“МАНАС” ЭПОСУ: МЕЗГИЛ, ТАРЫХ ЖАНА ИЛИМ”

  • 31.10.2022
  • 0

Ушундай аталыштагы “Манас” эпосунун С.Орозбаковдон жазылып алынышынын 100 жылдыгына жана “Манас” эпосун изилдөөгө багытталган 1952-жылдагы Бүткүл союздук илимий конференцияга 70 жыл болушуна арналган эл аралык илимий-практикалык конференция 24-ноябрда Бишкекте өтөт.

“МАНАС” ЭПОСУ: МЕЗГИЛ, ТАРЫХ ЖАНА ИЛИМ”
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулууда. Уюштуруучулар республикалык жана чет элдик окумуштууларды, докторанттарды, аспиранттарды конференцияга катышууга чакырат жана илимий баяндамалар иш-чара өткөн күнгө чейин кабыл алынарын маалымдайт.
Жыйын төмөнкү багыттарда иш алып барат:
• “Манас” эпосун изилдөөнүн тарыхы, теориялык маселелери:
А) “Манас” – улуттук идеологиянын уңгусу;
Б) “Манас” гуманитардык жана табигый илимдердин контекстинде;
В) “Манас” эпосундагы кыргыз элинин каада-салт эрежелери (аш,
той, ырым-жырым, жөрөлгөлөр).
• “Манас” эпосу чет элдик окумуштуулардын изилдөөлөрүндө;
• “Манас” эпосунун чет тилдерге которулушу.

Кыскача маалымат: 1952-жылы “Манас” эпосунун элдүүлүк проблемасын талкуулаган илимий форум жалпы союздук масштабда өткөн. Бул манас таануу илиминин тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ дата эле болбостон, бүткүл элдин маданий тагдырындагы бурулуш учур болуп, он беш союздук республиканын бирин түзгөн кыргыз элинин эстутумунда, социалисттик доордо илимий прогресстин жолунда мамлекеттик идеологиянын чеңгелинен суурулуп чыккан күн катары сакталып калды. Иш-чара СССР ИАсы тарабынан демилгеленип, жалпы союздук масштабдагы Александр Боровков, Александр Бернштам, Мухтар Ауэзов, Болот Юнусалиев, Медина Богданова, Өмүркул Жакишев, Бүбү Керимжанова сыяктуу бир катар окумуштуулар катышып, эпостун элдүүлүк маселесин талкуулашкан.

1952-жылы 1-августта ССР ИАнын Президиумунун жыйынында “Манас” эпосуна арналган илимий конференциянын жыйынтыктары талкууланып, натыйжада алты пункттан турган токтом кабыл алынган. Анда эпос элдик деп табылып, 1953-55-жылдар аралыгында бириктирилген вариантты иштеп чыгуу сындуу чечимдер белгиленген.

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту 2012-жылы иш чаранын 60 жылдыгынын урматына эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурган. 2020-жылы “Манас” документтердин топтому деген аталышта көлөмдүү эмгек жарыкка чыккан. Анда 1952-жылы июнь айында өткөн эпостун элдүүлүгү боюнча өткөн конференциянын стенограммасы толук киргизилген.

Бөлүшүү

Комментарийлер