“Мамлекеттүүлүк жана улуттун руханий-интеллектуалдык калыптанышы” форуму

  • 14.11.2024
  • 0
Форум Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35, Улуттук жазуучулар союзунун уюшулгандыгынын 90 жана ошондой эле  кыргыз адабиятынын залкар өкүлдөрү Барпы акындын 140, Аалы Токомбаевдин 120, Зуура Сооронбаеванын 100, Дооронбек Садырбаевдин 85 жылдыгына арналган.

“Мамлекеттүүлүк жана улуттун руханий-интеллектуалдык калыптанышы” аттуу илимий чыгармачыл форум Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болуп өттү. 

“Мамлекеттүүлүк жана улуттун руханий-интеллектуалдык калыптанышы”  форуму
Аталган форумдун расмий ачылышында Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректораты, КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиянын Ош облусу боюнча жетекчилиги, Улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмүнүн төрайымы жана Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы куттуктоо сөзгө чыгышты.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына, азыркы кыргыз мамлекетинин түптөлүшү үчүн башын баталгага коюп, жеке кызыкчылыктан өлкөнүкүн жогору койгон кыргыз элинин алгачкы интеллегенциясына арналган баяндамалар окулду.
“Мамлекеттүүлүк жана улуттун руханий-интеллектуалдык калыптанышы”  форуму
Улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдыгына, жез таңдай акын Барпынын 140, Аалы Токомбаевдин 120, кыргыз аялдарынан чыккан белгилүү жазуучу Зуура Сооронбаеванын 100 жылдыгына жана Жогорку кеңештин бир канча чакырылышынын кашкөй депутаты, белгилүү кино режиссер Дооронбек Садырбаевдин 85 жылдыгына арналган видео тасма көрсөтүлдү.
Салтанаттуу жыйынды чыгармачыл жаштар тарабынан даярдалган концерт жыйынтыктады. Иш чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, адабиятчылар катышты.
Бөлүшүү

Комментарийлер