МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНДАГЫ МАДАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН АСПЕКТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 04.12.2024
  • 0

3-декабрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде “Жаңы мамлекеттик билим берүү стандартындагы маданий өнүгүүнүн аспекттери” аттуу тегерек стол өттү.

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНДАГЫ МАДАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН АСПЕКТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Иш-чарага  маданият ишмерлери жана искусство таануу, кино, театр жана музыка жаатындагы эксперттер катышты.

Министрдин орун басары Лира Самыкбаева  мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары тууралуу маалымат берди.

“Орто билим берүү боюнча мамлекеттик стандарт иштелип чыккандан кийин предметтик стандарттар иштелип чыгат. Буга чейинки стандарт өтө чоң жана түшүнүүгө оор болгон. Министрдин тапшырмасы менен мамлекеттик билим берүү стандарты кыргыз тилинде иштелип жатат, ал абдан жөнөкөй тил менен ар бир мугалим, ар бир ата-эне үчүн түшүнүктүү болуп жазылууда”, – деди Л. Самыкбаева.

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНДАГЫ МАДАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН АСПЕКТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Министрдин орун басары Надира Джусупбекова катышуучуларга мамлекеттик билим берүү стандартын азыр оңдоп-түзөөгө жана жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов  катышуучуларга жалпы орто билим берүү мамлекеттик стандартынын долбоору менен  тааныштырды.

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНДАГЫ МАДАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН АСПЕКТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

М. Абдраев атындагы Музыкалык мектеп-интернаттын директору Разия Сырдыбаева стандарт башынан кыргызча ой жүгүртүү, кыргызча ойлонуу менен жазылганы жакканын айтып, буларга токтолду: “Тилекке каршы, муну качан эле жасаш керек болчу. Себеп дегенде буга чейинки мисалдарды карап көрсөк, англис тилинен алып, орусча ойлонуп, анан кыргыз тилине которулчу. Биз Кыргызстанда жашап, Кыргызстандын балдарына билим бере турган болсок, албетте, кыргызча жазганыбыз өтө маанилүү. Буга чейинки коомдо айтылып келген көйгөйлөрдүн көбүн камтып, чечкенге аракет жасалганы байкалып турат”.

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНДАГЫ МАДАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН АСПЕКТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Белгилей кетсек, тегерек столдун максаты маселелерди ар тараптуу талкуулоо жана жаңы мамлекеттик стандартта маданий өнүгүү боюнча сунуштарды камтуу болгон.

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНДАГЫ МАДАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН АСПЕКТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер