МАНАСТААНУУДАГЫ БИЗ КҮТКӨН ЖАҢЫЛЫК

  • 17.08.2021
  • 0

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Улуу “Манастын” өзөктүү баалуулуктары китеп болуп жарыкка чыкты.

МАНАСТААНУУДАГЫ БИЗ КҮТКӨН ЖАҢЫЛЫК

Дүйнөнү жана Кыргызстанды каптаган адеп-ахлак кризисинен улам, ошондой эле, Республикабыздын Президенти Садыр Жапаровдун  “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”  Жарлыгына байланыштуу улуттук маданиятка,  рухий-адеп-ахлактык баалуулуктарга багыттануу  стратегиясы бүгүн алдыңкы планга чыгып турат. Президент өзүнүн  Жарлыгында жалпы адамзаттык баалуулуктар менен катар эле тарбия ишинде элдик, ата мекендик салттуу руханий дөөлөттөрдү пайдалануу идеясына басым коюп белгилеген. Ушул өңүттөн алып карганда, Профессор, белгилүү манастаануучу, КРдин эл жазуучусу Советбек Байгазиевдин “Улуу “Манас” эпосунун рухий, адептик-ыймандык, идеялык-философиялык, патриоттук баалуулуктары” аттуу эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата  жаңыдан басылып чыккан китеби бүгүнкү улуттук таалим-тарбия муктаждыктарына жооп берген жаңылык десек жаңылышпайбыз.

Биз дайыма “Манас” биздин идеологиябыз, кыргызды Манас сактайт, биздин өзөктүү баалуулуктарыбыз “Манаста” деп дайыма айтып, жазып, ураан таштап келебиз. Бирок “Манастагы” ошол идеология, ошол нарктар, рух баалуулуктары, адеп-ахлак дөөлөттөрү, ощол идеялык кенчтер, кайсылар, улуу мурастагы таянаар руханий таянычтарыбыз кайсы деген суроолорго конкреттүү, ынанымдуу жооп берген эмгекти көп учурда таппайбыз. Түз эле айтыш керек, С. Байгазиевдин жаңыдан жарык көргөн жогорудагы китеби дал ушундай соболдорго ачык-айкын жооп берет. Китептин баалуулугу “Манас” эпосунун руханий-адеп-ахлактык, идеялык, этикалык-философиялык, мекенчилдик баалуулуктарын конкерттүү атап, аларды мисалдардын негизинде кыска жана нуска талдагандыгында, ынанымдуу, түшүнүктүү чечмелегендигинде.  Мындай “Манастын”  дөөлөттөрүн, нарктарын  конкреттүү көрсөтүп, окурмандардын  алдына тарткан китепти тарбиячыла, коомчулук, айрыкча  билим-тарбия  тармагы көптөн бери күткөн.

Буга чейин көп учурда “Манастын” сюжеттик окуяларын баяндап, каармандардын аттарын санап айтып, Манас , Манас деп ураан, чакырык таштап келдик. Эми С. Байгазиевдин аталган китебинен улам ошол Манас окуяларынын, образдарынын ич жагында кандай идея, ой, кандай даанышмандык, кандай мораль, этика, кандай улуттук философия, кандай нарк-дөөлөттөр, баалуулукта жаткандыгын ачык аңдап-туюнабыз. “Манастын” кыргыз элинин чыныгы адеп-ахлак энциклопедиясы, адеп-ахлак конституциясы экендигине дагы да тереңмрээк түшүнөбүз.  Мындан ары “Манас” сабагы, окуялар  сабагы эмес, баалуулуктар сабагы болот деген ойдобуз. Буга С. Байгазиевдин китеби  өзүнүн көмөгүн  көрсөтүп   өбөлгө түзбөй койбойт демекчибиз.

Профессор манастаануучунун бул эмгеги мектептерде жана жогорку окуу жайларында “Манасты” элдик тарыхтын көркөм казынасы катары гана эмес, биринчи иретте, кыргыз элинин кылымдарды аралаган улуу баалуулуктарынын казынасы катары карап үйрөнүүгө  багыт берет.

Эгемендүүлүккө чейин “Манас” илимде негизинен фольклористикалык планда үйрөнүлүп келген. Улуу эпостун эркиндик, эгемендүүлүк, көз карандысыздык идеяларын, мекенчилдик дөөлөттөрүн бийик добуш менен пропагандалоого коммунисттик, тоталитардык идеология мүмкүнчүлүк түзгөн эмес. Эгемендүүлүк  орноп, сөз эркиндиги келген кезде  С. Байгазиев биринчилерден болуп, “Манастын” идеялык, идеологиялык, моралдык-этикалык нарктарын, рухий-философиялык асыл кенчтерин, патриоттук байлыктарын изилдөөгө, аларды талдап, алдыңкы планга алып чыгууга киришкен. Улуу мурастын  идеологиялык алтын казынасын муундардын, жарандардын тарбиясына чегүүнү максат кылган.  Ал өзү да окуучу кезинде айылда Манас айтып жүргөн. Эгемендүүлүк жылдарында С. Байгазиев “Манас” эпосунун нарк-дөөлөттөрү, баалуулуктары боюнча 30га жакын ар түркүн илимий, илимий-популярдуу, педагогикалык, публицистикалык, этикалык, методикалык окуу-тарбия китептерин, куралдарын жазып,  билим берүү тармагына жайылтып келди окумуштуунун “Манас” боюнча эмгектери окурмандар, мугалимдер, студенттер,  илимпоз адистер тарабынан жогору бааланган.  Профессордун жогорудагы “Улуу “Манас” эпосунун рухий, адептик-ыймандык, идеялык-философиялык, патриоттук баалуулуктары” китеби анын буга чейин жарыкка чыгарган китептеринин жалпыланган “каймагы”, экстракты болуп эсептелет.

С. Байгазиев талдап, чечмелеген, “Манастын” өзөгүн аралап өткөн кыргыз элинин эркиндиги, Ата журттун боштондугу, көз карандысыздыгы философиясы, эл, мекен алдындагы патриоттук парз, жарандык жоопкерчилик, калайык-калктын жогорку мүдөөлөрү үчүн карууну казык,башты токмок кылган атуулдук асылдык, эл алдында айтылган убада-шертке бекем туруу, сөз менен иштин биримдиги, эл-журттун ынтымагы, баш кошкондугу, улуттук ар намыс, эне тилди, ата-энени ыйык саноо, эмгекчилдикти, мээнеткечтикти асыл нарк катары тутунуу, эл аралык достукту жогорку дөөлөт катары кармануу,өз ара мамилелердеги кыйышпастык, бири-бирине көмөктөшүү, меймандостук, айкөлдүк, гуманизм, адамкерчилик, боорукерлик, кечиримдүүлүк, өзүнө сын көз менен кароо, калыстык, акыйкаттык, чынчылдык, тарыхый эстутумду уланмалуулукту сактоо, эл-жерди сүйүү, мамлекеттүүлүктү, мекенди коргоо, чыңдоо, ата-бабалардын тарыхы менен сыймыктануу,  кылымдап калыптанган эреже-салтты сактоо, маңкуртчулукка каршы руханият ж. б. көптөгөн баалуулуктар, ак калпак журтту тарыхтын кыйын-кезеңдеринде, бороондорунда сактап келген, мындан ары да сактамакчы. Бул дөөлөттөр бүгүн да кыргыз элиниин руханиятынын, мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалында жатууга, жарандардын тарбиясынын өзөгүн аныктап турууга тийиш. “Манас” улутту сактайт деген сөз бекеринен айтылбайт.

Кыскасы,  С. Байгазиевдин “Улуу “Манас” эпосунун рухий, адептик-ыймандык, идеялык-философиялык, патриоттук баалуулуктары” аттуу китеби бүгүнкү күндөгү улуттук баалуулуктар жөнүндөгү мезгилдин чакырыгына жана Президенттин Жарлыгынын духуна шайкеш чыккан өтө баалуу эмгек. Аталган эмгектин окуу тарбия ишинин таянычы болуп калаарында шек жок. Айтмакчы, аталган китептин мурдагы варианты боюнча билим берүү тармагында өткөн конференциялар бул эмгекти көптөгөн нускада чыгарып, элге жайылтууну жогорку инстанцияларга сунуштаган. Бул китепти эми өкмөт каражат бөлүп, көп нускада элге, билим-тарбия тармагына тартуулайт деген үмүттөбүз.  Китеп Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана Адабият Институтунун жана Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңештери тарабынан басмага сунуш кылынган.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”  

 

Бөлүшүү

Комментарийлер