“МАНАС” СТУДЕНТТЕРИН ТОСУП АЛДЫ

  • 26.10.2022
  • 0

“МАНАС” СТУДЕНТТЕРИН ТОСУП АЛДЫ

“Кыргызстандагы, Борбордук Азиядагы эң абройлуу жана алдыңкы окуу жайы катары “Манас” университети окуу-тарбиялык жана илимий изилдөө иштери, коомго маданий жана көркөм өнөр жаатында көрсөткөн кызматтары аркылуу өз максаттарына жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт”, — дейт Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Алпаслан Жейлан университеттин  Опера жана балет театрында өткөн 2022-2023-окуу жылынын ачылыш аземинде.  

“МАНАС” СТУДЕНТТЕРИН ТОСУП АЛДЫ

Окуу жайдын жетекчиси илим, тарбия жана жогорку билим берүү жаатында алгылыктуу иштерди аткарып, жаңы кадамдарды таштаган окуу жайыбыз бул позициясын, келечекке алып барчу күчүн сиздер – “Манас” университетинин кадырлуу окутуучуларынан, студенттеринен, мүчөлөрүнөн жана досторунан ала турганын айтып, студенттерине келечекте аткарыла турган иштер тууралуу айтып, дем-күч берди.

  • Муну да унутпагыла! “Манас” университетинде билим алууну биринчи орунга коюп тырышып окуйсуздар жана аябай чарчайсыздар. Ошону менен бирге “Манас” университетинин академиялык жана институционалдык маданияты, студенттик коомчулуктарынын иштери, маданий жана спорттук иш-чаралары сиздердин бардык күтүүлөрүңүзгө жооп бере алат. Биз Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары өндүрүштү баштаган университетпиз. Окуу жайыбыз «Манас» маркасында пастерленген быштак, ферменттелген колбаса жана бөдөнөнүн жумурткасын өндүрө баштады. ТИКА менен болгон кызматташтыктын алкагында университетибизде заманбап күнөскана ачылды. Күнөсканада студенттерге да, сектордун кызматкерлерине да күнөскана боюнча тренингдер уюштурулат жана бул жерде түрдүү өсүмдүктөр өстүрүлөт, — деди ректор.

“МАНАС” СТУДЕНТТЕРИН ТОСУП АЛДЫ

Университеттин биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев жыйырма жети жылдык университеттин тарыхында жаңы типтеги университет болуп курулуп, азыр дүйнөлүк аренага таанылган, абройлуу жогорку окуу жайга айлана алганын айтып, келечекте жасала турган иштерге токтолду:

  • Жаңы окуу жылына кандай максаттарды коюп жатабыз? Биз мындан 10 жыл мурда стратегиялык планыбызды түзгөндө кайсы тарапка багыт алабыз деген чоң талкуу болгон. Натыйжада биз эл аралык аренада  атаандаш боло турган бир университет болушубуз керек деген багыт алдык. Себеби эки боордош өлкө, Кыргызстан жана Түркия бир  максат кылып жаштарыбызга заманбап билим берүүнү койдук. Заманбап билим заманбап университетте гана берилет. Ал заманбап университетти ким ошондой деңгээлге чыгарат? Эң жогорку сапаттагы профессордук-окутуучулук курам, университеттин  билим берүү, илимий изилдөө инфраструктурасы жана билим алууга жагымдуу экосистема. Биз  эл аралык аренада жарышыш үчүн ошол  эл аралык аренанын тартиптерин жана критерийлерин курадык. Мына бүгүнкү күнгө чейинки бүтүн биздин жетишкендиктер көп жыл боюу биздин университетти эмгектенип келе жаткан мугалимдерибиздин эмгектери менен болду деп эсептейм.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин “Түрк дүйнөсү жана түшүнүктөр картасы” аттуу жаңы окуу жылынын ачык сабагы өтүп, андан соң мантия кийгизүү аземи болду. Түркиянын колунан көөр төгүлгөн уздардын колунан  жаралган Селчук, Осмон доорундагы кийимдердин көргөзмөсү иш-чарага көрк кошсо, эстрада жылдыздары жана университеттин хору тартуулаган концерттик программа шаңга бөлөдү.

Эскерте кетсек, быйыл «Манас» университети бир жарым миңден ашуун студент кабыл алды. Окуу жайда үч жүз сексенден ашык боордош Түркиядан жана Кыргызстандан окутуучулар иштейт жана алты миңден ашык студент окуйт. Жалпысынан,  токсон программада билим берет. 

“МАНАС” СТУДЕНТТЕРИН ТОСУП АЛДЫ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер