“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ: ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • 28.12.2017
  • 0

Өтүп бара жаткан тоок жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университети үчүн ийгилик коштогон жылдардан болду. Окуу жай быйыл бир топ эл аралык сыйлыктарга ээ болуп, бир канча китептерди чыгарып, студенттери дүйнөлүк сынактарда алдыңкы орундарды камсыз кылды. 

 

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ: ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Окуу жайдын быйылкы жылдагы эң негизги ийгилиги болуп КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен республиканын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн «Достук» ордени менен сыйлангандыгы эсептелет. Андан сырткары окуу жай Улуттук илимдер академиясында Илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада «Web of Science Awards -2017» электрондук маалымат базасынын “Эң таасирдүү жогорку окуу жайы” деп табылды.

“Манастын” илимпоздору китеп жазуу жагынан алдыда

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ: ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Гуманитардык факультетине караштуу синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан «Кыргызча-түркчө сөздүктүн» эки томдугу даярдалып, жыл соңунда коомчулукка сунушталды. 2000 ашык беттен турган эмгекте 74 миңден ашуун сөз камтылган. Сөздүк буга чейинки эмгектердин арасынан эң көлөмдүүсү болуп эсептелет. Сөздүк Улуттук илимдер академиясынын академиги А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында түзүлүп, элүү миңден ашык сөз камтылган «Кыргыз тилинин сөздүгү» негизги булак болду. Ал эми толуктоо катары киргизилген сөздөр Х. Карасаевдин сексен миңге жакын сөздү камтыган «Орфографиялык сөздүгүнөн» алынып, алардын маанилери жазылды. Эмгекке «Манас» эпосу баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнөн тартып, заманбап адабий чыгармаларга чейин киргизилип, миллиондон ашуун сөздөн турган корпус колдонулду. Анда сөздөр алфавит боюнча жайгаштырылып, ар бир сөз мисалдары менен бирге берилген. Корпус «Кыргыз тилинин сөздүгүндө» кездешпеген сөздөрдү табууга, сөздөрдүн сөздүктөгү маанилерин толуктоого жана ар бир сөз үчүн мисалдарды табууга мүмкүнчүлүк түзөт. Сөздүктүн толук электрондук версиясы дагы интернетте жайгаштырылды.

Гуманитардык факультеттин деканы Лайли Үкүбаеванын жетекчилиги астында түркология бөлүмүндө даярдалып, синхрондук котормо бөлүмү тарабынан которулган «Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Түрк адабий сынында» аттуу эмгек да жарыкка чыкты. Жыйнакка Чыңгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы жана чыгармалары боюнча түркиялык адабиятчы-сынчылардын макалалары кыргызчага которулуп киргизилди. Дүйнө жазуучусу Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган дагы бир «Чингиз Айтматов: Эстетика и национальная основа» аттуу эмгек филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын калемине таандык.

Экономика жана башкаруу илимдери факультетинин деканынын орун басары Анаркүл Урдалетованын КЭУнун ректору Т.Камчыбеков жана Ж.Кыдыралиев менен биргеликте жазган “Финансы жана салым эсептөөлөрүнүн негиздери” аттуу окуу китебинин 2-басылмасы жарык көрдү. Эмгек көптөгөн маселелер жана мисалдарды камтыгандыгы менен өзгөчөлөнүп, бул багыттагы адистер үчүн гана эмес жөнөкөй окурмандар менен катар мектеп окуучулары үчүн дагы кызыктуу жана пайдалуу.

Инженердик факультеттин компьютер инженерлиги бөлүмүнүн профессору Бримкулов Улан жана ага окутуучу Барыктабасов Касымдын ‘E-Government Development in the Central Asian States: Best Practices, Challenges and Lessons Learned’ аттуу китеп бөлүгү жарыяланды.

Тил үйрөтүү бөлүмүнө караштуу кыргыз тили координаторлугунун ага окутуучусу Райхан Таштемирова «Кыргыз түрк прозасындагы нравалуулук маселесинин көркөм иликтениши: жалпылыктар жана айырмачылыктар» деген китеби, ага окутуучу Жамийла Бокоеванын «Эс тутум карталарын колдонуу аркылуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окутуу», тил үйрөтүү бөлүмүнө караштуу кыргыз тили координаторлугунун координатору, окутуучу Алтынбек Исмаиловдун «Мевлана» котормо китеби (Мевлана акындын өмүрү чыгармачылыгы жана айрым ырларынын которулушу), окутуучу Бакытбек Жунусалиевдин Балдарга арналган котормо китептери жарык көрдү.

 Илимпоздор сыйланды

Быйыл окуу жайдын мыкты окутуучуларынын эмгектери бааланып, бир топ сыйлыктарга ээ болушту. Айта кетсек, Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин ага окутуучусу жана Көчө футбол федерациясынын баш катчысы, доцент Анаркан Касмалиева Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланса, математика бөлүмүнүн башчысы, профессор Анаркүл Урдалетова Өкмөттүн Ардак грамотасы менен, айыл-чарба факультетинин деканынын орун басары, доцент Нурлан Маматов, батыш тилдери бөлүмүнүн башчысы профессор Чолпон Найманова, биология бөлүмүнүн окутуучусу доцент Назгүл Иманбердиева, математика бөлүмүнүн ага окутуучусу, доцент Элмира Абдылдаева, чыгыш тилдери бөлүмүнүн ага окутуучусу, доцент Алла Нарозова жана гуманитардык факультетинин ага окутуучусу, доцент Кадиан Бообекова  Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланышты. Дагы бир катар ийгилик жараткан окутуучуларга Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды.

Магистранттар жана студенттер жараткан ийгиликтер

Университеттин компьютердик инженерия бөлүмүнүн магистранттары жана бүтүрүүчүлөрү Жогорку Кеңештин  веб-сайты боюнча тендер утуп алышты. Анын негизинде сайт иштелип чыгып, ушул жылдын жай айларынан бери колдонулуп келе жатат. Веб-сайтты иштеп чыгуу укугун “AIO” компаниясы утуп алган. Бул компания университеттин бүтүрүүчүлөрү жана магистранттары тарабынан түзүлгөн.

Табигый илимдер факультетинин математика бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Руслан Сиддиков жана Данияр Дыйканов 2017-жылдын 14-апрелинде Астана шаарында Л. Н. Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университети тарабынан уюштурулган ХII эл аралык «Илим жана билим берүү – 2017» аттуу илимий конференцияда жаш илимпоздор жана студенттердин арасынан Р.Сиддиков  II даражадагы, ал эми Д.Дыйканов III даражадагы дипломго ээ болушту.

Ал эми Түркияда “Айдын Доган” фонду тарабынан уюштурулуп 29-жолу өткөн “Жаш медиа өкүлдөрү” аттуу конкурста университеттин коммуникация факультетинин студенттери Аяна Байтемирова, Бегим Жолдубай кызы, Илгиз-Шернияз Турсунбек уулу, Кайратбек Азимбаев, Касиет Кубанычбек кызы финалга чыгышып, мекенине бир топ сыйлыктар менен кайтышты.

 Түрк дүйнөсүн дүңгүрөткөн кыргыз кинолору

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ: ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Түрк дүйнөсү даректүү фильмдер фестивалында Кыргызстандын үч тасмасы: КР Эл артисти М.Мамбетакуновдун «Аталардан калган сөз» даректүү тасмасы профессионалдык категорияда 2-орунду, студенттер категориясында университетинин студенттери Касиет Кубанычбектин «Оймок» тасмасы 1-орунду жана Айзада Алиеванын «Дербиш» тасмасы 3-орунду алып, түрк дүйнөсүн дүңгүрөтүштү.

Фестиваль «Алты мамлекет, бир фестиваль» аттуу чакырык менен өткөн. Ага жалпы алты мамлекеттен — Азербайжан, Кипр, Македония, Түркия, Казакстан жана Кыргызстандан 85 фильм катышкан. Сексен беш фильмдин арасынан 12 тасма финалдык турга чыккан. Ошолордун ичинен Кыргызстандан барган үч фильм алдыңкы орундарды багындырган. Калыс катары КР Эл артисти А.Сүйүндүков жана КТМУнун ага окутуучусу С.Мамбеталиев чакырылган.

2017-жылдын эң мыкты тасмалары

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын мекени» аттуу VII эл аралык КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн кинофестивалында дагы окуу жайдын студенттери анимациялык тасмалар жана улуттук категория боюнча байгелүү орундарга ээ болушту. Улуттук сынакта Касиет Кубанычбек кызынын  «Оймок» фильми «Мыкты тасма» наамына,  “Бакыт”, тасмасы менен Мээрим Догдурбекова “Калыстардын атайын белеги” сыйлыгына ээ болду. Улуттук сынакта “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон тасма” номинациясына «Аңчылык» тасмасы менен режиссер Ильгиз Турсунбек уулу татыды. Сынакка жалпы отузга жакын тасма катышкан.     Андан сырткары «Мыкты режиссердук иш» наамын Евгений Чистяковдун «Ташкөмүр» тасмасы жеңип алды. Калыстардын атайын сыйлыгына Азамат Шаршеновдун «Жашоо керемет» тасмасы татыды.

Даярдаган Ч.Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер