орто мектебинин жооптуу кызматкерлери тарабынан мектепте окубаган окуучуларды класстан класска көчүрүү фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Мектепте окубаган, чет өлкөдө жүргөн окуучулардын документтери толтурулуп, класстык журналдарга жалган маалыматтарды киргизгени аныкталган.
Алсак, 2013-жылы туулган С.С. аттуу бала 2019-2023-жылдары Россиянын аймагында жүргөндүгүнө карабастан расмий иш-кагаздарга аны 1-класстан 5-класска чейин аталган мектепте окугандыгын далилдеген жалган маалыматтарды киргизишкен.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык жасалмачылык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Бөлүшүү
Комментарийлер