“МАНАС” ЭПОСУ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

  • 10.01.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрилиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору менен бирдикте “Манас эпосу балдардын дүйнөсүндө” ” темасындагы манас таануу, комуз, төкмөчүлүк,  комуз менен ырдоо  боюнча мектептик, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мугалимдеринин билимин жогорулатуу курсун 8-19-январга чейин өткөрүүдө.

“МАНАС” ЭПОСУ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

“МАНАС” ЭПОСУ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

— КР Президентинин “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” — кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасын окутуу жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар Токтомунун негизинде (24-апрель 2022-ж.) Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору республикадагы мектептеги жана мектептен тышкаркы мугалимдердин профессионалдык деңгээлин жана педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүү максатында “Манас” эпосу балдар дүйнөсүндө” темасындагы манас таануу, комуз боюнча мугалимдеринин (мектептик, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын манасчылык, дастан айтуу, төкмөчүлүк, комуз, комуз менен ырдоо боюнча ийрим жетекчилеринин) он күндүк курсун өткөрө баштадык.                                                   Бул курстун программасы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайрадан даярдоо республикалык институтунун, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “2023-2024-окуу жылына билим берүү кызматкерлеринин билимин жогорулатуу план-графигине” ылайык ишке ашырылып жатат, — дейт борбордун директору Ира Балтабаева.

Аталган курс 2024-жылдын 8-19-январына чейин Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда өтөт. Бул курс мугалимдердин билимдерин жогорулатуу менен “Манас” эпосун балдардын арасында жайылтууга, аны тереӊдетип окутууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер