“МАНАСЧЫЛАР” КИТЕБИ ҮЧ ТИЛДЕ ЧЫКТЫ

  • 04.05.2023
  • 0

 

“МАНАСЧЫЛАР” КИТЕБИ ҮЧ ТИЛДЕ ЧЫКТЫ  

Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан академик А.А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында даярдалып жарыкка чыккан «Кыргыз элинин кенже эпостору: энциклопедиялык жыйнак» деген сериядагы жети томдук кыргыз, орус, англис тилинде жарык көргөн «Манасчылар» китебинин бет ачары болуп өттү.

“МАНАСЧЫЛАР” КИТЕБИ ҮЧ ТИЛДЕ ЧЫКТЫ

Китепте XVIII-XX кылымдарда элибизден чыккан таланттуу өнөр ээлери  манасчылардын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу изилдөөлөр, улуу муундагы манасчылар Келдибек Карбоз уулу, Балык Кумар уулу, Тыныбек Жапый уулу, Сагынбай Орозбак уулу, Саякбай Каралай уулу ж.б. классикалык манасчылардан тартып, Шаабай Азиз уулу, Сапарбек Касмамбетов, Уркаш Мамбеталиевге чейинки манасчылардын өмүр-таржымалы жана чыгармачылык жолу боюнча изилдөөлөр камтылды. Бул эмгектер кол жазмалар корундагы материалдардан баштап, көп жылдык илимий изилдөөлөрдүн негизинде даярдалды.

 

«Кыргыз элинин кенже эпостору: энциклопедиялык жыйнак» институттун буга чейинки «Сагымбай», «Саякбай», «Токтогул», «Осмонов», «Айтматов» 3-том энциклопедияларынын уландысы болуп саналат. Институттун жамааты 1996-2003-жылдары жарык көргөн «Эл адабияты» сериясынын 30 томдугунунун жарык көрүшүнөн кийин бардык материалдарды системалаштырып, тематикаларын тактап, эпосту айтуучуларды, жазып алуучуларды, аткаруучуларды, изилдөөчүлөрдү, эпоско кайрылышкан акын-жазуучуларды, маданият жана искусство ишмерлерин бир тартипке келтирип, энциклопедиялык жыйнак түзүү идеясы он жыл мурун жаралып, пландалып, быйыл иштелип жарыкка чыкты. Институтунун кызматкерлери “Кыргызстан – эпостордун өлкөсү” деген ураандын алдында энциклопедиялык жыйнактарды окурмандарга сунуштады.

“Кыргыз элинин кенже эпостору: энциклопедиялык жыйнагынын” жети томдугу жалпы окурмандарга, окутуучуларга, мугалимдерге, студенттерге жана изилдөөчүлөргө арналат.

Бет ачарга кыргыз интеллигенциясы, коомдук ишмерлер, ЖК депутаттары, элчилик, министрлик өкүлдөрү, жаштар катышты.

 

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер