«МАНАС» ЭПОСУ: ЖҮСҮП МАМАЙ ВАРИАНТЫНДАГЫ «КЫРГЫЗДАРДЫН ТАРАЛЫШЫ» ЖАНА «АЛООКЕНИН КЫРГЫЗДАРДЫ ЧАБЫШЫ»

  • 03.09.2020
  • 0

Көөнө манасчылар «Манас» эпосунун элдик катмарга сиңип калыптанышында, абалкы салты, ар бир манасчынын Манасты өздөштүрүп, таанымына жараша эч бир чектөөсүз окуяларды жаратышып, өз таланты менен иштеп чыгышкан сүрөттөлүштөрдө, идеясы жана саясатын ошол манасчы өзү жашаган чөйрөнүн саясый жана моралдык-нравалык абалына жараша элге жеткирип турушкан.

«МАНАС» ЭПОСУ: ЖҮСҮП МАМАЙ ВАРИАНТЫНДАГЫ «КЫРГЫЗДАРДЫН ТАРАЛЫШЫ» ЖАНА «АЛООКЕНИН КЫРГЫЗДАРДЫ ЧАБЫШЫ»

Тилекке каршы, кыргыздардын социалисттик доорундагы өнүгүүсүндө алардын жаратмандыгына кийлигишүүлөр көп болгон. Мисалы, Саякбай Каралаевдин варианты изилдөөчүлөр тарабынан толук бойдон өзгөртүлгөндүгү буга мисал боло алат. Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук Академиясынын илимий кызматкери, «Манас» эпосун изилдөөчү Самар Мусаевдин айтканы бар: «Күнүгө эртең менен ишке жөнөгөнөбүздө, сумкебизге спорт кийимдерибизди, чачык, самын, ж.б. бирге ала келчүүбүз. Анткени «мүмкүн бүгүн мени Мамлекеттик коопсуздук комитетинин сурагына алып кетсе, үч күн кармалып калышым мүмкүн» деп, ойлочубуз. А сурак, эпостогу тексттер боюнча болот эле. Ошол кездин саясатына туура келбеген ар бир сөз басмага берилбестен «тазаланып» турган. Ал кезде «кыргыздардын сабаттуулугу, маданияты Улуу октябрь революциясынан кийин гана калыптанып, улуу орус элинин жетекчилиги менен дүйнөлүк цивилизацияга кадам ташталды» деген бекем идеяда, кыргыздарга саясат жүргүзүлгөн.

Саясаттын таасиринен ал учурдагы «Манас» эпосу, тагыраак айтканда, Саякбай Каралаевдин варианты «баатырдык эпос» деп аталып, анын тарыхыйлыгы, кыргыздардын байыркы нукура тарыхынан алда-канча бурмаланган. Биз ал мезгилде тарыхсыз, жаңы жаралыштагы эл катары эсептелгенбиз. Ал түгүл, бар тарыхыбыз ачыкка чыгарылбай, тарыхый эпосту элдин ойлоп тапкан «жомогу» дегенге чейин барганбыз. Көз карашы ошол аралыкта, ошондой нукта калыптанып калган манасчылар, же ал варианттарды изилдеген манастаануучулар, азыр да кудум ошондой ой жүгүртүп, «оңдолгон» сюжеттен чыгып, четтеп кете албай келе жатат. Кыргыздар Ала-Тоодон Алтайга көчкөн десе, ага да макул болдук. А кыргыздардын тарыхынын нагыз өзү андай эмес эле.

«Манастын» чоң казынасына кошулган тарыхый да, баатырдык да варианттарды иргеп изилдөөгө келгенде, «мал туз жеген жерине кайтат» болуп, башка бардык варианттарды ошол өзү билген варианттын калыбы менен карагысы келген окмуштуулар пайда болду. Бул окумуштуунун чоң жаңылыштыгы. Анткени ар бир вариант «Манасты» өз тарыхы, окуялары, салттык көөнөлүгү жана анын жаңычылдыгы менен далилдеп, сүрөттөшү керек.

Кээде, Манасты айткандар менен изилдегендерге тамга тааныгандан башка билимдин деле кереги жоктой сезилип кетет. Себеби, миллиондогон сапты сабатсыз адамдардын-манасчылардын айлап-жылдап ырдын техникасы менен окуялардын түзүмүнүн жаңылбай айтышы, акылга сыйаарлык иш эместей көрүнөт. Бул тубаса Манас илиминен билимдүүлүктүн белгиси. Ал эми, окумал илим-билимдүү, илимдин жогорку даражаларына жеттим деген айрым окмуштуулардын «Манастын жүгүнө» алсыздык кылып, «тузун» көтөрө албай, «жол айры болсо, ит башы каңгы болот» болуп, варианттардын айырмалуулугунан «башы айланган» учурлары көп болот. Ошондуктан Манас сырдуу.

Манас өзү жактырган манасчыны жана манастаануучуну гана чакырып алат!

Биз да буга макул болуубуз шарт. Антпесек, эпос менен негиздүү иш кыла албайбыз. Бул тыянак, көптөгөн тажрыйбалардан кийин аныкталган чындык жана буга далил бир нече мисалдар бар. Дагы бир жандуу мисалга токтололу: 2019-жылдын 13-июнунда «Кыргызтюдей» телеканалы аркылуу филология илиминин доктору, профессор Ж.Орозобекованын интервьюсунда, Жүсүп Мамай вариантын карап жатып, «баатырдык эпос» менен «тарыхый эпосту» дал келтире албай, чаташып (интервьюну угуп олтуруп, Ж.Орозобекованын илимий даражасына татыктуу илими бардыгынан да шек санап калдык), акырында залкар манасчы Жүсүп Мамайды Манас дүйнөсүнөн сүрүп чыгууга кылган негизги адашуулары «пилге тийишкен чычкандын аракетине» окшоп калган. Муну менен Манас илимдин докторлорун да кааласа гана өзүнө жакындатып, урухуна «чакырат». Каалабаса, өз аракетинен жакындаган — «адашкандарды» чаташууларга тушуктуруп, «ушундай кылат» дегендей…

«Манас» эпосу менен иштеп жатканда, сенин илимиңден сырт, урухтук дал келүүчүлүгүңдү, адамдык бир топ даярдыгың териштирилип тургансыйт. Аны башка билбесе дагы «Манастын» ээси — кыргыз баласы билет. Бирок көп учурда илимдеги «чаламоңолдор» менен «чаламолдолор» муну моюндагысы келбейт.

Менин бул макаланы жазуума жогорудагы интервью бирден бир себеп болду. Экинчиден, мен бул макаланы кечирээк жазып жатам, анткени дагы кимдердин кандай пикири бар, алардын ойлорун күтүүгө да туура келди. Илимде шашылуу чоң каталарга тушуктуруп коюшу мүмкүн эмеспи… Анткени Адам, изилдеп жана үйрөнүп бүтпөйт.

Анда, биз Жүсүп Мамайдын «Манас» эпосуна кирип, андагы «Кыргыздардын таралышы» деген аталышын карайлы: эпос алгач «Алгы сөз» менен башталып, кара сөз түрүндө «Манас» эпосу пайда болгон доор жана райондор» деген кичи бөлүмдө эпостун тарыхыйлыгына токтолгон. Анда, кытайлык изилдөөчүлөрдүн чет элдиктер менен биргелешкен ой жүгүртүүлөрүндө үч түрдө караштары берилген: VIIIIX кылымда эне-сай доорунда, IXXI кылымда алтай доорунда, XVIXVIII кылымда жуңгар доорунда Манас жашаган жана эпос пайда болгон деген көз караштарын айтышат (Жүсүп Мамай, «Манас» 1(1), 1984-ж.).

Манастын жашоо доору менен эпостун пайда болуусу кандай байланышат? Манастын замандаштары-чоролору Ырамандын ырчы уулу Каратай, Жайсаң манасчылар 1-манасчы катары эсептелип жаткандан кийин, демек, баатыр Манас менен эпостун жашы тең. Бул менин пикирим.

Эми, эпостун өзүн IXX кылым ортосунда жарыкка чыккан деп кытайлык изилдөөлөр токтомго келишип, эзелки кыргыздар өз кезинде Эне-Сай дарыясынын жогорку агымында жашашкан деген далилге таянышат. Бул туура айтылган көз караш.

Биз кыргызстандык кыргыздар бул тарыхты билбейбиз. Ага жогорудагы саясат күнөөлүү.

Кыргыздардын…- биздин тарыхыбыздын түпкүлүгүнө көз чаптырсак, VI кылымдан XI кылымга чейин Улуу талаанын ээси кыргыздардын Кыргыз каганаты тарыхка даана жазылып, жазууда жок, мурдагы жерлерин тизмектеп, Камчаткадан Брестке, Мурманскийден Кушкага чейинки аймакты камтып турган. Мындайча айтканда, 1916-жылдан 1991-жылга чейин өз саясатын чексиз жүргүзүп келген, жалпы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун ээлеген бардык территориясынын түпкүлүгү кыргыздардын жери болгон. Бул тарыхый чындыкты ал учурдагы саясат ачыкка чыгаргысы келбей, Россиянын жеке ээлигине кирип, аймагы катары эсептелгендиктен, Эне-Сай кыргыздардын жери экендигин көмүскөдө жашырып, Кыргызстанда жарыяланган, саясатташкан эпостун текстине «кыргыздарды Ала-Тоодон Алтайга келгиндер катары» түшүндүрүүгө аракеттенишкен.

Тарыхтагы орду боюнча, Эне-Сай, Ала-Тоо, Алтай аймактары кыргыздардын көөнөдөн өз жерлери.

Кытайлык изилдөөчүлөр бул тарыхты билгендиктен жана мамлекетинде эч кандай улуттардын тарыхына чектөөлөр болбогондуктан, алар Манастын тарыхыйлыгын даана ачып, манасчы Жүсүп Мамай өзүнүн вариантын тарыхка шайкеш келтирип, Ала-Тоонун Ат-Башысында хан Кошой турган мезгилде, кыргыздар ойроттор менен чабышта жер ооп барганы да сүрөттөлүп, кыргыздардын бир бөлүгүнүн токтолгон чөйрөсү — Эне-Сайда кыргыздар өз жеринин ээси катары жердеп турушкандыгын, бирок, ойроттордун ал жерлерге чейин баскынчылыгы өкүм сүрүп тургандыктан, аларга көз карандылыгы айтылат. Бирок түпкүлүгү кыргыздар ошол жерден таралышкандыгын манасчы эпосто төмөнкүдөй айтат:

«МАНАС» ЭПОСУ: ЖҮСҮП МАМАЙ ВАРИАНТЫНДАГЫ «КЫРГЫЗДАРДЫН ТАРАЛЫШЫ» ЖАНА «АЛООКЕНИН КЫРГЫЗДАРДЫ ЧАБЫШЫ»

Мурунку өткөн чактарда,

Чыгыш-түндүк жактарда,

Эне-Сай деген жер болгон.

Эне-Сай элин башкарган,

Калмамай деген хан болгон.

Хан болгондо Мамайга,

«Кал» деген лакап жоюлуп,

«Хан Мамай» деп ат койгон.

Кийинчерээк өнүктү,

Кырк уруу болуп бөлүндү.

Хан Мамай кырк жыл хан болду.

Уруктап тукум бутактап,

Кырк уруу кырк жүз эл болду.

Кырк уруулуу кырк жүзгө,

«Кыргыз» деген ат конду.

(«Манас» эпосу, 1(1) китеп, түпкүлүк китепте 22-23-беттер, Жүсүп Мамайдын варианты).

Жүсүп Мамайдын вариантынын «тарыхый эпос» экендигинин далили ушунда бекемделет.

Бул тарыхтан кабары жок, саясатташкан варианттарга «жаш баладай» ишенип, аны илим катары бир тараптуу карманып алган, варианттарды салыштырууга маани бербеген илимдин доктору, профессор Ж.Орозобекова Жүсүп Мамайдын катасын табууга далаалат кылган, «өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башынан чөп издеп». Профессордун экинчи тайкылыгы, ал таянган Жүсүп Мамайдын вариантынын 2004-ж. жана 2012-жылдардагы Кыргызстанда которулуп даярдалып, Кытайда жарык көргөн, «адам колго алгыс» чаласабат жазылып чыгарылган, кимдин котормосу экендиги белгисиз китептерге таянып макаласын жазгандыгында. (Ал китептердин биринчи эле бетиндеги каталарды көрсөтөм: коллегийа Мудуру, Алипбе тартиби, редаксыйалык коллегыйасы, Ардак гуруппа Башчысы, Гүрүппа башчысы, ж.б. Ичин ача электеги каталар). Мына ушул китептерди, илимдин доктору, профессор Ж.Орозобекова кантип чыдамы жетип окуп чыккандыгына, китеп эле окуй алган жөнөкөй сабаттуунун акылы жетпейт, менимче. Ошол китепти окуп чыгуусу жана аны изилдөөсүнүн жүрүшү менен окумуштуу айрым тексттерге талдоо жүргүзгөнгө батынган. Жогорудагыдай каталар менен которулуп басылып чыгарылган китептерге убакыт коротуп окуп, изилдейм деген аракетине баракелде, окумуштуунун.

Жүсүп Мамайдын вариантындагы «Кыргыздардын таралышында» кандай айтылат.

Калмамай (Хан Мамай), анын уулу Бөдөнө хан. Бөдөнөдөн Бөкөй. Бөкөй начар туяк чыккандыктан, арадан он беш ата өткүчө кыргыздар чачылган.

Кийин Бөдөнө хандын урпактарынан кайрадан Бөйөн хан, андан Чаян хан, Чаян хандан Карахан кыргыздарга хандык кылган.

Карахандан уруктап, бирок, анын өз баласы эмес, уруктан чыккан Орозду баатыр болгон.

Эне-Сайда Орозду баатыр беш аял алды. Алар «беш уз» аталышты. Эпосто — 1-бөлүм, 1-китепте алар жөнүндө мындай айтылат:

Карахандан уруктап,

Орозду баатыр тараган.

Орозду баатыр чоңойду,

От, жалындай эр болду.

Кылымдан тандап кыз алды.

Оймоктуудан уз алды.

Берметтей мүлдө сулуудан,

Бирди эмес, бешти алды.

Ороздунун «беш уз» деп,

Эл ичинде кеп калды.

Чоң катындан туулган,

Жакып менен Шыгай хан.

Экинчи катын балдары,

Катаган менен Каткалаң,

Үчүнчү аял баласы,

Балта менен Жамгырчы,

Төртүнчүсү төрөптүр,

Касиет менен Калканы.

Текечи менен Кызылтай,

Кичи катын балдары.

Ороздунун он уулу,

Беш катындан тарады.

Эми 1997-жылы, мен Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук Академиясы тарабынан жөнөтүлүп (КРнын УИАнын Президентинин милдетин аткаруучу В.В. Плоскихтин колу менен), Кытай Эл Республикасынын илимий кызматкерлери жана манасчы Жүсүп Мамай менен кызматташууга Аз сандуу Илимдер Академиясына Үрүмчү шаарына барганымда, манасчы Жүсүп Мамай китебинде жазылгандан башка, төмөндөгүдөй түпкүлүк текстке кошумчалап, өзгөчө айтуу мотивин белгилеп берди:

Карахандан Орозду,

Ойротто жок чоң болду.

Жердеген жери Эне-Сай,

Беш катындан он уул.

«Ороздунун он уул», деп,

Айтылып калган кеби, бул:

Жакып, Шыгай бир катын,

Катаган менен Каткалаң,

Ал экөө да, бир катын.

Акбалта менен Жамгырчы,

Өтүп кетти, үч катын.

Касиет, Калка төрт катын.

Айтылган сөзгө карасак,

Казактар мындан тарасын.

Текечи менен Кызылтай,

Кичи катын балдары.

Ороздунун он уулу,

Беш катындан тарады.

Ушул жерден, манасчы Жүсүп Мамайды жазма манасчы, ал айта албаган деген тыянактарга жооп да табылып жатат. Анткени, бир эле мазмуунду манасчы эки түрдүү айтып, анын айтуучулугу далилденүүдө. Манасчыларга берилген «миллиондогон саптарды жатка айткан» деген аныктама, эпостогу бир окуяны башка-башка ыр саптары менен улам жаңыртып айтууларына негизделген маселе.

Орозду баатырдын тукуму 90000 үйлүү элге жеткен. Ошондо, Эне-Сайга батпай, Адибай, Көлбай, Ташбай 20000 үйлүү эл менен Букарга көчкөн. Кулатен, Элеман, Алаке, Кендирбай, Көрөңгө, Кочкор, Кыпчакбай Эне-Сайда калышкан.

Мына, кыргыздардын таралышы манасчы Жүсүп Мамайдын айтуусунда ушундай берилген.

Вариантта «Алоокенин кыргыздарды чабышы» деген 2-аталыш киргизилген.

Анда, Алооке деген бар экен,

Атагы көпкө даң экен.

Каракытай, калмакты,

Бийлеп турган хан экен.

Алооке басып турган жер,

Нарын деген шаар экен, — деп айтылат. Алоокенин Нарынды Кытайдан келип, басып алгандыгы белгиленип турат. Ушул жерге бир тактоо киргизели. Ошол кезде эле «Нарын» шаар болгонбу? Болгон. Андай дегенибиз, ал жерге каракытай (кидан), калмак көп эл жайгашкан. Калмак, кытайлардын хандыгы жайгашкан жерлер, «шаар шартындагы» өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган. Тургузган үйлөрү, чарбалары да ошого ылайыкталган. Ошондуктан «шаар» деген сөзгө өзүнөн-өзү аныктама берилип жатат.

1995-жылы «Манас-1000» мааракеси өтүп жатканда, Таласка илимпоз Л.Жүсүпакматовдун көрсөтмөсү менен үч кабаттуу боз үй тигилген. Ошону манасчы Жүсүп Мамай көрүп, «бул — калмактардын үйүн тигип алыпсыңар» деп, боз үйгө кирбей койгон. Ал үйдү кадимки кыргыздардын боз үйүндөй каалаган убакта чечип, тиге берүүгө мүмкүн болбогондуктан, бир тигилген боюнча пайдаланылган. Бул мисал дагы, калмактардын көчмөн эмес, турактуу үйлөрдө жашап, конушун шаарга айлантканынан кабар берип турат.

Нарынды Алоокенин басып алышы Орозду өлгөндөн кийин болгон.

Эне-Сайдагы кыргыздарды «кезик» оорусу каптап, оорудан Орозду да дүйнө салгандан кийин, Ороздунун он уулун тең, Алооке чаап (басып) алган.

Кыргыздар Алоокенин кол алдында болуп калганда, ал өзүнүн Албай, Кызай деген калмактарына, кыргыздардын Касиет менен Калкасын 30000 үйлүү эли менен ирегелештирип, жогорудагы эки калмактын энчисине бөлдү.

Андагы кыргыздар кийин балалуу болгондо, балдарына алардын атын атап коюп, ал кыргыздардан тарагандар — кыргыздар эле, Албай, Кызай уруулары болуп калышкан.

Калмактардын дагы бир Ногой аттуу байы болгон. Ал «Балык-арт» деген жерди жердеген. Манасчы Жүсүп Мамай варианты боюнча, Жакыптын атасы Ногой эмес, Орозду баатыр. Ал жөнүндө текстте:

Алооке калдай, Жакыпты,

Ногой байга бериптир.

«Ногойдун эли» деп жүрүп,

Аталып «Ногой кетиптир, — деп берилет.

Бир энеден-жатындаш бир туугандар Жамгырчы менен Балта ич ара Манастын төрөлүү аянын билишкен. Ал эл арасында дайын болуп калгандан кийин, аны угуп калган Алооке «буларды бөлбөсөм болбойт экен» деп, эки жакка бөлүп жиберген.

Балта дөөнү Алтайдын Чамбыл-белинде Нойгут деген калмакка короолош кылып кондурган. Ошондон Балтанын аты «Нойгуттардын Балтага» өзгөргөн.

Жамгырчы менен Шыгайды кошуп, Самарканга кууган. Ал жерде алар Эштек деген калмактын карамагында болгон. Ошондон кийин «Эштектердин Жамгырчы» болуп аталып калган.

Катаган менен Каткалаңды хан Кошой башкарып, ал мурда эле Ат-Башыны жердеген. Ага калмактардын күчү жетпей, аны «калды кыргыз» дешип, кийин «кара кыргыз» аталып калган. «Кара» деген сөздүн дагы бир мааниси бар, кыргызда. «Кара» деп күчтүүнү да атайт. Мисалы,

кара баатыр — күчтүү баатыр, теңдешсиз дегенди да түшүндүрөт. Мындайынча караганда, «кара кыргыз» — күчтүү кыргыз болуп да түшүндүрүлөт.

Каткалаңдын баласы Карача, ал кыргызга хан болгон. Карачанын кызы Сайкал — эр Сайкал.

Кызылтайды Муз-Тоодо тажикке кошту дейт, эпосто.

Кыргыз менен тажикти,

Кыпчак калмак ээледи.

Кызылтайдын элине,

«Кыпчак» аты конгону.

Кызылтай — кийин кызыл уул аталып кеткенби… Санжырада кыпчактар «кызылуулдар» да болуп айтылат, азыр.

Ал эми, Текечиден бала калган эмес.

Кыргыздардын жерлиги жана таралышы, залкар манасчы Жүсүп Мамайдын айтуусунда ушундай айтылып, кыргыздардын көөнө тарыхына өтө жакын негизделип сүрөттөлгөн.

Эми, окумуштуу Ж.Орозобекованын Жүсүп Мамайдын «Манас» эпосунун түпкүлүгүнөн адашып калган, катасы көп китептен калпып алган астейдил изилдөөлөрүнөн чыгарылган тыянактары, окуп негиз кылган китептери кандай ката болсо, ал окугандарына таянып чыгарган тыянагы да ошондой ката болуп тургандыгы окумуштуунун кадыр-баркын кыйратып жаткан далилдер. Демек, илимдин доктору, профессор Ж.Орозобекова окуп алып, ага баам салбай изилдеп, жаңылып жаткандан кийин, караламан окурмандар окуса оюн жыя албай калбасы үчүн, 2004-ж. жана 2012- жылдарда жарык көргөн, Кытайдан басылып чыккан китептерди, ага кошуп өзү араб арипти билбей туруп, текстин милдетине жооп бере турган негизги котормочулары белгисиз, эпостун ар ким которгон котормосун чогултуп милдетин алып, чыгарып жиберген Ч.Субакожоеванын 8 китептен турган вариантын да окурмандар чөйрөсүнөн четтетүү талапка ылайык.

«Манас» эпосунун Жүсүп Мамай варианынын 18 китептен турган көлөмүн өзү кайра барактап, алымча-кошумча киргизип, бир ай бою баштан-аяк көздөн өткөрүп, 1997-жылы манасчы 79 жашында мени менен бирге карап чыккандан кийин, Кыргызстанда котормосун китеп кылып чыгарууга менин колума тапшырган. Китептерге кошуп, академик, жазуучу Ч.Айтматовго карата, китептин котормосуна «Баш сөз» жазып берүүсү үчүн, жана ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевге «Билдирүү кат» берип жиберген. Ч.Айтматовго жеткирүүнү суранып, уулу Аскар Айтматовдун, А.Акаевге берүүгө, анын кеңешчиси, академик А. Ч. Какеевдин колдоруна тапшыргамын. Кийин Ч.Айтматов «Баш сөз» жазды. А.Акаев да алгандыгын билдирди. Ошентип, азыр түпкүлүк варианттын китептери оңдоолору жана кошумчалары менен менин колумда турат. Котормосун басмадан чыгарууга КРнын УИАнын Түштүк бөлүмү тарабынан бекитилген 2011-жылы 5-майдагы №5 Токтому да бар. Болгону каражат маселесинин чечилбей жаткандыгынан түпкү китептерден котормонун критерийлери сакталып которулган, манасчы Жүсүп Мамай кайрадан карап чыккан варианты жарыкка чыкпай турат. Ошондуктан азыр, бул варианты ар кайсы котормолордун негизинде изилдөө, жогорудагыдай бир топ жаңылышууларга тушуктуруп, ар кандай чаташууларды жаратып коюулары анык.

Орозбүбү Сатиш кызы,

КРнынУлуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү,

залкар манасчы Жүсүп Мамайдын «Манас» эпосун

араб арибинен кирилл жана латын тамгаларына

которгон котормочу, манастаануучу

Бөлүшүү

Комментарийлер