МАМЛЕКЕТТИК ЖАҢЫ СТАНДАРТТЫН МУРУНКУДАН КАНДАЙ АЙЫРМАСЫ БАР?

  • 14.02.2025
  • 0

14-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин коллегия жыйынында каралып, колдоо тапкан жаңы Мамлекеттик стандарттын долбоору тууралуу урунттуу фактыларды келтирсек.

МАМЛЕКЕТТИК ЖАҢЫ СТАНДАРТТЫН МУРУНКУДАН КАНДАЙ АЙЫРМАСЫ БАР?

Коомчулуктун талкуусуна сунушталып жаткан бул маанилүү мамлекеттик документте эң биринчиден билим берүүнүн парадигмасы өзгөрдү. Мындан ары окутуунун реалдуу натыйжалары окуучуга берилген билимдин көлөмү менен эмес, ошол билимди окуучунун стандарттуу эмес кырдаалдарда колдонуу жөндөмдүүлүгү менен өлчөнөт. Компетенттүүлүк мамиле — бул билим берүү процессинин концептуалдык негизи, ал окуучулардын жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө ийгиликтүү аракеттенүүсүн камсыз кылуучу компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган.

Эски Мамстандартта 3 негизги компетенттүүлүк: маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чечүү каралса, жаңы Мамстандарттын долбоорунда  таанып-билүүчүлүк-ишмердүүлүк блогунда: сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүү, функционалдык сабаттуулук, экологиялык сабаттуулук; эмоционалдык-инсандык блогунда өзүн-өзү жөнгө салуу, ден соолук маданияты,  эмоционалдык жыргалчылык/ эмоционалдык интеллект, маалыматтык-санариптик блокто санариптик сабаттуулук, маалыматтык сабаттуулук; социалдык-коммуникативдик блокто кызматташтык, коммуникация, көп түрдүүлүктү кабыл алуу компетенттүүлүктөрү  сунушталып жатат.
Мамстандарттын долбоорунун дагы бир өзгөчөлүгү: ал табигый-илимий жана математикалык багыттагы предметтердин ролун жогорулатууну, окуучуларда табият менен таттуу мамиледе жашоо көндүмдөрүн калыптандырууну, аларды улуттук нарктын мыкты үлгүлөрүндө тарбиялоону, ошондой эле жогорку класстарда профилдик окутууну киргизүүнү көздөйт.
Ошондой эле сунушталып жаткан Мамстандарттын долбоорунда окутуунун натыйжаларын пландаштырууда жана окуудагы жетишкендиктерди баалоодо эске алынышы зарыл болгон негизги жана предметтик компетенттүүлүктүн калыптанышынын репродуктивдик, продуктивдик жана креативдик деңгээли белгиленет.
«Окутуунун ар бир баскычында окуучулар билим берүү шарттарын эске алуу менен курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болушат» деп айтылат аталган долбоордо.
Мындан тышкары, сунушталып жаткан Мамстандарттын долбоорунда жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планы — милдеттүү предметтердин тизмеси, аларды окутуунун ырааттуулугу, окуу жүктөмүнүн көлөмү так көрсөтүлгөн.
Мамстанддарттын долбооруна ылайык 12 жылдык ченемдин мөөнөтү 3 деңгээлден турат: — башталгыч жалпы билим берүү: 1-6-класстар (алты жыл); — жалпы негизги билим берүү: 7-9-класстар (үч жыл); — жалпы орто билим берүү: 10-12-класстар (үч жыл).
Жаңы Мамлекеттик стандарт төмөнкүдөй билим берүүнүн: 1) филологиялык; 2) социалдык; 3) математикалык; 4) табигый-илимий, 5) искусство жана технологиялар; 6) ден соолук маданияты чөйрөлөрүнө бөлүнүп берилген жана ар бири базистик окуу планында бекитилген предметтерден турат.
Баалоо системасына келсек, сунушталып жаткан долбоордо окуучулардын окуудагы жеке жетишкендиктерин жана прогрессин өлчөө үчүн класста баалоонун үч түрү:; диагностикалык, калыптандыруучу жана суммативдик баалоо колдонулат деп айтылат. Андан ары окутуунун денгээлдери боюнча баалоонун өзгөчөлүктөрү так жана даана берилген.
Ошентип, дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып, улуттук баалуулуктарга таянып түзүлгөн бул документ кандай жазылганын алдыдагы коомдук талкуулар дагы ачыктайт деген ойдобуз.

А.АЛИБЕКОВ,  «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер