АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: «МЕКТЕП КИТЕПКАНАЧЫЛАРДЫН МАКАМЫН МУГАЛИМДЕРГЕ ТЕҢЕЙБИЗ»

  • 25.03.2021
  • 0

Мамлекеттин эгемендүүлүк алганына 30 жыл болгонуна карабай, мектеп китепканачыларына жетиштүү деңгээлде көӊүл бурулбай келет. Ошондуктан мектеп китепканачылардын макамын мыйзамдуу түрдө жогорулатуу менен мугалимдерге теӊдөө зарылчылыгы турат, — деп билдирди республикалык китепканачылардын биринчи форумунда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев. Аталган форум бүгүн, 25-мартта “Сейтек” Балдар жана өспүрүмдөр борборунда жана Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өтүүдө.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: "МЕКТЕП КИТЕПКАНАЧЫЛАРДЫН МАКАМЫН МУГАЛИМДЕРГЕ ТЕҢЕЙБИЗ"

Республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын китепканачыларынын биринчи форумуна Кыргызстандагы Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн билим берүү боюнча долбоорунун башкы адиси Маматкалил Разаев, USAID “Окуу керемет!” долбоорунун директору Лиана Гертч ж.б. катышууда.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: "МЕКТЕП КИТЕПКАНАЧЫЛАРДЫН МАКАМЫН МУГАЛИМДЕРГЕ ТЕҢЕЙБИЗ"

Министр ар бир мектеп китепканасын заманбап компьютерлер менен камсыздоого аракеттер жасалып, жаңы форматтагы китептер менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп жаткан айтты.

-Бүгүнкү күндө өлкөбүздө китептерди каттоонун автоматташтырылган системасы өнүгүп жатат. Ал система аркылуу китепкана фондундагы китептердин санын, китептерге болгон керектөөлөр ж.б. маалыматтарды алууга болот. Министрлик ар бир мектеп китепканасын заманбап компьютерлер менен камсыздоого аракеттерди жасоодо. Ошону менен катар системаны санариптештирүү жана мектептерди жаңы форматтагы  китептер менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары мектеп окуучуларын окуу куралдары менен камсыздоо толугу менен чечилиши абзел. Мектеп китепканалары жарык жана ыңгайлуу жерде жайгашып, жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болуусу керек, -деди Алмазбек Бейшеналиев.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: "МЕКТЕП КИТЕПКАНАЧЫЛАРДЫН МАКАМЫН МУГАЛИМДЕРГЕ ТЕҢЕЙБИЗ"

Форумдун жүрүшүндө “БиблиоTech – мектеп китепканачылары үчүн “Жаңы китеп” автоматташтырылган  маалыматтык системасы жана мектеп китепканаларынын ишиндеги инновациялык ыкмалар”, “Мектеп китепканаларын модернизациялоо”, “Санарип доорунда окуу жана китеп”, “Мектеп китепканачыларынын окурмандардын арасындагы окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү”, “Гезит жана журналдар: Заманбап китепкананын милдеттери” ж.б. темаларда баяндамалар жасалат.

Бөлүшүү

Комментарийлер