МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО-2023: ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

  • 09.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынакты өткөрүүнүн күндөрү белгилүү болгондугун маалымдайт.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО-2023: ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү сынакты өткөрүү жөнүндө жарыя министрликтин расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндү түзөт. Тагыраагы, 2023-жылдын 24-мартына чейин.

Документтерди ар бир облус, шаар өзүнө тиешелүү болгон электрондук дарекке жиберет.

[email protected]

[email protected]

[email protected]

[email protected]

[email protected]

[email protected]

[email protected]

[email protected]

Тестирлөө төмөндөгү график боюнча  өткөрүлөт:

2023-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтсө, ушул эле күнү Ош облусу боюнча Ош мамлекеттик университетинде өтөт.

Нарын, Талас, Ысык-Көл облустары боюнча тестирлөө сынагы 2023-жылдын 5-апрелинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт. Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча тестирлөө сынагы ушул эле күнү Ош мамлекеттик университетинде болот.

Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 69, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 67, Баткен облусунда – 27  ваканттык орун бар.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын 6-мартында республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмесин жарыялаган https://edu.gov.kg/posts/1405/.

Бөлүшүү

Комментарийлер