«МАНАС» ЭПОСУНА АРНАЛГАН СЕМИНАР

  • 04.12.2023
  • 0

Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектебинде 4-декабрь- «Манас» эпосунун күнүнө карата райондук деңгээлдеги семинар болуп өттү.

"МАНАС" ЭПОСУНА АРНАЛГАН СЕМИНАР

Ага Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акиминин орун басары А.П.Салиева, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ж.А.Жороева, усулдук кабинеттин башчысы Г.Ш.Ташибекова жана мектеп мугалимдери катышты. Семинарда эпостон үзүндү айтылып, сахналык көрүнүштөр аткарылды. «Манас» таануу» интеллектуалдык таймаш болду. Алдыңкы усулдарды камтыган мыкты сабактар өтүлдү. Айрыкча мугалимдер тарабынан аткарылган сахналык көрүнүшүнө баарын ыраазы болду.
Семинар бул мектепке коюлгандыгынын да бир себеби бар. Аталган мектептин окуучулары «Манас» таануу» интеллектуалдык таймаштын республикалык туруна катышып, чоң ийгиликти жаратышкан. Мугалимдердин колунан жаралган көрсөтмө куралдардын көргөзмөсү катышуучуларды кайдыгер калтырган жок. Мындай жакшы иш-чаралар райондун бардык билим берүү уюмдарында өтүүдө.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер