Мектеп аянтчалары уюштурулат
- 20.09.2024
- 0
17-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева КР Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин чечимдерди жана тапшырмаларды аткаруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы жана «Кыргыз агрохолдинг» ишканасынын жетекчиси менен жолугушту.
Тараптар окуучулардын тамактануусун жакшыртуу үчүн мектеп аянтчаларынын ишин уюштурууну талкуулашты.
Мектеп аянтчаларынын иши окуучулардын тамак-ашын байытып эл тим болбостон, балдарды эмгекке үйрөтүп, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча билимдерин тереңдетет.
Жыйындын катышуучулары министрликтердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүп, идеяны бир райондун же бир облустун мектептеринде иш жүзүндө сынап көрүүнү чечишти.
Бөлүшүү
Комментарийлер