МЕКТЕП РЕФОРМАСЫНЫН ИЙГИЛИГИНЕ ИШЕНИМ ЗОР

  • 25.04.2022
  • 0

Алдыдагы мектеп реформасы баарынан мурун мектептеги билим берүүнүн мазмунун жаңылоого багытталган. Бул маанилүү ишти Кыргыз билим берүү академиясынын адистери чоң жоопкерчилик менен аткарууга белсенип отурат. Ушуга байланыштуу КББА кызматкерлеринен чукул арада бизди билим берүү жаатында кандай тарыхый өзгөрүүлөр күтүп жатканына кызыгып көрдүк.

Токтобүбү АШЫМБАЕВА, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти:

Мамлекеттик стандартты жаңылап  беришибиз керек

12 жылдык билим берүүгө өтүү — бүгүнкү күндүн эң маанилүу иш-чараларынын бири. Кыргыз билим берүү академиясы министрликтин илим-изилдөө мекемеси катары бул реформаны ишке ашырууда орчундуу милдеттерди аткармакчы. Мисалы биз мамлекеттик стандартты 12 жылдыкка багыттап өзгөртүп, жаңылап беришибиз керек. Ушуга таянып Базистик окуу планын иштеп чыгуу – биздин эң биринчи кадамдарыбыздан болуп эсептелет. Муну биз багыттуу иш катары эсептейбиз. Бүгүнкү күндө Билим берүү министрлиги мамлекеттик стандартты түзүү боюнча жумушчу топту түздү, бул жооптуу иште жумушчу топтун мүчөсү катары биздин илимий кызматкерлердин орду бөтөнчө деп ойлойм. Анткени алардын арасында буга чейин ар кандай билим берүү концепцияларын, мамлекеттик предметтик стандарттарды, базалык окуу планын, окуу программаларын, окуу китептерин түзүүгө активдүү катышып келген мыкты адистер бар. Президентибиз, Билим берүү министри да алдыдагы реформанын эң бир максаттуу багыттарынын бири – окуучулардын окуу жүктөмүн азайтуу экенин өз сөздөрүндө айтып келүүдө. Мисалы жогорку класстарда бизде окуу жүктөмү 1200 сааттан ашып кеткен. Жаңы Базистик окуу планында бул көрсөткүч 800 сааттын тегерегинде болмокчу. Бирок биз бир нерсени туура түшүнүп алганыбыз оң: сааттар кыскарганы менен мугалимдердин айлык маянасы кыскарбайт. Дагы бир жаңылык — мектептер 12 жылдык болгону менен окуучу да, ата-энелер да убакыттан уттурбайт. Экинчиден, мурда башталгыч класстардын мугалимдерине биринчи классты окутуу чындыгында кыйын болчу. Анткени мында тамга тааныбаганы да, бала бакчага барганы да, кошумча курстардан окуп келгени да бар болчу. Мындан ары биринчи класстын окуучулары окууда текши бир деңгээлде болот. Бизди, жалпы коомчулукту, алдыдагы реформанын үзүрү менен келечекте мектепти аяктап жаткан улан менен кыздардын кайсы бир кесиптерге, турмуштук көндүмдөргө ээ болуп чыгышы кубандырбай койбойт. Ошон үчүн 12 жылдык билим берүүгө азыртан зор ишеним артып турабыз.

 

Айнагүл НИЯЗОВА, КББАнын окумуштуу катчысы

Билим берүүнүн мазмунун калыптандыруу – башкы маселе

12 жылдык билим берүү системасындагы эң татаал нерсе – бул мектептеги билим берүүнүн фундаменталдык негиздерин (фундаменталдык өзөгүн) жоготпостон, билим берүүнүн мазмунун калыптандыруу. Фундаменталдык өзөк деген түйүндүү илимий теорияларды жана идеяларды, негизги фактылык материалдарды, окуучулардын функционалдык сабаттуулугунун элементтерин аныктайт. Ошондуктан окуучуларда дүйнөнүн заманбап картинасын түзүү үчүн базистик окуу планында жазылган бир катар окуу предметтери билим берүү багыттарына топтоштурулмакчы.
1-класстын окуучуларын окутууда 480 сааттык «Наристе» программасына кайрылуу керек деп ойлойм, анткени анын ийгилигин биз мектепке чейинки билим берүүнүн практикасында көрө алдык. Ошондой эле болочоктогу предметтик программаларда алты жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык окуу материалдарын киргизүү каралган. Окуу процессин уюштурууда биринчи класстын окуучуларынын жаш курагына ылайык нормаларды жана эрежелерди сактоо да зарыл экенин кошумчалай кетейин.
Ал эми 11-12-класстарда билим берүүнүн негизги максаты окуучулардын кесиптик-техникалык окуу жайда окуусун улантууга, ошондой эле коомдо толук кандуу жашоого жана активдүү болууга зарыл болгон негизги жана предметтик компетенцияларды жетиштүү деңгээлде өздөштүрүүсүн камсыз кылуу болуп саналат. Мектепте профилдик билим берүүнү киргизүүдө бүтүрүүчүлөр профилдик дисциплиналар боюнча предметтик стандарттын алкагында тандалып алынган кесиптерге ылайык билимге жана көндүмгө ээ болууга тийиш.Ошентип биз сөз кылып жаткан профилдик билим берүүнүн мазмуну 11-12-класстардын окуучулары тарабынан сунушталган багыттарга жараша болот.

Сулайман РЫСБАЕВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор

“Нөлөвөй” класстан максаттуу  сабат ачууга 

Мектеп өз бүтүрүүчүсүн экзамендерге же тестирлөөлөргө эмес, эртеӊ коомдо өз ордун табууга, ошол коомдо мүдүрүлбөй жашап кетүүгө даярдашы керек. Бүгүнкү башталып отурган реформа мына ушуга багытталган десек жаӊылышпайм. Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев республикабызда качантан бери чечүүнү талап кылып келаткан мына ушундай маселени чечүүгө билек түрө киришти.
Анткени, бизде мурда мектепке даярдыгы менен келген бала менен даярдыгы жок балдарды кантип бир класста, бир партага отургузуп окутабыз деген көйгөй бар болчу. Эми ошол бир жыл мектептин 1-классына айланып, максаттуу түрдөгү сабат ачуу иши менен коштолуп отурганы абдан туура болду. Ошондуктан, Билим берүү академиясы мурдагы башталгыч 1-4 –класстарынын предметтик стандарттарын толуктап, аны 1-5-класска бириктирип, максаттуу сабат ачуунун бирдиктүү программасын түзүүгө камылга көрмөкчү. Балдар бирдиктүү түрдө сабатын ачып, бирдиктүү түрдө кебин өстүрүп, эне тилин окутуу иши да туура багытта жүрмөкчү. Бул кадам башталгыч мектептин 1-5-класс болуусуна жол ачты. Эми окуучуларды жаш-курагына жараша бир мугалим окутуп, ортонку класстарга жеткирүүсү жакшы натыйжа берери бышык.

Жалпы билимден профилдик билимге

 

12 жылдыкка өтүүнүн экинчи маанилүү зарылчылыгы мектепти бүтүргөн окуучу 11-12-класстарда профилдик багытта билим алып, бир кесипке туруктуу багыт алуу менен турмушка даярдануусуна жол ачары талашсыз.
Ошондуктан, жакын арада жалпы билимден профилдик билим берүүгө өтүү башталса, адегенде, 6-10-класстарда профилдик окууга балдарды жакшылап даярдап, жөндөмү, шыгы кайсы багытта экенин аныктап, ага жакшылап негиз түзүп, 11-12-класстарга келгенде жеткиликтүү профилдик билим бере баштайбыз десек, анда бүгүнтөн баштап Билим берүү академиясы гуманитардык, математикалык жана табигий билимдер багытындагы профилдик программаларды түзүүгө киришүүсү керек.

Сапаттуу окуу китеп — реформанын негизги куралы

Реформа максаттуу түрдө жүргүзүлүүгө багыт алган соӊ, аны алгачкы күндөн эле “аксатып албаш” үчүн сапаттуу окуу китепти жазуу, же тандап алуу- биринчи кезектеги маселе болууга тийиш. Окуу китептерин, албетте, окуучу үчүн куралдар жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмолору коштоосу керек. Бирок, алар бүгүнкү күндөгүдөй, мугалимдер үчүн деп, сабактын “ортозар” иштелмелеринин жыйнактарынан турбастан, илимий-методикалык негизде жазылган методикалык көрсөтмөлөрдү камтуусу зарыл. Ушундай шартта гана мугалимдерге арналган атайын методикалык эмгектер, окуу китептери реформанын негизги куралына айланмакчы.

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер