МЕКТЕПКЕ КОШУМЧА ОКУУ ИМАРАТ КУРУЛДУ

  • 27.02.2025
  • 0

Бишкек шаарындагы №54 мектепке кошумча окуу имараты курулуп бүттү.

МЕКТЕПКЕ КОШУМЧА ОКУУ ИМАРАТ КУРУЛДУ

Жаңы корпустун жалпы аянты 1610 чарчы метрди түзөт. Эки кабаттуу окуу корпуста заманбап окуу жана лабораториялык класстар, мугалимдер бөлмөсү, ашкана, дарыгердин кабинети, ошондой эле кыздар жана балдар үчүн эмгек кабинеттери каралган.

Бул долбоор 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, тендердик наркы 68 млн сомду түзгөн. Долбоор окуучулар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү менен билим берүү сапатын жакшыртууга өбөлгө болот. Бишкек шаарындагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп эсептелет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер