МЕКТЕПКЕ ЖАНА БАЛА БАКЧАГА ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК АРКЫЛУУ КАБЫЛ АЛУУ 3 ЖЫЛДА ЖӨНГӨ САЛЫНДЫ

  • 26.01.2024
  • 0

Балдарды бала бакчага электрондук кезек системасы аркылуу кабыл алуу 2018-жылы Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда пилоттук ыкмада киргизилген.

МЕКТЕПКЕ ЖАНА БАЛА БАКЧАГА ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК АРКЫЛУУ КАБЫЛ АЛУУ 3 ЖЫЛДА ЖӨНГӨ САЛЫНДЫ

Бул бала бакчага электрондук кезек системасы 2021-жылы биринчи жолу өлкө боюнча жайылтылган.

2022-жылы Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы жаңы бирдиктүү платформасы болуп иштелип чыгып, анда бала бакчаларга гана кезекке туруу эмес, мамлекеттик жана мунициалдык мектептердин 1-классына электрондук кабыл алуу мүмкүнчүлүгү да камтылган.

Бирдиктүү платформанын артыкчылыгы – баланы бала бакчага жана мектепке орноштуруудагы коррупцияны жоюу менен ата-энелердин үйдөн эле каалаган бала бакчага кезекке тура алышында.

Бала бакчаларга электрондук кезек системасы аркылуу кабыл алуу жыл бою жүргүзүлсө, мектепке 1-класска кабыл алуу жылда март-апрел айларында башталат.

3 жыл мурун республика боюнча жайылтылган система ийгиликтүү ишке ашырылып келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер