«МААРИФ» ФОНДУ  МЕКТЕПТЕРИНЕ 2,5 МЛН ДОЛЛАРЛЫК ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТАТ

  • 17.01.2025
  • 0

"МААРИФ" ФОНДУ  МЕКТЕПТЕРИНЕ 2,5 МЛН ДОЛЛАРЛЫК ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТАТ

16-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен “Маариф” эл аралык фондунун өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алакаларды арттыруу, анын ичинен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жолугушууда Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясына таандык учактардын Кыргызстан менен байланыштырган каттамдарындагы тейлөөдө кыргыз тили да колдонулушу керектигин белгилеп, бул жүргүнчүлөр үчүн кошумча ыңгайлуулук жаратарын жүйө келтирди.   Элчи Ахмет Садык Доган аталган маселе боюнча тийиштүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн убада кылды.

Жолугушууда  “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүлгөн “Сапат” билим берүү мекемелеринин иши тууралуу да айтылды.

Төраганын орун басары аталган жаңылануу билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизбеши керектигин белгилеп: “Беш жылдан бери Кыргызстанда  иш жүргүзүп келе жаткан “Маариф” эл аралык фонду улуттук да, эл аралык да талаптарга жооп берген стандарттарды пайдалануу менен өздөрүнө өткөрүлүп берилген мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди.

"МААРИФ" ФОНДУ  МЕКТЕПТЕРИНЕ 2,5 МЛН ДОЛЛАРЛЫК ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТАТ

“Маариф” эл аралык фондунун өкүлдөрү болсо мектептердеги абал боюнча кеңири маалымат беришип, окуулар үзгүлтүккө учурабагандыгын, кадрларга, окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, ошондой эле утурумдук айрым көйгөйлөрдү чечүү максатында кыска убакыт аралыгында 2,5 млн долларлык инвестиция тартыларын маалымдашты. Буга кошумча мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, имараттарын жаңылоо жана билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында дагы ири каржылык колдоо көрсөтүлөрү айтылып, чет өлкөлөрдөн да мыкты мугалимдер тартылары кошумчаланды.

Маалымат үчүн айта кетсек, Түркиянын өкмөтүнө таандык “Маариф” эл аралык фонду дүйнөнүн 55 мамлекетинде иш жүргүзүп, жалпы 112 өлкө менен билим берүү жаатында тыгыз иш алып барып келет. Кыргызстанда аталган фонд тарабынан алгачкы мектеп 2016-жылы ачылган.

(М.К.)

Бөлүшүү

Комментарийлер