МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ: КЕЛЕЧЕК КАМЫНДАГЫ ЧЕЧКИНДҮҮ АРАКЕТТЕР

  • 14.03.2025
  • 0

Министрлер Кабинетинде 12 жылдык мектепте билим берүүгө өтүүгө арналган жыйында Президент С.Жапаров тынчсыздануусун билдирип, тобокелчиликтерди белгилеп, 12 жылдык мектепке өтүүнү этап менен ишке ашырууну чечти. Билим берүү жана илим министрлиги өлкө жетекчилиги тарабынан айтылган бардык сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, улуттук жаңы билим берүүнү этап менен киргизүүнү улантат.

Садыр ЖАПАРОВ,
КР Президенти:

МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ:  КЕЛЕЧЕК КАМЫНДАГЫ ЧЕЧКИНДҮҮ АРАКЕТТЕР

“Жаңы программа буга чейинки баркы менен мааниси кеткен кезектеги “реформага” айланбай, алдыдагы ондогон жылдарга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бекем негизин түзүшү керек. Бүгүнкү күндө мектепте мектеп окуучуларынын тагдыры гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин келечеги аныкталат. Мектептердеги билим берүү маселесине кайдыгерлик кылууга акыбыз жок. Биз азыр Мекен келечеги, маанилүү улуттук маселелер дал ушул мектепте чечилип жатканын так кесе айтышыбыз керек жана даана, так аңдап-билишибиз абзел. Эң негизги байлыгыбыз – элибиз, адам капиталыбыз, мамлекет билим берүү максаттарына каражат
аябайт”.

 

(13-март, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйындагы сөзүнөн)

Камчыбек ТАШИЕВ,
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы:

МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ:  КЕЛЕЧЕК КАМЫНДАГЫ ЧЕЧКИНДҮҮ АРАКЕТТЕР

«Билим берүү — ар бир кыргызстандыкты түйшөлткөн жана өлкөнүн келечегин аныктаган тармак. Албетте, мындай масштабдуу өзгөртүүлөр ар дайым коомдук талкуудан өтүшү керек жана ар кандай пикирлердин болушу толук табигый көрүнүш. Ачык диалог жана конструктивдүү талкуу гана бизди сапаттуу чечимдерге алып барат. 12 жылдык билим берүү бул жөн гана кошумча жыл эмес, мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, адистештирилген кадрларды даярдоону кеңейтүүгө, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, мектеп программаларын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө мүмкүнчүлүк”.

 

(4-март, 2025-жылы ФБ баракчасына жазган сөзүнөн)

Эдил БАЙСАЛОВ,

Министрлер Кабинетинин
төрагасынын орун басары:

МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ:  КЕЛЕЧЕК КАМЫНДАГЫ ЧЕЧКИНДҮҮ АРАКЕТТЕР

«Мектеп бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт, бирок биз балдарды 2050-жылдардагы жана андан кийинки ийгиликтерге даярдашыбыз керек! Ошондуктан азыр кеп билим берүүнүн бардык баскычтарын толук кайра өзгөртүү жөнүндө болуп жатат. Бул жерде баары идеалдуу болгон күндө да, бардык өлкөлөрдө мектеп өзгөрүп жатат, анткени дүйнө толугу менен өзгөрдү, эртең дагы өзгөрөт. Мектеп өзгөрүүлөрдөн алдыда болушу зарыл жана биз дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүү болушубуз керек. Кыргызстанда 12 жылдык мектеп иштеп жатканына 35 жылдан ашты – 11 класс + 0 класс. Эрте билим берүүнү күчөтүүнүн алкагында үч жылдын ичинде мектепке чейинки билим берүү менен камтуу дээрлик эки эсеге көбөйүп, аны кеминде 60-70 пайызга жеткирүү керек. Алты жаштагы балдарга келсек, камтуу 100 пайыз болушу парз. Аларга мектептер, бала бакчаларынын топтору жана башка формалардагы кошумча күндүзгү программалар кирет. Дүйнөнүн бардык жеринде ушундай саясат бар. Милдеттүү мектеп тогузунчу класска чейин, бирок ал абдан күчтүү болуп, ар бир окуучуга бекем пайдубал түзүп, өз алдынчалыкты, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, балдарды билимге үйрөтүүгө тийиш. Кайталап айтам: мектеп реформасы биздин балдарыбыздын ийгиликтүү келечеги үчүн
жүргүзүлүүдө».

 

(24.kg, 4-март, 2025-жыл)

Өмүрзак МАМАЮСУПОВ,

КР Эмгек Баатыры,
Эмгек сиңирген мугалим, «Ноокат билимканасынын» негиздөөчүсү:

МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ:  КЕЛЕЧЕК КАМЫНДАГЫ ЧЕЧКИНДҮҮ АРАКЕТТЕР

“12 жылдык мектеп моделине көчүү бүгүнкү заман талабы жана зарылдык. Мектептерге 12 жылдык программаны киргизип, Кыргызстан кесипкөйлүк менен евро стандарттагы билим берсек, биздин окуйм деген балдар барган жеринен түз кабыл алынат. Жакшы кесипкөй болуу үчүн 12 жылдык керек. Бул муктаждыктан келип чыккан оор процесс болууда. Мисалы, табигый илимдер боюнча предметтерде эч кандай өзгөрүү болбойт. Бирок керектүү нерселери көп, жогорку класстын окуучулары келечектеги кесибине карата багыт тандоо мүмкүнчүлүктөрү жаралат. 12 жылдык билим берүүдө деле башталгыч класстарда баштапкы билим берилет, 7-8-9-класс негизги жалпы билим берүү, 10-11-12-класс орто жалпы билим берүү болуп бөлүнөт да атайын багыттар менен кетет. Мисалы, табигый илимдер багыты, коомдук илимдер багыты же кесиптик багыт. Азыр биздин Билим берүү жана илим министрлиги туура багытта бара жатат. Мисалы, Кытай эч ойлонбой туруп, талкуулабай эле 12 жылдыкка өткөн. Индия мамлекети деле ошондой. Ошондуктан бири-бирибизди чочутуп 12 жыл окуганча балдар 18-19 жашка чыгып кетет дегендин кереги жок. Балдарды 6 жаштан дароо мектепке 1-класска кабыл алуу да эч кандай маселе жаратпашы керек”.

(14-ноябрь, 2024-жыл, “Кут Билим” медиа
борборуна берген интервьюсунан)

ЖАҢЫ БИЛИМ – жаңы сапат

Билим берүүнү трансформациялоо алты жаштан тартып бир окуу жылын кошуп коюу менен гана чектелбейт, ал окутуунун сапатын жогорулатууга, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетүүгө жана билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү жоюуга багыттал-
ган.

Билим берүүнү трансформациялоону каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Каражаттар инфраструктураны модернизациялоого, окуу программаларын жана окуу китептерин жаңылоого, педагогдордун квалификациясын жогорулатууга жана мектептерди заманбап лабораториялар менен жабдууга жумшалат.

12 жылдык системага өтүү менен жогорку класстардын окуучулары болочоктогу кесибин алдын ала аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул мектеп окуучуларына багытты тандоого аң-сезимдүү түрдө барууга жана окууга тапшырууда жаңылыштыктарды кетирбөөгө жардам берет.

Билим берүүнү трансформациялоонун маанилүү аспекттеринин бири – мектепке кабыл алууда балдардын даярдык деңгээлин теңдештирүү. Бул ар бир бала үчүн бирдей стартты жана бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылат.

Мектептердеги окуучу орундардын жетишсиздиги көйгөйү да көз жаздымда калган жок. Жаңы системаны киргизүү жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууну камтыйт.

Министрлик бардык келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди талдоону улантууда. Ар бир жаран өзүнүн суроолоруна жоопторду ала алышы үчүн коомчулукту кабардар кылуу боюнча иш күчөтүлөт. Толук маалымат Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий ресурстарына жайгаштырылат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер