МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМА

  • 12.02.2025
  • 0

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМАЖакында Бишкек шаарындагы «КосмоПарк» кинотеатрында  УКМКнын төрагасы, Генерал-полковник,  Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол уюмунун колдоосу менен тартылган “Чемпион” тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө катышып жатып, бир нече жолу жашыганын жашырбады.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМА

-Тасма мен үчүн дагы күтүүсүз толкундоону жаратты. Көрүп отуруп, тасма аягына чыкканча бир нече жолу жашып кеттим. Себеби бул тасма жаштарыбызды мамлекетибизди сүйүүгө, патриоттуулукка, мекенчилдикке, эмгекчилдикке үндөгөнүн баарыбыз көрдүк. Ошондой эле тасмада жаштарыбыз эмгекчилдик менен гана ийгиликке жетерине күбө болдук. Кыргыз футболунун  келечегине ишеним жаратты, -деди Камчыбек Кыдыршаевич.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМА“Zalkar Production” студия тарткан  “Чемпион” тасмасы Кыргызстанда биринчи жолу футбол жөнүндө тартылган көркөм тасма болуп саналат. Бул тасма өлкөбүздөгү жаш өспүрүмдөрдү сейрек жашоого чакырып, футболго болгон кызыгуусун арттыруу,улуттук баалуулуктарды сактоого чакырууга багытталган.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМАОкуя өлкөбүздөгү Ысык-Көл жээгиндеги кичинекей айылда болот. Азия чемпионатындагы Кыргызстан-Бириккен Араб Эмираты менен болгон беттешти көргөн айыл тургундары да кыргыз футболу өнүкпөйт деп жалпы эл сыяктуу үмүтүн үзүшөт. Ошол мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаштардын ден соолугун чыңдоо, сейрек жашоого чакыруу” жарлыгына ылайык балдар арасында футбол чемпионаты тууралуу маалым болот. Муну уккан мүмкүнчүлүгү чектелсе дагы кыялдарына умтулган  Актилек жалпы досторуна жеткизип, балдар Кыргыз футболун дүйнөгө таанытабыз деп максаттарына кадам таштайт. Балдардын бул максаты ишке ашаарына жалпы айыл эли ишенбей, балдардын ата-энелери каршы болот. Айылда футбол ойногонго шарт жок болсо дагы, канча бут тозуу, кыйынчылык сыноолорго карабай, мээнет аркасында кыялдарын орундатууга сапар алып, алгач облустук оюнда жеңишке жетип, эл оозуна алынат.  Республикалык беттеште айылдын  “Актилек” командасы чемпион болуп, жогоруда айтылган кыял максаттарына жетишет.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМАБашкы каарман “Актилек” аттуу майып баланын ролун аткарган Жайыл районундагы Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы  орто мектебинин окуучусу Рамазан Кабылбеков мындай дейт:

— Ата-энеси авто  кырсыктан каза болуп, өзүнүн буту баспай майып болуп калган баланын ролун аткаруу чынында эле оор экен. Айрыкча жамгыр жаап жатканда ыза болуп үйүнө келаткан учурда майып араба менен жыгылып, баткакта тура албай жатса дагы Кыргыз туусун колунан чыгарбай, желекти баткак кылбай ыйлап жаткан учурун бир дубль менен тартуу кыйын болду. Соо туруп, майып баланын образын жаратып, араба менен жүрүү түйшүк жаратканы менен турмуштук сабак алып, көп нерсени түшүндүм. Актилектин ролу өтө жоопкерчиликтүү болду. Үйдөн дагы даярданып, араба айдоого машыгып, атам дагы кеп-кеңештерди берип турду. Ошентип, Актилектин ролу менен жашап калдым. Арабада отуруп, аны колуң менен тегеретип айдап жүрүү кыйын экен. Майып балдардын тагдырын, абалын түшүндүм. Ошондой болсо дагы бул кино алардын жашоого болгон үмүтүн жандырып, жакшы нерселерди жасоого шыктандырат деген ишенимдемин. Келечекте дагы кино тасмаларда тартылып, актёр болуп, Голливуд кино компаниясына тартылсам деп тилек кылып жатам.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМАТасмада башкы каармандардын бири талантуу футболчу Шумкардын ролун аткарган Бишкектеги №7 орто мектептин окуучусу Эрасыл Нурматов:

-Мен киного тартылгым келчү. Кастингден мени тандап алышканда абдан сүйүндүм. Кинодо ыйлоо кыйынчылык жаратат экен. Ал эми ыйлагандан дагы калп күлгөн кыйын тура. Актилектин чоң энесинин туулган күнүн куттуктап барып, “Энекебай” деген ырды ырдаганда чын эле көзүмдөн жаш агып кетти. Мен дагы чоң энемди, апамды эстедим. Апаң сени жарык дүйнөгө алып келсе,  таалим-тарбия берип, багып чоңойтсо, аны кубанычка бөлөп, сүйүнтүү өзүнчө эле бакыт экен.

Тасмада дарбазачынын ролун жараткан Лебединовка айылындагы №115 К.Айдарбеков атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу  Нурсултан Жыргалбек:

-Машыгуу учурунда топту тосом деп туура эмес секирип жыгылып алып,  колумду кайрып, оорутуп алдым. Аны корконумдан режиссёр Эрмек агайга айта албадым. Тасманы тартуу башталып, режиссёр агай “дарбазага таамай тебилген топту секирип тос” деп команда берди. Колумдун ооруганына карабай топту тосуу үчүн секирип,  бир колдоп тостум. Тасма тартууда шар аккан сууга да секирген учуру да тартылган эле. Сууда билинбеген менен чоң таш бар экен. Ага чыканагымды уруп алып, муздак сууда бутум тырышып калып, агып кете жаздадым.Балдар жардам беришип, суудан алып чыгышкан эле. Бирок, ошол кадр тасмага кирбей калганы өкүнүчтүү.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМАТоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 9-классынын окуучусу Бакдөөлөт Эдилов:

-Бул тасмага тартылуу менен  жакшы досторду таптым, жашоо үчүн үлгү алдым. Өзүмө болгон ишеним жаралды. Футболго болгон кызыгуум артты. Дүйнөлүк жана Кыргызстандагы футбол жылдыздарын таанып билдим.  Тасма Мекенди сүйүүгө, намыстуу болууга чакырат.

-Бул тасманын идеясы Жыргалбек Кенейге таандык. Тасманы тартууга эки айдай убакыт кетти. Балдар менен футбол тууралуу тасма тартуу кыйын дешкен. Айрымдар түйшүк тартпай, жеңилирээк тема тапсаңар болмок деген пикирлерин айтышкан эле. Келечек муунду Мекенди сүйүүгө, ата-энени, устаттарын урматтоого, сергек жашоого үндөгөн идея болгондуктан, түйшүгүнө карабай тартууга бел байладык. Эпизоддорду тартуу аябай кыйын болду. Айрыкча жамгырда тартуу машакат жаратты.  Ар бир баланын образын алып чыгуу оор экен. Бирок балдар менен иштөө рахат тартуулады. Бул жаштарды шыктандырган  “Чемпион” тасмабыз менен кыргыз элинин достугун, биримдигин, ынтымагын көрсөтүп, кыргыз футболунун келечеги бар экенин тастыктайт. Фильм балдарга таалим-тарбия берип, адептүүлүккө, үлгүлүү жүрүм-турумга, намыстуу болууга, мектепте жакшы окууга тарбиялайт. Башкы каарман- футбол машыктыруучунун ролун Аскат Сулайманов аткарды. Бул тасма 13-марттан баштап өлкөбүздүн кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт, -дейт тасманын режиссёру Эрмек Казыбеков.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМАТасманын администратору Айдай Мирланова:

— Балдар, мектеп окуучулары менен биринчи ирет иштеп көрдүм. Мага мурда айтышкан, балдар менен иштөө оор, кыйын дешкен. Бирок өзүм балдарга жакын болгондуктан, алар менен бат тил табышып, иштеп кеттим.

Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев билдиргендей, тасманын максаты кыргыз футболунун келечегине үмүт жаратуу болуп саналат.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМАИнтернеттеги маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө жыл сайын алты миңден ашык кино тартылат. Алардын ичинен балдарга арналып тартылган кинолордун саны миңге жакын. Кыргызстанда коммерциялык багыттагы тартылган тасмаларды эске алганда жылына ондон ашуун фильм тартылат. Бирок балдар жаатында тартылган кинолор да мактанаарлык көрсөткүчтө эмес. Акыркы 20 жылда балдар киносу тартылбай токтоп калган эле. Соңку жылдары гана колго алына баштады.

Балдар киносу ушинтип жандана баштады дегенибиз менен, тилекке каршы, көптөгөн кино режиссёрлор бүгүнкү күнү балдарга анча маани бере беришпейт. Балдар киносуна салым кошуп жаткан кино режиссёрлорду айтсак — алар Кыргызстанда саналуу. Кино жөнүндө маселе козголгондо, балдар киносунун коомдогу ролу менен анын зарылчылыгы, тарбиялык мааниси талкууланбайт. Айрым кино адистери балдар киносун тартуу оор кыйынчылык менен коштолот дешсе, башкалары балдар киносунун коомдогу актуалдуулугу аз дешет.
МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМАЭгерде Кыргызстандагы балдар киносунун тарыхына кайрыла турган болсок, ал 1960-жылдардан кийинки мезгилге барып такалат. 1963-жылы «Кыргызфильм» студиясынын алдында тартылган режиссёр Марианна Рошальдын “Космонавттар көчөсү” балдар киносундагы алгачкы саамалык. Мына ушул мезгилден тартып советтик кыргыз киносунда бир катар балдар киносу жарыкка чыга баштаган.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМАРежиссёр Альгимантас Видугиристин 1972-жылы тарткан “Көз айнекчен”, Элдор Уразбаевдин ушул эле жылы жараткан “Аскер бала”, Динара  Асанованын 1983-жылкы “Мадырабаштар” жана кино режиссёр Бакыт Карагуловдун 1985-жылы экрандаштырылган “Айдагы жез кемпир” тасмаларын айтууга болот. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин балдар киносуна мурункудай көп маани берилбей калган эле. Балдар үчүн тасмалардын саны аз. Азыркы мезгилде Кыргызстандагы балдар киносу өсүүгө муктаж. Бул үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу зарылчылыгы бышып жетилген. Ал эми коңшу малекеттерди карай турган болсок Өзбекстанда, Казакстанда балдар киносу оң жолго коюлуп, өнүгө баштаган учуру.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ТАСМА“Балдар биздин эртеңки сотубуз” деген экен орустун улуу жазуучусу Максим Горький. Азыр айрым балдар туура эмес багыттагы Батыш фильмдерине таасирленип, кылмыш дүйнөсүнө кириптер болуп жаткан фактылар да аз эмес. Ал эми балдарга тарбиялык багыттагы идеологиялык максатты көздөгөн, элин-жерин сүйүүгө, улуттук баалуулуктарга чакырган тасмалар менен алардын аң-сезимин туура нукка өзгөрткөн тасмалардын жаралышына кыргыз киносу муктаж болуп турган учуру.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер