МАЙРАМБЕК КОЙЧУБАЕВ КУЛАТУУ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНУ
- 01.03.2024
- 0
25-февралда Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушундагы “Газпром Нефть Азия” спорт комплексинде Кулатуу эр таймашы боюнча Кыргызстандын чемпионаты курч мүнөздө өттү. Бишкек шаарындагы «Аlay Team» спорт клубунун өкүлү Майрамбек Койчубаев 61. килограмм салмакта жаштар арасында биринчи орунду ээлеп, Кыргызстандын чемпиону аталып, алтын медаль жана чемпиондук кур менен сыйланды.
-Алгач спорттун грепплинг жана эрежесиз эр таймаш ММА түрлөрү менен машыгып жүргөм. Кошумча кулатуу жана жиу-жутсу менен да машыга баштагам. Спорт дүйнөсүнө жол ачкан алгачкы устатым Асмат Сакиев болсо, учурда жиу-жутсу боюнча Нурсултан Куштарбек уулунан таалим-тарбия алып жатам. Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясынын коллежинде 2-курста окуп, бокс адистиги боюнча билим алуудамын. Буга чейин Өзбекстанда өткөн уландар арасындагы Азия чемпионатында жана Эл аралык турнирде 60 кг салмакта бардык атаандаштарымды жеңип, чемпиондук кур менен сыйланып, баш байгенин ээси болгом. Ошондой эле Казакстанда өткөн Эл аралык турнирде 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынгам. Ал эми Кыргызстандын ичинде 60 кг салмакта көптөгөн мелдештерде жеңүүчү аталгам. Жана ошондой эле азыркы учурда чоңдор арасында да 60 жана 65 кг салмактарда турнирлерге катышып, ийгиликтерге жетишип, өлкөбүздүн намысын коргоп жүрөм. «Аlay Team» спорт клубунда жиу-жутсу спорту менен машыгып жатканыма бир жыл болуп калды. Алдыда дагы таймаштар, өлкө жана Азия, дүйнө чемпионаттары турат. Кыргызстандын туусун эл аралык аренада таанытсам деп тилек кылып жүрөм, -дейт Майрамбек Койчубаев.
Майрамбектин спорттук ийгиликтери:
2023-жылы грэпплинг Нага федерациясынын уландар арасында Кыргызстан боюнча чемпиону болгон.
2022-жылы Казакстандын борбору Астана шаарында грэпплинг боюнча Эл аралык турнирде 1-орунду камсыз кылган.
2023-жылы Казакстандын Алматы шаарында жиу-жутсу боюнча Эл аралык мелдеште 1-орунду ээлеген.
2023-жылы Ташкент шаарындагы Эрежесиз эр таймаш боюнча Akermann fighting championship ММА жана грэпплинг боюнча эл аралык турниринде баш байгени утуп, чемпион аталган.
2023-жылы Алматы шаарындагы жиу-жутсу боюнча
«Samurai open» Эл аралык турниринде да экинчи орунду ээлеген.
Ошондой эле Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусттарда өткөн мелдештерде баш байгелердин ээси болгон.
Грэпплинг боюнча Кыргызстандын Кубогунда экинчи орунду ээлеген.
Жана башка көптөгөн турнирлердин жеңүүчүсү болуп саналат.
Келечегинен үмүткөр кылган 16 жаштагы Майрамбекке жеңиштерди, ийгиликтерди каалайбыз.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы
Комментарийлер