мектепте окубаган балдарды класстан класска көчүрүү боюнча кимдер кызматынан алынды?

  • 19.12.2024
  • 0

Жалал-Абад шаарында мектепте окубаган балдарды класстан класска көчүрүү боюнча кылмыш иши козголгон. Бул факты боюнча жооптуу кызматкерлер кызматтан алынды. Бул тууралуу Турмуш басылмасына Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Ырысбек Калчаев билдирген.

Маалыматка караганда, окуяга катыштыгы болгон педагогдордун баары жазага тартылат.

«Шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан жумушчу топ түзүлүп, текшерүү иштерин алып баруудабыз. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен толук маалымат берилет. Көзөмөл кызматы айтып чыккан иш боюнча, билим берүү мекемесин ким жетектесе, баары жоопкерчиликке тартылат. Жакында эле аталган мектептин директору өз арызы менен иштен кеткен. Директордун милдетин аткаруучу дайындалган. Бирок бул окуядан кийин, директордун милдетин аткаруучу жана башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы жумуштан бошотулду»,-деди Ырысбек Калчаев.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарындагы №3-Ж.Бакиев атындагы орто мектебинин кызматкерлери тарабынан окубаган, чет өлкөдө жүргөн окуучулардын документтери толтурулуп, класстык журналдарга жалган маалыматтарды киргизгени аныкталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер