МАМЫТОВ БИЗНЕСТИ ЖАНА ИШКЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ

  • 27.11.2020
  • 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Төрага Талант Мамытовдун жетекчилиги менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.  

Төрага Талант Мамытов ата мекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн инновациялык ыкмаларды пайдалануу аркылуу өлкөнү алдыга жылдыруу зарылчылыгын белгилеп: «Чындыгында көптөгөн мекендештерибиздин экономиканын негизги секторлорун өнүктүрүүгө багытталган алгылыктуу бизнес идеялары жана жакшы программалары бар. Бирок, тилекке каршы келечектүү долбоорлорго карата мамлекет тарабынан зарыл болгон колдоо көрсөтүлбөйт. Аталган көйгөйдү чечүү максатында мамлекетти өнүктүрүүгө арналган  долбоорлорду талкуулоо үчүн ушул аянтчаны пайдаланууну сунуштайм», — деди.

МАМЫТОВ БИЗНЕСТИ ЖАНА ИШКЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ

Талкуу маалында бир катар маселелер каралып, анын ичинен Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорунун учурдагы абалы жана аны ишке ашыруу варианттары тууралуу сөз болду.

Улуттук энергохолдингдин башчысы Нурбек Козубековдун айтымында аталган долбоор аркылуу 1860 МВт кубаттуулуктагы гидроэнергетикалык станцияны ишке киргизүүгө жана 5,64 млрд кВт/саат электр энергиясын алууга шарт түзүлүп, ички муктаждыкты канаттандыруу менен бул системадагы оорчулуктарды азайтууга өбөлгө түзүлөт. Ошондой эле CASA-1000 долбоору боюнча Кыргызстандын алган милдеттемелерин жеткиликтүү аткарууга мүмкүнчүлүк берилет. Андан сырткары, суу-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалууга көмөкчү болот.

МАМЫТОВ БИЗНЕСТИ ЖАНА ИШКЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ

Муну менен катар жыйында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү долбоору тартууланып, өлкөбүздүн бул жааттагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тууралуу «Кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүү ассоциациясы» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Сыргак Кенжебаев маалымат берди.

Анын айтымында дыйкандар органикалык жер иштетүү ыкмасына өтүп, таза азыктарды өндүрсө бир гектар жерден бир миллион сомдон ашык каражат табуусуна шарт түзүлөт.

Ал эми аталган бирикменин өкүлү Мээр Куменова «Кыргыз Почтасын» жаңылоо, электрондук соода байланышын өнүктүрүү» аталышындагы долбоорун сунуштады. Анда электрондук соода боюнча дүйнөлүк базарга заманбап жаңыланган «Кыргыз Почтасы» ишканасын алып чыгуу менен Кыргызстандын географиялык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу почталык-курьердик ташып-жеткирүү ишин өнүктүрүү тууралуу айтылды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акуналы Досалиев айыл жергесиндеги жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн «Таш жол» долбоорун тааныштырды. Мурдагы депутаттын айтымында аталган долбоор 2014-жылы Ала-Бука районунда «Жалалабад АБЗ» АКсы тарабынан ишке ашырылган. «Таш жолдорду куруу асфальттык-бетон жолдорун салуудан 55%га арзан түшөт. Экологиялык жактан да пайдалуу жана көпкө чейин колдонулат. Эң башкысы таш материалдары өлкөбүздүн ар бир аймагында бар», — деди Акуналы Досалиев.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин отурумунун жыйынтыгында бардык долбоорлор тууралуу сунуштар жана пикирлер айтылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер