«МАНАС» АР БИР ДООРДО АКТУАЛДУУ
- 04.12.2024
- 0
“Манас” кыргыз элинин тарыхый эпосу- фольклористика илиминин чөйрөсүндө дал ушундай аныктама менен аталат. Эпостун классикалык варианты үчилитиктен туруп толук тексти 500.553 сап ыр жолун түзөт, манасчылардын айрымдары “Сейтектен” кийин да версияларды айтып көрүштү, арийне, илимдин объектисинде “классикалык” деген аталыштын параметрлерине толуккандуу жете бербегендиктен бийик деңгээлине көтөрүлө алган жок.
Классикалык вариант болгон “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги 2014-жылы 4-декабрда адамзаттык маданий мурас деген баага татып, ЮНЕСКОнун тизмесине катталды. Бул кыргыз мамлекети үчүн, илимде жана маданиятта адамзаттын тарыхында из калтыруу деген чоң сыймык, кыргыз урпагынын ар бири көөдөнүңдө көтөрүп жүрүп өтө турган чоң мактаныч.
Кыргыз Республикасында 4-декабрь күнү «Манас күнү» деп майрамдалат. Бул күн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомунун негизинде, Жогорку Кеңештин парламентинин ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгелери аркылуу кабыл алынган.
“Манас” эпосу — атпай журтка, жалпы адамзаттын ааламий маданий дүйнөсүнө көркөм чыгарма таризинде кабылдандырылып калган менен, кыргыз элинин узак жана тарыхый басып өткөн жолун, кыргыз элинин эле эмес, анын айланасындагы башка этникалык катмарлардын тагдырын кошо чагылдырып көөдөнгө өчкүс кылып, тунук акыл-эс, касиет менен эс-тутумга чөгөрүп оозеки айтылып калган летопись.
Эпостун илимдин объектисине алынганы XVl кылымда жазылган Сайф Ад-дин Аксыкентинин Маджму-ат -Таварих перс тилинде жазылган тарыхый эскермесин атабаганда, изилдөө ишинин 1856-жылдан тарта 168 жыл тарыхы бар, азыр көптөгөн илимдердин башатында турган манас таануу деп өзүнчө тармакка айланды.
Кыргыз Улуттук илимдер академиясы 1943-жылы СССРдин Кыргыз филиалы болуп ачылгандан бери Тил жана адабият институтунда фундаменталдуу илимдин бири катары орун алып өнүгүп келе жатат.
Бул доорлордо “Манастын”илимий объектке алынышы бир нече фазадан турган. Адегенде текстти жазып алуу, аны изилдөө, жана толук вариантын басып чыгаруу жүрдү. Учурда Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын алтын казынасында 78 ден ашуун толук жана толук эмес варианттары, версиялары араб, латын, кирилл ариптеринде сакталууда. “Манастын” эң соңку классикалык үчилтик варианты, 1995-жылы залкар манасчы Ш. Азизовдун оозунан магниттик лентага түшүрүлгөн жана 2014-жылы илимий басмадан жарык көргөн.
КУИАсынан эгемендүүлүккө жеткен жылдардан бери жыйырмадай негизги делинген варианттары илимий, көркөм, илимий академиялык таризде даярдалып, басылып элге тартууланды, анткен менен Кыргыз Республикасынын калкынын жалпы санына салыштырмалуу 1%да түзө албайт. Бул элдин жалпы катмарына толук жете элек деген сөз. Мамлекет тарабынан бир гана жолу атайы каржы бөлүнгөн 1995- жылы, андан кийинкилери меценаттардын демөөрчүлүгү менен чыгып келе жатат.
Кезинде “Манас” үчилтиги дүйнөлүк окумуштуулардын назарын бурган, адегенде башка өлкөлөрдүн окумуштуулары жазып, жаңылык катары ачып, анын тарыхыйлуулугуна жана поэтикасына баа берди, октябрь революциясынан кийин так айтканда 1922-27-жылдары Сагымбайдын вариантын жазып алгандан тартып, өзүбүздүн окумуштуу, агартуучуларыбыз жол сала башташкан.
Текст пайда болгондон тартып көп узабай котормо иштери да башталган. Сап боюнча которуу, көркөм которуу, поэзия тилинен мазмунун кара сөзгө айландыруу иштери жүрүп келди.
Убагында фольклористиканын манас таануу илими боюнча фундаменталдуу адистерден турган акыркы топ КУИАда ал кезде “Манас” сектору болгон, анда илимдин кандидаттары: С.Мусаев, А. Жайнакова, Р. Сарыпбеков, Т. Абдыракунов, Ж.К. Орозобекова, Р. Карымшакова, О. Исмаилов, Б. Садыков, Б. Жапаровалар бөлүм башчы, академик Р. З. Кыдырбаеванын алдында иштедик. Эжебиз ал кезде Кыргызстан боюнча жалгыз доктор болгон. 65 жылдык илимий тажрыйбасы менен Р.З. Кыдырбаева теориялык, аналитикалык изилдөөнүн тематикалары боюнча манас таануучулардын мектебин түздү. Натыйжада илимдин беш докторун: Ж.К. Орозобекова, Г. Жамгырчиева, К. Абакиров, Н. Бекмухамедова, К. Калчакеевди жана К. Талиева, А. Бакиров ,Т. Айталиева ж.б. болуп 20 чукул илимдин кандидаттарын чыгарды. Эми ошол мектептин өкүлдөрү илимий адистерди корготуп жатат. Арийне КУИАнда “Манас” бөлүмүн кайрадан ачуу зарылдыгы зор.
“Манастын” спецификалык жактан табиятынын өтө оор болгонунан улам жана көп жылдык тексттик тажрыйбаны, экспедициялык талаа иштерин уюштуруу, фольклорго жаатташ илимдерге сугарылмайын “Манасты” толук кандуу изилдей албай тургандан улам, адистер да өтө сейрек.
Бул жылдардын аралыгында “Манастын” басылмалары институттун академик А. Акматалиевдин жетекчилиги, редакторлугу алдында жарык көрүп келе жатат. Ушул эле багытта агайдын жетекчилиги алдында манас таануу боюнча Т. Бакчиев сыяктуу илимдин докторлоруу, ондогон кандидаттары чыкты.
Илимде кадр маселеси дайыма көйгөйлүү. Бизде фольклористика боюнча адистер жетишсиз болгон. Академик Акматалиевдин жетекчилиги алдында биринчи жолу “Манас” боюнча, өзүнүн эне тилинде Кыргыз Республикасында 1994-жылы кандидаттык диссертация коргоого, ал эми 2015-жылы докторлук диссертация коргоого Окумуштуулук Кеңеш түзүлдү. Бул Кеңеште манас таануучулар менен бирге фольклордун башка багыттары боюнча адистер илимдин докторлору, кандидаты илимий даражаларга жетишип келишет.
Тил жана адабият институтунда “Манастын” проза түрүндөгүсү, котормолору даярдалды, эки томдук энциклопедиясы түзүлдү, кийин классик айтуучулардын энциклопедиялары, түшүндүрмө сөздүк жарык көрдү.
Илимде “Манас”эпосун башка тармактардын аспектисинен семиотикалык негизде изилдеп илимий даражаларга ээ болушкан адистер да өсүп барат.
Акыркы учурларда жазуучулар да кызыгып, адабияттын роман, повесть, драма, поэма жана искусстводо күү, симфония, опера жанрларында күчтөрүн сынап көрүштү. Демек, “Манас” кыргыз илиминде, маданиятында кеңири кулачын жайып келе жатат дегендик, бул жагдай да илимпоздор үчүн дагы бир өзүнчө изилдене турган маанилүү маселе.
Негизги жоопкерчиликти, ишти окумуштуулар аткарат, үндөбөй иштегендер илимпоздор, анткени ошондой интеллектуалдык маданиятта калыптанган. Арийне, элдин руханий маданиятын көтөргөн, алдыга кумурскадай тартып келе жаткан илимпоздордун социалдык, экономикалык, моралдык абалына мамлекет тарабынан караманча камкордук көрүлбөгөнү, стимул бербегени Манас!,- деп ураан чакыргандардын патриоттуулугун куру жаңырыкка айландырат, бул ачуу чындык.
Илим-билимдин, санариптик техниканын өнүккөн доорунда улуттун нарк-насил, тил, маданият, инсандын руханий калыптануу маселесине келгенде элдик салттын ченеминен чыгуу, өткөн тарыхыбызга кайрылып, өткөндүн баалуулуктарына карата түзөлүп алдыга жылуу, өнүгүү-өсүү жолунда болуубуз керек. Албетте кыргыз элинин мындай баалуулуктары “Манаста” сакталган.
Билгенге “Манас” — жашоонун мугалими, ал жалпы адамзаттык мааниде алганда, жан дүйнөнүн азыгын толтуруучу жашоонун маңызын туюндуруучу идеологиялык нуска, жашоонун жолунда дайыма багыт берүүчү жана тарбиялоочу, руханий маданиятты калыптандыруучу күчкө ээ.
Ушул мааниден улам, 1993-жылдан баштап 11-класска 18 саат көлөмүндө “Манас” таанууну окутуу киргизилген, акыркы программа боюнча (2014-ж.) 15 саат көлөмүндө окутулат. Кийинки жылдары (2006-ж.) “Манас” таануу курсу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 30 саат көлөмүндө киргизилген экен, анын жарымы лекция, жарымы семинар. Мектеп жашындагы балдарга, жогорку жана орто окуу жайларында “Манас” эпосун окутуу жана “Манас” таануу курсун заманбап методикалык жактан жабдуу акырындап жүзөгө ашып келе жатат.
Үчилтикти мектепте окутуунун тажрыйбасы эл мугалими Б.Исаковдун, жогорку окуу жайларында филология илимдеринин доктору Ж. К. Орозобекова тарабынан курстук лекциялар жыйнагы чыккан. Көптөгөн окумуштуулар түрдүү адистик багыттарга ылайыктап окуу куралдарын жазышты, чыгарышты, методикасы боюнча филология илимдеринин доктору С.Байгазиев, педагогика илимдеринин доктору С.Рысбаев тарабынан түзүлгөн жана практикада колдонулууда.
Ошондой болсо да мектептерде, жогорку жана орто билим берүү жайларында манас таануу сабагын өтүүдөн баш тарткан окуу жайлар да жок эмес. Эгерде мамлекеттик стандарттан алып сала элек болсо, милдеттүү окутулса туура болор эле, эмесе “Манасты” таануу кружок, же тандалма сабак катары окутулушу, же таптакыр программадан алынып салынышы өтө намыстуу көрүнүш, сүрүп салуудан мурда ойлонууга туура келет.
Ааламдашуу заманынын туу белинде турган учурда, ар бир улут, маданий баалуулугун сактап калууга жанталашып жаткан кезде, ар кандай ички жана тышкы таасирлерден улам, кокус, кыргыз элинин тарыхый басып өткөн жолунан маданий дүйнөсүнөн, кыргыз болмогунан “Манас”деген аталышты алып салса, элдин жүрөгүн сууруп алган менен барабар болор эле.
Ушул таризден улам караганда “Манас тарыхый эпосу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бекеринен иштелип чыгып кабыл алынбаган чыгар. Ал жерде маданий мурасыбызды коргоо, сактоо жана муундан-муунга жайылтуу тууралуу укуктук ченемдер каралган.
“Манас” кайсы гана доор болбосун, келечек муунду руханий жактан тарбиялоодо негизги орунда турат. Руханий маданий дүйнөнү өстүрүү кесиптин кайсы түрү болбосун зарыл. Кылымдар бою жок болуп кетпей далай кыргын — сүргүн замандардан бери аман сакталып келген кыргыздын ар бир жараны биринчи иретте, адам катары, руханий азык менен калыптанышы керек. Эгерде адам өз тилин, маданиятын, өткөн тарыхын билбесе, келечекке жол чаба алышы күмөн.
“Манас” күнүбүз куттуу болсун, элибиздин туусу бийик болсун, бирге бололу, бирге алгалайлы замандаштар!
Жылдыз Орозобекова,
филология илимдеринин доктору, манас таануучу,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Комментарийлер