МЕКЕНЧИЛДИК УСТАТТЫ УРМАТТООДОН БАШТАЛАТ

  • 06.02.2020
  • 0

Казакстандын Нур-Султан шаарындагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовду ким тааныбайт? Жаңы жылда Дүйшөн агайдын койгон чоң планы менен башталды. Ош облусунун Кара-Суу районунун 9-11-класстарынын окуучуларынын арасында “Мен мугалим болгум келет” дилбаян сынагын эки ай мурун жарыялаган эле. Сынактын критерийлери райондук билим берүү бөлүмүндө, мектеп жетекчиликтерине кабарланып, окуучуларга жеткирилди. 2019-жылдын 5-январында да дал ушундай сынак каарманыбыздын өзү окуган мектебинде өтүп, жакшы жыйынтыктарды берген эле.

МЕКЕНЧИЛДИК УСТАТТЫ УРМАТТООДОН БАШТАЛАТ

Дүйшөн Шаматов балдардын жазуу маданиятынын өсүшүнө салым кошуу менен мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү, мугалимге болгон мамилени жакшыртуу сыяктуу максаттарды койду. Сынактын биринчи этабында окуучулар дил баяндарды калыстардын электрондук почтасына жөнөтүштү. 2019-жылы сынакка 40тай окуучу катышкан болсо, быйылкы сынакка 100гө жакын окуучу катышты. Жазылган иштерди баалап, мыктыларын чыгаруу үчүн бейтарап калыстардын тобу түзүлдү. Алар: “Зет мууну” жоопкерчилиги чектелген мекеменин жетекчиси Асылбек Жооданбеков, ОшМУнун доценти, кафедра башчысы Бактыгүл Байтикова, БААУ ага окутуучусу, Борбордук Азиядагы Америка университетинин эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы Данияр Карабаев болушту.

27 мыкты иш тандалып, 5-январда сынактын 2-этабы Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинде өткөрүлдү. Эми окуучулар негизги темага үндөш, бирок башкача туюнтулган темаларда дилбаян жазышты. Бул жылы өткөрүлгөн сынактын артыкчылыгы – окуучулар дил баянды үч тилде: кыргыз, орус, англис тилдеринде жазышты!

Баарынан да сынакка катышкан Кара-Суу районунун өзбек мектептеринин окуучуларынын жигердүүлүгү таң калтырды. Алардын айрымдары мамлекеттик тилде (кыргыз тилде) мыкты дилбаян жазып, байгелүү орундарга ээ болушту. Жеңүүчү окуучуларга баалуу белектер (уюлдук телефондор, Чыңгыз Айтматовдун томдуктары, башка китептер, өзгөчөлөнгөн дипломдор), бардык катышуучуларга тууралуу дипломдор ыйгарылды.

Сынактын салтанаттуу ачылышына келген сыйлуу коноктордун бири КР ЖК депутаты Адбувахап НУРБАЕВ мындай деди:

– Чет жерде иштеп жаткан эң мыкты мекендеш профессорубуздун бир райондун окуучулары үчүн сынак жарыялап, мыктыларын сыйлап, алардын аракеттерине аракет, демине дем кошуп, кыргыз элинин патриоту болууга тарбиялап жатса, кандай сонун! Биз мындан ары бул сынакты бир райондун эле чегинде эмес, республикабыздын деңгээлинде өткөрүүгө аракет жасашыбыз зарыл. Анткени окуучулардын жазуу маданиятын өстүрүү менен кошо мугалимдик кесипти сүйүүгө, мугалимди урматтоого, жазуу аркылуу тилибиздин көркөмдүгүн түшүнүүгө, өз элинин мекенчил инсаны болууга үгүттөп жатпайбы. Баарынан да, окуучунун эмгегин ата-эне кошо баалап, баласына күйөрман болуп келип, кандай ой-толгоолорду жазганын угуп, андан таасирленип, баласына жеңиш тилеп жатпайбы… Бул да болсо Дүйшөндүн мыкты чеберчилиги, ал окуучуларды эле эмес, ата-энелерди, мугалимдерди бир маселенин тегерегине чогултуп жатпайбы.

МЕКЕНЧИЛДИК УСТАТТЫ УРМАТТООДОН БАШТАЛАТ

Уюштуруу ишине жигердүү катышкан “Жетиген” мектеп-лицейинин директору, п.и.к., доцент Кыялбек АКМАТОВ:

– Азыркы иш-чара жогорку деңгээлде өттү, анткени окуучулар дилбаянды дыкаттык менен жазып, ойлорун бере алышты. Ошондой эле калыстар тобу да жакшы түзүлүп, иштерди ушул жерде текшеришти, сынак таза өттү.

Профессор Дүйшөн ШАМАТОВ:

– Окуучулардын Мекенге болгон сүйүүсү алардын улууларга, устаттарга болгон урматынан башталат эмеспи. Сынактын катышуучулары кандай гана сезимдерге туш болушту, мына ошол сезимдерин достору, курбулары менен бөлүшүштү. Ошол сезимдер досторун да алга умтулууга, жакшы жазып, сынактарга катышууга шыктандырат деп ойлоймун.

Бул иш бир гана меники эмес, сиздердин күч-аракет менен ишке ашты. Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаевдин келип, окуучулардын колун кысып куттукташы, мектеп директорлору Кыялбек Акматовдун, Мелис Музулмановдун уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүшү, Нургазы Ташиев, Мурат Абдиев, Куштарбек Кимсанов сыяктуу кесиптештеримдин келиши, калыстардын калыс, так иштеп бериши, Асылбек Жооданбеков, Данияр Карабаев сыяктуу мен сыйлаган инсандардын дилбаяндарды кылдаттык менен карап бериши мага чоң дем берди.

Мындай демилгелүү иш-чаралар кулачын жайып, республикалык деңгээлде улантылат деп үмүттөнөбүз. Ал үчүн Дүйшөн агайыбыздан үлгү алып, мекенчил болушубуз керек.

Бактыгүл Байтикова, Ош

 

МЕКЕНЧИЛДИК УСТАТТЫ УРМАТТООДОН БАШТАЛАТ

“МЕН МУГАЛИМ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

Кара-Суу районунда ушул темада өткөрүлгөн дилбаян сынагында №9 М.Тешебаев атындагы орто мектептен Калбекова Сейил 1-орунга, №55 К.Зулпиев атындагы орто мектептен Бакытбек кызы Нурия 2-орунга, №66 В.И.Ленин атындагы орто мектептен Урубаева Айчолпон 3-орунга, Х.Мирзажанов атындагы орто мектептен Мамадалиева Тахира 4-орунга ээ болушту. Төмөндө Калбекова Сейилдин жана Бакытбек кызы Нуриянын эсселеринен үзүндү келтирдик.

Жаштар жана келечек

Жаштар – келечек ээлери, мамлекеттин күзгүсү… Бүгүнкү күндүн жаштары алга умтулуу үчүн келечекти чет өлкөдөн окуудан жана ошол жакта иштеп калуудан көрүшөт. Бирок мени чет өлкөдө окуп, билим алып, тажрыйба топтогондордун кийин өзүбүздүн өлкөгө келбей жаткандыгы жана аларды көргөн менин теңтуштарымдын ошол жолду тандаганы кейитет.

Ооба, көйгөйлөр көп. Мамлекеттин эсебиндеги кайсы кызматта иштесең да, айлык акы аз. Ал каражат менен үй-бүлөңдү эмес, өзүңдү да камсыз кыла албайсың.

Канткенде биздин жаштар келечегин өзүбүздүн Мекенибизден көрө алат?

Менимче, эң биринчи өз жерибизди, элибизди сүйүшүбүз керек. Экинчиден, билимди кайсы жерден алсак да, пайдасы элибизге тийиши зарыл. Үчүнчүдөн, биз Мекенибиздин пайдубалын көтөргөн негизги күч катары өзүбүздөн кийин келе жаткан муунга да мекенчил өрнөк көрсөтүшүбүз абзел. Бул биздин колубуздан келет. Анткени мезгил ошону талап кылып жатат. Көйгөйдү чечүү үчүн күчтүү эрк керек, ал эми андай эрк биздин жаштарда ченемсиз деп билем. Келечек – билимдүү, креативдүү жаштардын колунда!

Калбекова Сейил.

Бүгүнкү күндүн мугалими кандай болушу керек?

Азыркы ааламдашуу доору билимдүү, өз кесибин мыкты билген кесипкөйлөрдү талап кылууда. Бирок бардык жерде ошондой кесипкөйлөр иштеп жатабы? Бул, албетте, чоң маселе. Эң чоң бир көйгөй – мугалимдик кесипте жан үрөп иштеймин деген жаштардын аздыгы. ЖРТдан аз балл алып калгандар айласы жоктон ушул кесипти тандашат.

Бүгүнкү күндө мугалим болуу үчүн эмне кылуу зарыл? Мугалим – сенин жашооңо жол ачкан билим сереси, билбегенди билдирип, келечегиңе пайдубалды койгон инсан. Ооба, учурда бизди жаш мугалимдер эмес, улгайган мугалимдер көп окутуп калды. Себеби эмнеде? Мунун жообу баарыбызга белгилүү… Маянанын аздыгы, айыл жергесинде шаардагыдай шарттын жоктугу жана башка…

Бирок ушундай маселелерге карабай мен айыл ичинде эле иштеген мугалим болгум келет. Буга себептер көп. Биринчиден, биз айылдын окуучуларын көтөрбөсөк, билимдүү жаштар кайдан чыгат? Экинчиден, мен дүйнөлүк талапка жооп берген мугалим болгум келет, ал үчүн чет тилдерди жакшы билип, заманбап технологияларды жакшы өздөштүрүшүм зарыл. Дүйнөлүк окуу программаларына карап сабак өтөм деп ойлойм. Эмне үчүн шаардын мектептериндей айылга сабак өтүүгө болбосун… Мен келечектеги мугалимди дал өзүм элестеткендей көрө аламын. Анткени мугалими күчтүү мектеп гана мыкты окуучуларды даярдай алат, демек, жаштардын келечеги түздөн-түз мугалимден көз каранды.

Бакытбек кызы Нурия.

Бөлүшүү

Комментарийлер