МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 06.12.2024
  • 0

Мамлекеттик жана муниципалдык  мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Жалпы республика боюнча 506 бош орун бар.

Сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо  2024-жылдын 6-декабрынан башталып, 2024-жылдын 19-декабрына чейин болот.
Каттоо билим берүү уюмунун кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук даректер боюнча кабыл алынат:

[email protected]
[email protected]
[email protected]
[email protected]
[email protected]
[email protected]
[email protected]
[email protected]
[email protected]

Сынактын экинчи этабын (квалификациялык тестирлөө) өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби тууралуу билдирүү, ошондой эле талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин https://ncokoit.kg/ сайтына жарыяланат.
ТИРКЕМЕ – Буйрук 

Кошумча маалымат Департаменттин төмөнкү телефондору аркылуу берилет: 0707 490 001, 0503 610 150, 0550 610 150.

Бөлүшүү

Комментарийлер