“МАНАС” ЭПОСУНА АРНАЛГАН  КИТЕП

  • 05.11.2020
  • 0

Ар мезгилдерде, ар башка уюмдарда үзүл-кесил, чачыранды болуп сакталып келген “Манас” эпосуна тийиштүү архивдик документтерди камтыган “Манас: документтер жыйнагы” аттуу китеп жарык көрдү. Бет ачар иш-чарасы 5-ноябрда КР Улуттук илимдер академиясында өттү. 

Жыйнакка 100 жылга жакын тарыхы бар “Манас” эпосун  жазып алуу жана иликтөө маселелери  тууралуу сейрек документтердин топтому камтылган.  Анын өзөгүн Улуттук илимдер академиясынын архивинде жана Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунда сакталып турган документтер түздү. Мындан сырткары КР Президентинин архивинде, Мамлекеттик архив кызматында сакталган документтер топтоштурулду. Китептеги материалдар манас таануу илиминин өзүнчө илимий багыт катары түптөлүү жана калыптануу процессинде катаал жолдорду басып өткөндүгүн далилдеп турат.

  • Басылма ХХ кылымдын 20-жылдарынан ХХI кылымдын алгачкы жылдарына чейинки мезгилди камтып, 80 басма табактан турган документтер менен бирге архивдик сүрөттөр менен толукталды. Жыйнакта түрдүү форматтагы иш кагаздары топтолду. Мындай көп түрдүү документтер окурманга  манас таануу илиминин жаралуу жана калыптануу жолундагы көйгөйлөр тууралуу кенен маалымат берет. Китеп актуалдуулугу, мазмундуулугу, сейрек тарыхый булактар камтылган жыйнак катары илимий жана практикалык мааниге ээ, — дейт Тил жана адабият институтунун жетекчиси Абдылдажан Акматалиев.

Жыйнак Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун академик Абдылдажан Акматалиев жетектеген окумуштуулар тобу тарабынан даярдалып, коомчулукка тартууланды.

Иш-чаранын алкагында аталган институт тарабынан 2015-2020-жылдары жарык көргөн китептердин “Илим мунарасы” көргөзмөсү уюштурулду.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер