МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ: КЕЛЕЧЕККЕ КАМКОРДУК

  • 21.10.2024
  • 0

Мектеп окуучулары үчүн тамактандырууну уюштуруу – бул келечек муундун ден соолугуна болгон мамлекеттин олуттуу салымы. Бул тууралуу Айнура Сүйүндүкова БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлигинин (ББИМ) төрагалыгы алдында өтүп жаткан семинарда билдирди.

МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ: КЕЛЕЧЕККЕ КАМКОРДУК

«Билим берүүнүн натыйжаларын жакшыртууга системалык мамиле (SABER): мектептеги тамактануу» аттуу үч күндүк семинар көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жатат. Ага Кыргыз Республикасынын мектеп тамак-аш программасын жакшыртуу үчүн кызыкдар тараптар катышууда.

Семинардын максаты — SABER инструменти аркылуу мектеп тамагы программасын баалоо, кызыкдар тараптарды бириктирүү жана иш-аракеттердин багытын аныктоо.

Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Айнура Кусеинова катышуучулар топторго бөлүнүп, мектептеги тамактануу программасын ишке ашыруу, башкаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча өкмөттүн потенциалын баалаган инструмент (SABER) менен иштөөнү үйрөнүүдө деп билдирди.

“Балдар үчүн заманбап мектепти куруу, заманбап окуу куралдар менен камсыздоо, сапаттуу билим-тарбия берүү боюнча комплекстүү иш жүргүзүү, ошондой эле мектеп тамак-ашын каржылоо — бул чыгым эмес, бул мамлекеттин келечегин кеңейтүүгө, түптөөгө жана бирдей, инклюзивдүү, туруктуу коомду курууга жумшалган инвестиция. Себеби бүгүнкү балдар — эртеңки өлкөнүн келечегинин куруучулары”, – деди семинарда Айнура Сүйүндуковна.

Адистин айтымында, буга чейин мамлекеттик мектептердеги тамак булочка, чай менен гана чектелсе, 2023-жылдан бери башталгыч класстын окуучуларынын тамагына республикалык бюджеттен күнүнө 14 сомдон бөлүнүп, ысык тамак уюштурулган. Бишкек шаарынын мэриясы бюджетинин эсебинен үстүнө дагы сегиз сом кошуп 22 сомго, Ош шаары болсо жалпы 15 сомго тамак берет.

МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ: КЕЛЕЧЕККЕ КАМКОРДУК

2023-2024-окуу жылында 2 140 мамлекеттик жана муниципалдык мектептин 600 миңге жакын башталгыч класстын окуучулары ысык тамак менен камсыз болду.

Эгерде 2022-2023-окуу жылында мектеп окуучуларынын тамак-ашына республикалык бюджеттен 652 миллион 12 миң 900 сом бөлүнгөн болсо, 2024-жылы республикалык бюджеттен 1495,9 миллион сом каралган.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 920 мектеп, ал эми Мерсико тарабынан 900 мектеп колдоо алат.

Токбаева Айгүл Ленин районунун №118 мектебинде ашпозчу. Ал Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында мектептеги өзгөрүүлөргө кубанып жатканын билдирди.

«Бизде ашканабыз ремонттолуп, жаңы жабдыктар менен камсыз болдук. Витаминделген ундан нан, таттуу токочторду өзүбүз жасаганга шарт түзүлдү. Окуучуларга чай бербейбиз, жумасына төрт жолу ысык тамак, бир жолу компот менен таттуу токоч, сыр беребиз. Балдар тамшанып жейт. Мындай семинарларда квалификациябызды жогорулатып, билгендерибиз менен райондогу ашпозчулар менен бөлүшөбүз», — деди ашпозчу.

Эскерте кетсек, мектептерде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо бекиген. Жобо мектептерде окуучулардын ар түрдүү, толук кандуу жана пайдалуу тамактануусун уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү жана мектеп тамагынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Ага ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) 2025-жылга жана андан кийинки жылдарга жергиликтүү бюджетти түзүүдө мүмкүнчүлүгүнө жараша мектептерде тамактанууну уюштуруу үчүн зарыл шарттарды түзүп, оор турмуштук кырдаалда жашаган окуучулардын тамактануусун колдоого акча каражатын караштырышы керек.

Билим берүү жана илим министрлиги болсо 2025-жылдын аягына чейин мектептеги тамактанууну уюштуруу боюнча кызматкерлеринин квалификациясын системалуу түрдө өркүндөтүп, коомдук тамактануу тармагы боюнча кесиптик билими жок иштеп жаткан кызматкерлерин сертификациялоодон өткөрүшү керек.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер