Мамлекеттин менчигине кайтарылган № 59 “БАЛАСТАН” бала бакчасынын оңдоо иштери аяктады
- 11.09.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттин балансына кайтарылган № 59 “Баластан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Бишкек шаарынын Чыгыш-5 микрорайонунда жайгашкан бул мекеме мурда ачык акционердик коомдун бала бакчасы болгон. Кийинчерээк мыйзамсыз сатып алуулардын негизинде, имараттын бир бөлүгү эс алуу борбору, экинчи бөлүгү спорт зал катары колдонулуп келген.
2024-жылы өлкө башчынын жана УКМКнын тийиштүү аракеттеринин негизинде мамлекеттин менчигине кайтарылган. Мектепке чейинки билим берүү мекемесин кайрадан калыптандыруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө “Баластан” бала бакчасынын капиталдык оңдоо иштери аяктады. Ал 600 балага ылайыкташтырылган. Билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Аталган бала бакчада спорт залы, оюн бөлмөлөлөрү, уктоочу бөлмө, ашкана, мадициналык кабинет, таябиячынын, методисттин бөлмөсү, ыр жана музыка залы бар. Ошондой эле STEAM – билим берүү кабинети да ачылды.
Комментарийлер