МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖРТГА ЖЕМИШТҮҮ ДАЯРДАГАН ДОЛБООР

  • 05.07.2019
  • 0

МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖРТГА ЖЕМИШТҮҮ ДАЯРДАГАН ДОЛБООР

 27-28-июнда Чок-Тал айылындагы Royal-Beach клуб-отелинде «Ысык-Кєл облусунда билим берїїнї жакшыртуу» долбоорунун алкагында мектеп бїтїрїїчїлєрїнїн Жалпы республикалык тестке даярдоо жыйынтыктарына баа берген тегерек їстєл болуп єттї.

 Жылдан-жылга мааниси арткан ЖРТ жана жергиликтїї долбоор

Жалпы республикалык тестирлєє же кыскача айтканда ЖРТ бїгїн Кыргызстандагы билим берїїнїн айныксыз аксиомасына айланды. Ал миўдеген бїтїрїїчїлєргє ЖОЖдорго коррупциясыз єтїїгє шарт тїзїп, ошол эле учурда мектептердеги билим сапатынын єйдє же тємєнкї деўгээлин колго салгандай кєрсєтїп берїїдє.

«Жєжєнї кїзїндє сана» дегендей, ЖРТ жыйынтыктары жарыяланары менен жогорку балл алган алдыўкы саптагы бїтїрїїчїлєрдїн ысмына удаа аларга билим берген мыкты мектеп, лицей, гимназиялардын аты жалпы элге дайын болуп жїрєт. Тилекке каршы, бизде ушуга чейин борбор шаарыбыздагы №61 физика-математика багытындагы мектеп баш болгон белгилїї сандагы билим берїї мекемелери биринчиликти башкаларга бербей келсе, быйылкы ЖРТда Баткен облусунан 8, Жалал-Абаддан 6, Ош менен Талас облусунан 5тен бїтїрїїчї, Чїй, Нарын жана Ысык-Кєл облусунан 2ден бїтїрїїчї Алтын сертификатка татыктуу болуп, элеттик окуучулардын да билим алуу, илим їйрєнїї дымагы жогору экенин тастыктап койду.

– Айрыкча быйылкы ЖРТ жыйынтыгы балдар-кыздарды айыл жеринде да тест тапшырууга кїн мурунтан тыкыр даярдоого болорун кєрсєттї, — дейт Кумтор Голд Компани ишканасынын каржылык колдоосунда иштеп жаткан «Ысык-Кєл облусунда билим берїїнї жакшыртуу» долбоорунун координатору, «Рисёч энд Диволопмент» коомдук фондунун жетекчиси Эмма Казаринова.

Кыргызстанда алгачкы жолу элеттик окуучулардын ЖРТга даярдыгына кол кабыш кылган бул долбоор Кумтор Голд Компани ишканасынын каржылык колдоосунда иштеп, бир топ мекемелердин, уюмдардын, атап айтсак, Кыргыз Республикасынын Билим берїї жана илим министрлиги, пилоттук мектептер, Балыкчы шаардык, Жети-Єгїз, Тоў райондук билим берїї бєлїмдєрї, Билим берїїдєгї билимдерди жана билим берїї усулдарын баалоо борбору (ЦООМО), «Лингва — англис тил мектеби» коомдук фонду, Борбор Азиядагы Евроазия фонду, Ысык-Кєл облустук билим берїї институту менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашууда.

Былтыр 2017-2018-окуу жылында долбоорго жалпы жонунан 9 мектеп (Балыкчы шаарынан –2, Тоў районунан – 4, Жети-Єгїз районунан – 3 мектеп) катышса, быйылкы 2018-2019-окуу жылында 14 мектеп (Балыкчы шаарынан – 2 мектеп, Тоў, Жети-Єгїз райондорунан – 6дан мектеп, ошондой эле 2 ресурстук борбор) катышты. Мурунку жылдары пилоттук мектептердин баары окутуу кыргыз тилинде жїргїзїлгєн мектептер болушса, быйылкы окуу жылында окутуу эки тилде жїргїзїлгєн мектептерден тєртєє, орус тилдїї мектептен бирєє кошулду.

 Максаттары так, аткарылган иштер айкын экенин байкадык

МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖРТГА ЖЕМИШТҮҮ ДАЯРДАГАН ДОЛБООР

«Ысык-Кєл облусунда билим берїїнї жакшыртуу» долбоору єз алдына: пилоттук мектептердин математика, физика, химия, биология, тарых, англис тили жана кыргыз тили мугалимдеринин педагогикалык чеберчилигин арттыруу; мугалимдер менен окуучулардын заманбап китептерге, окуу-методикалык материалдарга жеткиликтїїлїгїн жогорулатуу; окуучуларда стандартташтырылган тесттерди тапшыруу кєндїмдєрїн жакшыртуу сыяктуу їч максатты коюп, буларды ишке ашырууга пилоттук мектептердин 11-класстарынын 400дєн ашуун бїтїрїїчїсї, 150дєн ашуун пилоттук мектептердин директор, завуч, мугалимдери тартылды.

Долбоор жетекчисинин айтуусунда жыл ичинде пилоттук мектеп мугалимдеринин педагогикалык чеберчилигин арттыруу максатында бир топ иштер аткарылыптыр. Мисалы, 2018-жылдын август айында «Мектеп бїтїрїїчїлєрїн ЖРТга кантип туура даярдоо керек» деген темада пилоттук мектептердин мугалимдери, завучтары, директорлору їчїн 6 кїндїк багыттама тренинг, окутуунун интерактивдїї усулдары боюнча англис тил мугалимдери їчїн 3 кїндїк тренинг, 2019-жылдын январь-февраль айларында 150 мугалим їчїн эки жолу 3 кїндїк, 2019-жылдын мартында бир кїндїк тренинг єткєрїлгєн. Окуучуларда стандартташтырылган тесттерди тапшыруу кєндїмдєрїн жакшыртууну кєздєгєн тренингдер мектеп окуучулары їчїн да байма-бай уюштурулганы белгилїї.

Тегерек їстєлдїн катышуучуларынын жалпы пикиринде долбоорго чейин мектептер айрыкча эне тилиндеги заманбап окуу китептерине, окуу-методикалык материалдарга муктаж болчу. Быйылкы окуу жылында бул багытта да долбоор тарабынан бараандуу иштер аткарылганын айта кетели. Мисалы, 860 даана окуу китептери, мунун 518и окутуу кыргыз тилиндеги, 342си – окутуу орус тилиндеги мектептерге, мугалимдер їчїн 113 аталыштагы 496 даана окуу-усулдук колдонмолор, 16 комплект жабдуулар (компьютерлер, видеопроекторлор, экрандар, Ресурстук борборлор їчїн кошумча 8 компьютер), 14 комплект математикалык топтомдор (сызгыч, циркуль, їч бурчтук,транспортир) пилоттук мектептерге жеткирилген. Булардан тышкары, ЖРТга даярдоочу 472 усулдук колдонмо мугалимдер менен бїтїрїїчїлєргє пайдаланууга берилгени бул кїнкї талкууда маалым болду.

– Учурда кыргыз жана орус тилиндеги табигый-математикалык жана гуманитардык предметтер боюнча ЖРТга даярдоочу усулдук колдонмолор иштелип чыгып, жарык кєрїї алдында турат. Окуучуларда стандартташтырылган тесттерди тапшыруу кєндїмдєрїн жакшыртуу максатында 11-класстарда эмгектенген мугалимдер жана бїтїрїїчїлєр їчїн 1901 даана єз ичине негизги жана предметтик тесттерди камтыган ЖРТга даярдоочу китептер сатылып алынды. Сентябрь айында бїтїрїїчї класстардын окуучулары старттык, ал эми март айында сынамык тест тапшырышты. Бул ишке ЦООМО администраторлору, мектеп мугалимдери жана менторлор тїгєл катышты, -дейт долбоор координатору жыл ичинде аткарылган иштерге баа
берип.

Эми долбоордун сандык кєрсєткїчтєрїнє келсек, єткєн окуу жылына караганда быйылкы жетишкендиктер жогору экени байкалат. Мисалы, єткєн жылы ЖРТда пилоттук мектептердин бїтїрїїчїлєрїнїн 67% босого баллынан єтїшсє, быйылкы кєрсєткїч – 71,2%! 2018-жылы орточо балл 121,8 болсо, быйыл – 124,8 балл. Єткєн жылкы эў жогорку балл – 203, быйылкысы – 208 балл!

 Кєрсєткїчтєр жогорулаганы менен кєйгєйлєр дале бар

«Ысык-Кєл облусунда билим берїїнї жакшыртуу» долбоорунун адиси, математика боюнча ментор Шаиргїл Казакбаеванын пикиринде долбоордогу иштин туура нукта кетиши кєп жагынан менторлордун иш-аракетине жараша болот. Анткени, ментор – мектеп мугалимине єз окуучуларын ЖРТга даярдоодо єз потенциалын ачууга, кесиптик ишмердїїлїгїн жакшыртууга, практикалык кєйгєйлєрдї чечїїдє иштиктїї жардам берет. Тажрыйбалуу педагог, насаатчы мугалим катары ментор мугалим їчїн бїтїрїїчїлєрдї ЖРТга даярдоодо тест аткаруунун жаўы ыкмаларын жайылтуучу маалымат булагы да болуп саналат. Ментор єз жумушун жеринен тїздєн-тїз пилоттук мектепке барып, же Интернет байланышы аркылуу аралыктан жїргїзє алат.

– Менторлор тарабынан єткєрїлгєн семинар-тренингдер пилоттук мектеп мугалимдеринин бїтїрїїчїлєрдї ЖРТга даярдоо боюнча кесиптик чеберчилигин жогорулатты деп айта алабыз. Мастер-класстарга катышкан мугалимдер ментордун ЖРТга даярдоо боюнча кандай сабак єтїп жаткандыгына байкоо салышып, єз окуучулары менен биргеликте тесттик тапшырмаларды аткаруунун рационалдуу жолдорун, ыкмаларын їйрєнїштї, -дейт долбоор адиси.

Бул кїнкї тегерек їстєлдє менторлордун, мектеп жетекчилеринин, райондук билим берїї бєлїмдєрїнїн пилоттук мектептерди тейлеген жооптуу кызматкерлеринин аракетине карабастан, бїтїрїїчїлєрдї ЖРТга даярдоо ишинде дагы эле бир топ кєйгєйлєр бардыгы айтылды. Талкууда чыгып сїйлєгєндєр мындай кєйгєйлєрдїн катарына айрым предметтерден адис эмес кадрлардын иштєєсїн, кээ бир мугалимдердин долбоорду ашыкча тїйшїк катары эсептеген терс кєз карашын, бїтїрїїчїлєрдї ЖРТга даярдоо боюнча мугалимдердин тажрыйбаларынын аздыгын, бїтїрїїчїлєрдїн предметтерди улам-улам алмаштыруусун, жогорку класстардын окуучуларына биология жана химия боюнча кыргыз тилиндеги окуу китептеринин жетпей жатканын, пилоттук мектептерде химия, биология, физика сабактарында практикалык жана лабораториялык иштерди жїргїзїї їчїн реактивдердин, приборлордун жоктугун, жардам иретинде берилген адабияттарды системалуу колдонуунун жетишсиздигин белгилешти.

– Менторлорго аябай кїч келди. Сынамык тесттерден кийин балдар менен чогуу каталардын їстїндє кєп иштедик. Окшоштуктарды табууну, сїйлємдєрдї кантип толуктоону їйрєндїк. Бїтїрїїчїлєр менен алардын мугалимдери менторлордун кємєгїнє ыраазы болушту, -дейт гуманитардык циклдеги предметтер боюнча долбоор адиси, кыргыз тили боюнча ментор Зыйнаткїл Сартова.

Жыйындын жїрїшїндє тегерек їстєлдїн катышуучулары Билим берїї жана илим министрлигине єз сунуштарын айтышты. Алар министрликтен пилоттук мектептерди жаўы стандарттардын негизинде жазылган окуу китептери, программалары менен камсыз кылууну, кыргыз тилинде предметттер боюнча окуу-усулдук китептерди иштеп чыгууну, мугалимдердин билимин жогорулатуу курстарына ЖРТга даярдоо маселесин киргизїїнї, ЖРТга єз окуучусун мыкты даярдаган мугалимдерди, мектеп жетекчилерин сыйлоону єтїнїштї.

Иш-чаранын соўунда жыл ичинде мыкты иштеген менторлорго, ЖРТда єз предмети боюнча жогорку кєрсєткїчтї камсыз кылган пилоттук мектептин мугалимдерине, жетекчилерине, бул иште айырмаланган райондук билим берїї бєлїмдєрїнє мактоо баракчалары, баалуу сыйлыктар берилди.

 А.Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер